Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Бостери: аллея ордуна автоунаа токтойт


Бостери айылындагы бак кыйгандар.
Бостери айылындагы бак кыйгандар.

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Леонид Раппопорт атындагы аллея кыйылууда. Жергиликтүү бийлик өткөн кылымдын 30-жылдары тигилген бул аллея ордуна сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюндарына” ылайыкталган автоунаа токтоочу жай куруларын айтууда.

Бостери айыл өкмөтү менен Чолпон-Атанын ортосундагы теректер сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюнуна” карата кыйылууда. Айыл өкмөтү Тимур Айылчиев муну мындайча түшүндүрдү:

- Бактын тигилгенине 80 жыл болуптур. Көбү картайып, тамыры бошоп калды. Биринчиден, бул кооптуу. Экинчиден, “Көчмөндөр оюну” өткөнү жатат. Ага даярдык көрүп жатабыз. Айлана чөйрөнү коргоо департаменти 178 бакты кыйганга уруксат берди.

Ысык-Көл, Тоң жана Түп районунун Экологиялык-техникалык инспекциясынын башчысы Таалайбек Карасартов болсо аллеядагы дарактардын куурап калгандары гана кыйылат деп ишендирүүдө:

- Тамчы айыл өкмөтүнө караштуу жол боюндагы куураган бактарды кыюу керектиги тууралуу кат жазганбыз. Баары мыйзам чегинде ишке ашууда. Раппопорт аллеясы акыркы убакта өтө кооптуу болуп жатат, катуу шамалда кулап түшөт экен. Биз ошол кооптуу дегендерин гана кыйдырып жатабыз.

Анткен менен кыйылган бактардын көбүнүн ортолору таза экени бир караган көзгө дароо урунат. Бостери айыл башчысы Тимур Айылчиев муну дүйнөлүк “Көчмөндөр оюндарына” даярдык деп айтты:

- “Көчмөндөр оюндарына” генералдык план иштелип чыккан. Бактын ордуна автоунааларды токтотууга ылайыкташкан орун даярдалууда. Бул иш борбордук жолго тоскоолдук жаратпашы үчүн жасалууда.Кыйылган бактарды Бостери айыл өкмөтүндө жашаган жакыр үй-бүлөлөргө жана ардагерлерге отун катары таратып беребиз.

Бирок жергиликтүү бийликтин бул аракети коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Бактардын кыйылуусуна жергиликтүү тургун Эрлан Канатбеков да каршы экенин билдирди:

- Бул жер эл арасында "Сүйүү аллеясы" деген атка конгон. Сүйүшкөндөр үйлөнгөндө, жигит жубайын көтөрүп, аллеянын башынан аягына чейин көтөрүп басат. Ушинтсе үй-бүлөсү бекем болот деген түшүнүк калыптанган. Эми бакты эмнеге кыйып жатышат, түшүнө албай турам...

Аллеядагы бактар 1926-жылы тигилген. Бул жерге Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG