Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Кыргызстанды өнүктүрүү татаал деле эмес


Ош базары, Бишкек шаары. 2021-жылдын июлу. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош базары, Бишкек шаары. 2021-жылдын июлу. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Роза Амандан келген материалды сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду.

Эгемендикти эмне бекемдейт? Бул таамай айтылган суроо ойго, санаага салды. Бул суроонун жообун табуу үчүн далай жолу ойлонуп, жоопторун табууга аракеттендим. Балким, буга ар бир адамдын түшүнүгүнө, кабыл алуусуна жана зээнине жараша жооп берилеби деп ойлоп да кетем. Мамлекетибиздин жараны катары мен да өз оюмду айтып көрүүнү эп көрдүм.

Өлкөдө бардык тармакта абал оор. Отуз жылдан бери жаңы тамтуң баскан бала сымал эле келе жатабыз. Ошентсе да келечек азыр жасай турган иштерибизге жараша эмеспи. Мындан улам катардагы тарыхчы болуу менен эгемендикти бекемдөөдө өтмүштөгү дүйнөлүк тажрыйбалардан сабак алуу керек деп ойлойм. Ошондуктан тарыхта биз сымал оор абалдардан чыгып кеткен мамлекеттердин басып өткөн жолунан сабак алуу керек. Ага өтө эски тарыхка кылчайбай кечээ жакынкы болуп өткөн тажрыйбаларды үйрөнүп, аны өздөштүрүүбүз зарыл.

Эгемендикти эмне бекемдейт? Эгемендигибизди “заманга бап инсан” бекемдейт. Ал инсан өз кесибинин мыкты адиси болуудан сырткары маалыматтуу, билимдүү, чынчыл, адилет, эмгекчил жана мекенчил болушу шарт. Ал үчүн бардык сферада, тармакта реформага муктажбыз. Анын арасында биринчи кезекте билим берүү сферасында реформа жасалуусу шарт. Анткени баарынын аягы барып билимге такалат. Негизгиси үйрөнүүгө, жакшы жактарды өздөштүрүүгө ачык болуу абзел.

Ар бир өнүккөн мамлекеттин басып өткөн жолунан сабак алса болот. Алардын бири - Жапония. Анын өнүгө башташы XIX кылымга туура келет. Ал “Мэйдзи доору” деп аталат. Мэйдзи айланасына билимдүү адамдарды топтогон. Алардын кеңеши менен реформаларды жүргүзгөн. Бүгүнкү Жапониянын өнүгүшүнүн башаты ошол мезгилге барып такалат. Император болгону беш пункттан турган планын түзгөн.

1.Өкмөттүн ар бир кылган иши кеңеш менен жасалат.
2. Мындан кийин кол тийбестик макамы алынып ташталат.
3. Мамлекет бардык атуулдарынын кызыкчылыгын коргойт.
4. Замандын талабына туура келбеген каада-салттардан баш тартуу.
5. Билим - негизги күч. Дүйнөнүн төрт тарабынан билим алуу.

Билим - жаңы императордук башкаруучунун символу болушу керек делген. Жогоруда саналган пункттар бийликтин бардык бутактарында колдонулган.

Илим-тажрыйба алмашуу экспедициялары дүйнөнүн төрт бурчуна уюштурулуп, Орусия, Голландия, Франция, Англия, АКШга барышкан. Алардын мамлекеттик түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү жана бири-бири менен байланыштарын дыкат талдашкан. 1871-1872-жылдары жапон студенттери да мамлекеттик делегация менен кошо барышкан. Алар иш сапарлардан абдан таасирленүү менен кайтышкан. Жапония жакшы жашашы үчүн эмне кылыш керектигин ойлой башташкан. Биринчи кезекте мамлекетти борбордоштуруу зарыл экендигин түшүнүшүп ишке ашырышкан.

1. Реформаларды борбордошуунун негизинде жүргүзүшкөн.
2. Заманга бап абалга келүүнү максат кылышкан.
Биз да бир кылым мурун Жапониянын жасаган иштеринен керектүүсүн алып, өлкөнү өнүктүрүүгө аракет кылсак кантет?
Экинчи сабак алууга мүмкүн болгон өлкө - Сингапур. Кыска убакыттын ичинде өнүгүп келе жаткан чыгыш мамлекеттеринин бири. Аталган өлкөдө жүргүзүлгөн реформа жана иш-аракеттер туурасында сиздер менен бөлүшкүм келди. Баарыбызга маалым болгондой Сингапур тарыхта Кытай, Жапония, Англия, Малайзия мамлекеттерине баш ийип турган. Локалдык жактан алып караганда кен байлыктарга абдан жарды.

1965-жылы өз алдынчалыгын алган жана толук көз каранды эместигин жарыялаган. Ал учурда көз каранды эместигин жарыялап майрамдап жаткан чакта кең байлык түгүл, ичээрге таза суулары болгон эмес. Дал ушул чакта жогорку билимдүү Ли Куан Ю элди оор абалдан сууруп чыккан. Батыштын билимин жана индустриясын өзүнүн мамлекетине, элине ылайыкташтырып колдоно башташкан. Мамлекетти санариптештирген.

Коррупцияны кыскартуу жана толугу менен жок кылууда өзүнүн туугандарынан, досторунан да паракорчулукка малынгандарды катуу жазалаган. Ли Куан Ю мамлекеттин заманбап мамлекеттердин катарына кирүүсүндө чоң роль ойногон. Реформанын эң башын коррупциядан кутулуу, ага каршы күрөшүү менен баштаган. Коррупцияга каршы күрөштө биринчи кезекте ага чара көрүү жолу катары маянаны жогорулаткан. Дос, тууганчылык деген түшүнүктү жок кылган.

Мамлекетте бекем тартипти орноткон. Мындан сырткары ал да билимге басым жасаган. Студенттердин билим алуусунда бардык шарттарды түзүп берген. Асыресе табигый билимге басым жасап, ачылыштарды практика түрүндө жасоого шарт түзгөн. Мамлекетке инвесторлорду тарткан. Дүйнөнүн бардык инвесторлоруна эшикти ачык койгон.

Билим берүүнү модернизациялаган. Окуучуларга, студенттерге билим берүү үчүн чет өлкөдөн адистер чакырыла баштаган. Сингапур кыска убакыттын ичинде таза, кылмыштууулугу аз өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулган. Мындай көрүнүштү биздин мамлекетте да жасаса болот. Сингапурда бир эле адам жашоону укмуштуудай өзгөрткөн сымал биз да өзгөртө алабыз. Ал үчүн коррупцияны жок кылып, реформаны биринчи кезекте билим берүүдөн баштоо зарыл.

Үчүнчү мисал - Осмон мамлекетинин мурасчысы Түркия. Бул мамлекеттин заманга бап абалга келишинде анын түптөөчүсү Ататүрктүн алган орду чоң болгон. Ал курган мамлекетинин өмүр бою тарых сахнасында калышында аны келечектин ээлери - жаштарга аманат катары таштап кеткен. Анын жаштарга берген насаатында эч кандай курал-жарак же болбосо аскердик абал маанилүү эмес, эң негизгиси улуттук күч, мекенге болгон патриоттук сезим-баарынан күчтүү экенин таамай айтып өткөн. Ал көптөгөн сферада реформаларды жүргүзгөн. Андагы максат - заманга бап мамлекетке айлануу болгон. Ал үчүн билимге өзгөчө маани берген. Асыресе келечектин ээлерин тарбиялай турган энелер билимдүү болушу шарт деген. Антпесе эркек билимдүү болуп, аял экинчи планда калса анда бир адамдын тулку боюнун жарымы жараксыз калган сымал абал менен салыштырган. Мындан улам эмансипацияга өзгөчө көңүл бурган.

Жогорудагы үч мисал тең мамлекеттин түзүлүшүн бекемдөөдө реформаларга муктаж экенибизге өрнөк. Эң алгач билим берүү сферасында реформа жасалып, жалпы коомчулуктун заманга бап инсан болушу үчүн аракет жасоо учурдун талабы. Антпесе бир ууч элди ар кандай түшүнүктөр менен сепаратизмге алып барган факторлор огеле көп. Мындан улам ар бир атуулдун заманыбызга бап инсан болуусунда жалпы коомчулукка маалымат жеткирүү жана билимде реформа жүргүзүү замандын талабы.

Ли Куан Ю, Ататүрк, Муцихито сымал мамлекеттик кызматкер чыкса, чакан эли, жери бар Кыргызстанды өзгөртүү өтө татаал деле иш эмес. Жалпы калкты келечектеги мыкты мамлекеттин атуулу болушу үчүн маалымат менен сугаруу жана мамлекеттик деңгээлде реформаларды жүргүзүү аркылуу мыкты мамлекет жана мыкты жашоого эгедер болорубузда шек жок. Ал үчүн заманга бап инсандардан түзүлгөн, ар бир сферада реформалар жасалып, алдыга жылган келечектин мыкты мамлекети - Кыргызстанды куруу эртеңдин иши! Эң негизгиси так максат аркылуу, ошого карай талпынуу менен ишке ашырууга болоруна толук ишенем.

Роза Аман

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG