Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Өкмөт "Мегакомду" сатуу баасын дагы арзандатты


Өкмөт 7-мартта "Мегаком" деген бренд менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясын үчүнчү жолу сатыкка чыгарарын жарыялады. Бул жолу өлкөдөгү ири уюлдук компаниянын баасы баштапкы наркынан 25 пайызга арзандатылды.

Өкмөттүн чечими

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун айтымында, мындай чечимди "Мегаком" боюнча түзүлгөн атайын комиссия кабыл алды:

- Мыйзамдын чегинде "Альфа Телекомду" кайра баалап чыгуу чечими кабыл алынган. Бул боюнча комиссиянын курамында Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардын мүчөлөрү, жарандык коом өкүлдөрү, биздин фонддун Коомдук кеңешинин мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери бар. Компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталып, аукционго чыгарылмай болду. 3-июнда каалоочулар болсо, сатылат деп ойлоп жатабыз.

Казаков маалымдагандай, "Альфа Телекомду" сатуу боюнча конкурс 3-мартта жарыяланды. Анын жыйынтыгы үч айдан соң чыгарылат. "Альфа Телеком" алгач жолу 2015-жылы сатыкка чыгарылган. Ал учурда мобилдик оператордун баасын бычууга атайын компания жалданып, наркы 19,7 миллиард сом деп аныкталган.

Бирок анда кардар чыкпай койгондуктан, өкмөт уюлдук ишкананын баасын экинчи жолу сатыкка чыгарганда 14 млрд 255 млн сомго чейин төмөндөткөн. Бул жолу да сатып алууну каалагандар чыккан эмес. Мындан улам Мүлк фонду "Альфа Телекомду" көз карандысыз баалоочу компания сунуштаган эң төмөнкү баага сатууга макул болгонун Болсунбек Казаков кошумчалады:

- 2015-жылы баалоо учурунда "Альфа Телекомдун" баасын 13 миллиард сомдон 19 миллиард сомго чейин турат деп аныкталган. Ал учурда комиссиянын чечими менен эң жогорку баа 19 миллиард сом тандалып алынган эле. Бирок эки аукцион өттү, сатып алууну каалагандар чыкпай койду. Ошондуктан азыркы баа аныкталды.

Болсунбек Казаков.
Болсунбек Казаков.

Бийлик өкүлдөрү Түркия, Кытай жана Түштүк Кореяда "Альфа Телекомду" сатып алууга кызыккан компаниялар бар деп ишендиришүүдө.

Инвестор чочулаган жагдайлар

Мамлекетке караштуу ишканалардын ичинен эң кирешелүү саналган компанияга кардар чыкпай жатканын адистер бир нече себеп менен түшүндүрүшөт. Анын негизгиси компания аралашкан чырлар. Ошондон улам инвесторлор ага акча салууга батынбай жатат деген пикир айтылып келет.

Апрел ыңкылабынан соң улутташтырылган "Альфа Телеком" боюнча мурдагы кожоюндары бир нече жолу маселе көтөрүп, сотторго арызданышкан. Ишканада коррупциялык жаңжал да чыгып, бир нече жетекчилери камакка алынган эле.

Буга кошумча мобилдик оператордун айланасындагы чырлар саясатчылар ортосунда кеңири колдонулуп, айыптоолордун аягы тыйылбай келет.

Мындай шартта компанияны сатуу машакаттуу болорун Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек белгилейт:

- Бул жерде маселе баада эле эмес. Андан сырткары толгон-токой саясий жана экономикалык шек туудурган жагдайлар бар. Биз компания сатылган соң туруктуу иштеп кете алабы деген суроого кепилдик бере албай жатабыз. Мындай кырдаал "Мегакомго" эле эмес, бардык инвестициялык долбоорлорго тиешелүү. Эртең сатып алгандан кийин соттошуулар болбойбу, биздин саясий күчтөр аралашпайбы деген суроолорго эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан инвесторлор акча салбай жатат.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Руслан Акматбектин айтымында, өкмөттүн стратегиялык объекттерди сатуу боюнча дээрлик бардык аракетинен түзүк майнап чыкпай келет. Мындан улам ишкер эл аралык консалтинг компанияларды тартуу зарылдыгын сунуштоодо.

Ал эми Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институттун мурдагы директору Талант Султанов дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөр таасирин тийгизип жатат деген пикирде:

- Инвестор тартуу Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө да кыйын болуп турат. Себеби "Альфа Телеком" сыяктуу компанияга бир топ акча салыш керек. Андай каражаты бар инвесторду табуу деле өзү кыйын. Буга кошумча азыр интернеттин мааниси өсүп жатат. Телекоммуникация тармагындагы мындай тенденциялар да өз таасирин тийгизип жатат деген ойдомун.

Өкмөткө "Мегакомдун" акчасы керек

Ал эми өкмөт кандай болсо да "Альфа Телекомду" сатуунун аргасын издеп жатат. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бул маселеге кайрылып, Мүлк фондунун ишин сынга алган.

Бюджеттеги тартыштык күчөп, карыздар көбөйгөн шартта бийлик уюлдук компанияны сатуудан түшкөн каражатты социалдык долбоорлорду жумшарын айтып келет.

Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов компаниянын сатылышы маанилүү экенин айтууда:

- Убакыт өткөн сайын "Альфа Телеком" өз позициясын жоготуп жатат. Азыркы чыгарылган баада сатылып кетсе мамлекетибиз үчүн пайдалуу болмок. Бир топ курч маселелерди чечүүгө каражат табылмак. Бул жаатта өкмөт бардык аракет көрүп жатат. Ошондуктан бул иштен майнап чыгат деген үмүттө турабыз.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.

2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG