Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Ливия: козголоңчулар Триполиге жакындоодо


Козголоңчулар Завия шаарында жүрүшөт. 14-август, 2011-жыл.
Козголоңчулар Завия шаарында жүрүшөт. 14-август, 2011-жыл.

Ливияда Каддафинин бийлигин кулатууга күрөшүп жаткан согушкерлер стратегиялык маанилүү борбор Триполиге жол ачуучу эки шаарга киришти. Каддафи урушту улантууну убада кылды.

Козголоңчулардын ырастоосунда, алардын стратегиялык жактан маанилүү эки шаарга кириши менен Муаммар Каддафи борбор Триполиде камалып калды. Алардын өкүлүнүн айтымында, азыр Триполиден батыш тарапта жайгашкан Сорман жана 80 чакырымдай түштүктөгү Гариан шаарларын толугу менен көзөмөлдөөдө. Ал эми Триполиден 50 чакырымдай батыштагы Завия шаарында уруш жүрүүдө.

Триполи менен Тунистин чек арасынын ортосунда жайгашкан Завия шаарына козголоңчулардын күчтөрү жекшемби күнү киришип, шаардын чоң базарында өз желегин көтөрүшкөн.

Триполинин оозундагы шаарлардын биринен сала экинчисинин козголоңчулардын колуна өтүшүн, биринчиден, алар менен алты айдан бери күрөшүп жаткан Каддафи режиминин күчтөрүнө урулган психологиялык сокку катары кароого болот.

Экинчиден, козголоңчулардын бир нече айдан бери ары же бери болбой турган жарандык согуштагы жетишкендиги катары сыпатталууда. Ишеним пайда болгонбу, азыр козголоңчулардын лидерлери Триполини ушул айдын соңуна чейин багындырабыз деген үмүтүн билдирип жатышат.

Козголоңчулар соңку күндөрү Триполинин кире беришиндеги шаарларды көздөй өлкөнүн батыш бөлүгүнөн, Туниске жакын жайгашкан тоолордон жылышты. Батыш тоолорундагы козголоңчулардын өкүлү Жума Ибрагимдин айтымында, анын согушкерлери Триполиге батыштан жана түштүктөн келүүчү кан жолдорду камалоого жакындап калды. Бул жолдор борборго тамак-аш, күйүүчү май жана курал-жарак жеткирүү үчүн маанилүү.

Козголоңчулар Триполиге жакындагандан бери полковник Муаммар Каддафи да үн катты. Мамлекеттик сыналгыдан уктурулган кайрылуусунда колдоочуларын Ливияны ал “саткынчылар” деп атагандардан бошотууга чакырды:

Каддафи жактоочулары алдына чыккан учурда. 10-апрель, 2011-жыл.
- Ливия эли кала берет, Фатех ыңкылабы (1969-жылы Каддафини бийликке алып келген) кала берет. Алдыга жылгыла, кол салгыла, курал алып, Ливияны НАТО жана саткынчылардан сантиметр, сантиметрлеп бошотуу менен урушка киргиле.

Каддафинин бул кайрылуусу сыналгыдан кайсыл жерден тартылганын күбөлөндүргөн тасмасы жок берилгенине, телефон байланыш аркылуу жаздырылгандай таасир калтырганын эске алганда анын изоляциялануусу күчөгөндөй.

“Рейтер” маалымат агенттиги ушул жекшемби күнү Каддафинин өкүлдөрүнө шилтеме жасап, алар коңшу Тунистин Жерба аралындагы мейманканада козголоңчулар менен сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлаган.

Бирок Каддафи өкмөтүнүн басма сөз катчысы Муса Ибрагим бул маалыматты атайын таратылган ушак катары сыпаттап, бул үчүн Батыштын лидерлерин жана маалымат каражаттарын айыптады.

“Бул бизге каршы маалымат согушунун бир бөлүгү. Анын максаты бизди чаташтырып, духубузду түшүрүп, кайратыбыздан тайдыруу. Лидер Ливияда, биздин өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшүүдө. Ал Ливиядан кетпейт”,- деди Каддафи өкмөтүнүн өкүлү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG