Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Каддафи Эл аралык кылмыш сотуна тартылабы?


Ливиялык көтөрүлүшчү Муаммар Каддафинин "Жашыл китепти" бооруна кысып, Гитлер сыяктуу кол көтөрүп турган карикатурасынын жанынан өтүүдө. Бенгази шаары, 2011-жылдын 16-майы.
Ливиялык көтөрүлүшчү Муаммар Каддафинин "Жашыл китепти" бооруна кысып, Гитлер сыяктуу кол көтөрүп турган карикатурасынын жанынан өтүүдө. Бенгази шаары, 2011-жылдын 16-майы.

Эл аралык кылмыш сотунун баш прокурору Луис Морено-Окампо Ливия лидери Муаммар Каддафинин, анын уулу Сайф ал-Исламдын жана Ливиянын чалгындоо кызматынын башчысы Абдулла ас-Санусинин камакка алынышын жактоодо.

Эл аралык кылмыш сотунун Баш прокурору аталгандар адамзатка каршы кылмыш жасады деп, аларды камоого буйрук берүүгө Эл аралык кылмыш сотунун судьяларын чакырды.

Баш прокурор бул адамдар өкмөткө каршы жыйындарга чыккан тынч жарандарды өлтүргөн, куугунтуктаган, адамзатка каршы кылмыш жасаган деп эсептеп, ага жетиштүү далилдер бар экендигин айтууда.

Эл аралык кылмыш соту жайгашкан Гаагадагы маалымат жыйынында Морено-Окампо тынч жарандарга каршы чабуулга Каддафи өзү буйрук берген деп билдирди:

- Муаммар Каддафи ливиялык карапайым адамдарга каршы чабуул жасоого өзү буйрук бергендигин далилдер көрсөтүп атат. Анын күчтөрү ливиялык жай адамдарга үйлөрүндө жана коомдук жайларда чабуул жасашкан, демонстранттарды нагыз октор менен атып, сөөк коюу ырасымы учурунда оор курал-жарактарды пайдаланган жана куран окуп бүткөндөн кийин мечиттен кайтып бараткандарды өлтүрүү үчүн снайперлерди жайгаштырган.

Баш прокурордун айтымында, мындай аракеттер Ливиянын каддафичил күчтөрү башкарган аймактарда да, тынчтыкты калыбына келтирүү аракетиндеги козголоңчуларга НАТО көмөктөшүп жаткан аймактарда да басымдуулук кылган.

Бийликке акааратчыл тараптар аныкталып, ортого алынып, Триполи шаарындагыдай түрмөлөргө салынып, кыйноолор жүзөгө ашырылып турган.

Морено-Окампонун тактаганына караганда Сайф ал-Ислам менен Ливиянын чалгындоо кызматынын башчысы Абдулла ас-Сануси мындай иштерди биргелешип жүргүзгөн:

- Анын экинчи уулу Сайф ал-Ислам иш жүзүндө премьер-министр болгон, ал эми Каддафинин кайниси ас-Сануси анын оң колу, баш кесери, башкы аскерий чалгынчысы болгон. Ал бир катар чабуулдарды башкарган. Кеңсе аскердик чараны кантип пландап, кантип жүзөгө ашырганын талкуулаган үч жолугушууну каттаган.

Баш прокурор Ливиядагы кылмыштуулукка далилдер жетиштүү деп, адамзатка каршы кылмыш жасагандардын сот алдында жооп беришин камсыздоо үчүн бардык аракеттерди жасаарын билдирди.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн Эл аралык кылмыш соту мүчө мамлекеттерге таянат. Ливия болсо Эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмес.

Эл аралык кылмыш сотунун ишмердигин буга чейин Ливия бийлигинин өкүлдөрү кескин сынга алып, аны африкалык лидерлерди куугунтуктоо максатын көздөгөн батыштын шектүү уюму катары баалаган.

Ливия бийлиги ошондой эле бул уюмду тааныбай тургандыгын билдирген.

Ошол эле мезгилде Британиянын Тышкы иштер министри Уилям Хэйг баш прокурордун демилгесин колдоду.

Министр болсо камакка алуу тууралуу буйрук берүү сунушу Каддафи режимине карата эскертүү экенин айтты.

Тынч атуулдарга кол салгандар жооп бериши, кылмыш жазасыз калбашы керектигин белгилеп, Уилям Хэйг эл аралык кылмыш сотунун бул багыттагы тергөө иштерине колдоо көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG