Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Ливиянын тагдыры Каддафиден кийин эмне болот деген суроо учурда тынчсыздануу жаратып турган кез.

Бул суроону “Азаттык” саясат талдоочу Орозбек Молдалиевге узатты.

- Орозбек мырза, Каддафиден кийин Ливия кантет деген суроо дүйнөлүк саясат талдоочулардын тынчын алууда. Өлкө эми демократия жолуна түшөбү же Ирак сыяктуу диний жиктешүүгө бөлүнүп калабы деген суроолор пайда болууда. Сиз кандай ойлойсуз?

-Араб жазы деп аталып бүт дүйнөгө белгилүү болгон ыңкылаптардан кийин элдин көпчүлүгү ал жактагы маселелерден кийин аймак демократиянын жолуна түшөт деп түшүнүп жүрөт. Бирок мунун артында ар кандай күчтөр бар. Исламисттер бар учурдан пайдаланып калалы деген улутчул күчтөр бар. Ошондуктан, Ливияны кандай тагдыр күтүп турат, кандай жолго түшөт, азыр айтуу кыйын. Ливияны Кыргызстан менен салыштырып кароого да болот, 7-апрелден кийин Кыргызстанда деле оппозициянын демократиялык жолго түшөлү деген умтулуулары болгону менен нагыз демократиянын шартында биз деле жашап көргөн эмеспиз. Ошол үчүн биздин аймак менен салыштырып карагандардын да жүйөөсү бар.

Жакында эле ЖККУнун бейформал саммитинде ушул маселе каралганынын да себеби бар, бул маселеге дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттердин тынчсызданып жатышы да ошондо жатат. Анын үстүнө глобализация, маалыматтык технологиялар өтө өнүккөн шартта булардын да таасири массалык аң-сезимге өтө чоң болуп жатат. Ошондуктан, бул жерде окуялар ар кандай өнүгүп кетиши мүмкүн.

- Дүйнөлүк талдоочулар араб дүйнөсүндөгү козголоңдордон кийин диктаторлордун кетиши менен “ал-Каида” уюму күч алды деп белгилеп жатышат. Алар Египеттен Мубарак кетиши менен Хамас менен бирдикте бул өлкөдөн Израилге чабуул жасалып отурат, эми Каддафинин кетиши менен “ал-Каида” ансайын күч алып, Жакынкы Чыгышта ислам халифаты түзүлүп, соңунда 3-дүйнөлүк согушка алып келүү коркунучу бар деп өтө кооптуу божомолдорду айтып жатышат?..

- Бул тынчсызданууларга негиз бар. Жана мен айткандай ошол исламчыл күчтөрдүн аракети, “ал-Каида” эле эмес, андан башка дагы көптөгөн экстремисттик-террористтик уюмдар кырдаалдан пайдаланып, “баары бир бизге демократиялык жолдон пайда жок, ошондуктан биз нукура диний багыттагы халифат түзүп, адилеттик орнотушубуз керек” деген чакырыктар менен чыгып жаткандар да аз эмес жана аларды бир топ катмарлар колдоого алып жатышат. Ал күчтөр ушундан пайдаланып калгылары келип атышат.

- Каддафинин бийлигин кулатууга аракеттенип жаткан козголоңчуларды бүгүнкү күнү Өткөөл кеңеш башкарып жатат. Ошол Өткөөл кеңеш Ливиядагы бирден бир маселе - уруулар маселесин канчалык деңгээлде пайдалуу чечип, биримдикти канчалык деңгээлде сактап кала алат деп ойлойсуз?

- Ооганстандын мисалында алып карасак деле ал жакта адегенде “ал-Каида” менен талиптердин согуштук күчтөрү жок кылынгандан кийин адегенде эски салттык формаларга таянып, элди бириктирип алып, андан кийин анан демократиялык кадамдар жасалган болчу. Чындыгында 20-30 жылдап башкарган бийликтер жоюлган кезде күчтүү оппозициялык партиялар жок болгонуна байланыштуу легитимдүү бийлик, кийинки өкмөт таяна турган бутак аз калып калат. Ошол үчүн ушундай салттык формаларга кайрылууга туура келет. Биз жогоруда айткан исламчыл идеологияны элдин бардык эле катмары колдой бербейт, анын үстүнө Жакынкы Чыгышта исламчыл күчтөр эмнеге алып келерин эл жакшы билет, ошондуктан, алардын баары эле экстремист-террористтерди колдойт деген чоң жаңылыштык.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG