Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Ливия: Сирт шаарынан эл кетүүдө


Каддафиге каршы күчтөр Сиртти босогосунан ракета менен атышууда.
Каддафиге каршы күчтөр Сиртти босогосунан ракета менен атышууда.

Ливиянын курчоодо турган шаарында гуманитардык кырдаал абдан оордугун Эл аралык Кызыл Чырым уюму билдирүүдө. Өлкөнүн утурумдук бийлиги – Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү Муаммар Каддафинин кичи мекени – Сирт шаарын камалап жатат. Миңдеген адамдар шаардан чыгып кетүүгө аракеттенишүүдө.

Качып жүргөн, бирок кайда экени белгисиз Муаммар Каддафинин кичи мекени Сирт шаары ага жантарткан күчтөрдүн акыркы эки таяныч бекетинин бири. Алардын колунда андан башка борбор Триполинин түштүк-чыгышындагы Бани Валид шаары да бар. Бул эки шаарды тең бири-биринен ажыратуу менен Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү туш тарабынан камалап турат.

Сирт шаарында Каддафиге жантарткан күчтөр бир нече аптадан бери айыгышкан каршылыгын көргөзүп келишет. Улуттук өткөөл кеңештин колбашчыларынын биринин айтымында, бул шаарга толугу менен сокку уруу маселеси азыр күн тартибинде жок, анткени Сиртте али көптөгөн тургундар кала берүүдө.

Ал эми шаардан чыгып кетүүгө умтулган жүздөгөн тургундардын айрымдарынын кабарчыларга айтышканына караганда, Сирттеги гуманитардык кырдаал барган сайын начарлоодо, алар шаардан чыгып кетүү үчүн ок атышуулардагы кыска тыныгууну пайдаланып калышты. Алар ошондой эле Каддафини жакташарын жана бийликтен кулатылган лидерин ачык колдоодон баш тартпай турганын кошумчалады.

Мунун алдында Улуттук өткөөл кеңеш жарандардын шаардан чыгып кетүүсү үчүн 48 саатка ок атышуу токтотуларын жарыялаган. Бул мөөнөт жекшембиде аяктады. Бирок шаардан чыгып бара жаткан тургундаррдын кээ бирлери кабарчыларга алар бул тууралуу билишпегенин жана чын-чынында ок атышуу токтобогондугун айтышты.

Эл аралык Кызыл Чырымдын Сиртке барган кербени.
Бул аралыкта, кабарларга караганда, Сиртте жаракат алгандардын көбү дары-дармектердин жоктугунан каза табышууда. Бул маалыматты шаарда калган дарыгерлер да ырасташып, электр кубатынын жоктугунан бейтаптар атүгүл операция столунда мерт болгон учурлар көптүгүн белгилешти.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин басма сөз катчысы Дибех Фахрдын айтымында, Сирт шаарындагы кырдаал өтө эле оор:

- Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлдөрү Сиртке кыйынчылык менен Мисурата шаары аркылуу кирди. Биз гуманитардык кырдаалды баалоо үчүн шаардын башкы Ибн Сина ооруканасында болдук. Оор шарттарда иштеп жаткан ооруканада Кызыл Чырымдын тобу бир нече саат жүрүштү. Ал жерде дарыгерлер, медициналык аспаптар, кычкылтек куюлган баллондор, а түгүл таза суу да тартыш. Оорукана да, дарыгерлер да жабыр тартууда.

Кызыл Чырым комитетинин маалыматына караганда, Сирт шаарынан соңку күндөрү он миңдей адам чыгып кете алган. Уюмдун Триполидеги кеңсесинин өкүлү Соад Мессудинин "Рейтердин" кабарчысына айтканына караганда, алардын тобу да шаардан коопсуздук жүйөөсүнөн улам кетүүгө аргасыз болду:

- Кызыл Чырымдын адамдары медициналык кызматкерлер менен сүйлөшө алды. Кычкылтек жана башка зарыл нерселердин жетишсиздигин талкууладык. Биздикилер ошондой эле Сиртте азык-түлүккө, сууга, балдардын тамак-ашына муктаж болуп турган жарандардын өкүлдөрү менен да жолукту. Тилекке каршы биз ушуга гана үлгүрө алдык. Анткени биздин топ оорукана ичинде жүргөндө ал сырттан катуу аткыланды. Коопсуздук кырдаалы биздин адамдардын ал жерде калуусуна мүмкүндүк берген жок. Биз аларды мүмкүн болушунча тез чыгарып кетүүнү чечтик.

Муаммар Каддафи бийликтен кулай электе, бирок уруш жүрүп жаткан кезде утурумдук бийликтин таяныч бекети катары кызмат кылган Бенгази шаарына келип кеткен АКШ сенатору Жон МакКейн расмий Вашингтонду Ливияга жаракат алган миңдеген адамдарга жардам берүү үчүн тезинен медициналык көмөк жиберүүгө чакырууда.

МакКейн жекшембиде Си-Би-Эс телеканалындагы маегинде белгилегендей, Улуттук өткөөл кеңештин маалыматтары боюнча, Ливиядагы жарандык согушта 25 миңдей адамдын өмүрү кыйылды,
60 миңдей адам жаракат алса, 3000дей киши мунжу болуп калган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG