Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ливия: ыңкылапчылар Триполиге кирип барышты


Ливиялык ыңкылапчылар Муаммар Каддафинин уулу Сайф ул-Ислам камакка алынганын жекшембиде кечкурун кабарлашты. Каддафинин маалымат министри "оппозиция менен сүйлөшүүгө даярбыз" деп билдирди.


Мурунку түнү Ливиянын борбору Триполиде ар кайсы жерде жардыруу, атышуулар таңга дейре угулуп турду.

Ыңкылапчылар Ливиянын башкалаасы Триполинин үч тарабынан оппозициячыл күчтөр киргизилип, Ал-Жазира телеканалы башкалаа тургундары аларды кубаттап тосуп алып жатканын көргөзүүдө.

Апта ичи козголоңчу күчтөр Триполиден 160 чакырымдай чыгыш тараптагы Злитан шаарын жана башкалаага чукул жердеги Завия шаарын өзүнө каратып алганын кабарлашкан. Ага удаа жекшембиде күндүз деңиз жээгинде жайгашкан маанилүү порт шаары - Брегде Каддафинин армиясы үстөмдүк кылып, оппозициячыл күчтөр артка чегинүүгө аргасыз болгону маалымдалды.

Жекшембиге караган түнү башкалаа Триполиде ок атышуу, жардыруунун үнү түнү бою жаңырып турду. Франс пресс агенттиги жекшембиде таң эртең менен Ливиянын башкы шаарында төрт жерде жардыруу болгонун билдирди.

Аз гана саат мурдараак Триполиде атайын маалымат жыйынын өткөргөн Ливия өкмөтүнүн маалымат министри Муса Ибрагим кан төгүүгө Батыш өлкөлөрү, айрыкча НАТОго мүчө өлкөлөр күнөөлүү деп айыптаган эле.

Ошол эле маалда ливиялык оппозициячыл Улуттук өткөөл кеңешинин өкүлү Абдель Хафиз Гога “чечкиндүүлүк мезгили бышып жетти, Триполиде козголоңчулар баш көтөрдү”, - деп жар салды.

40 жылдан бери Ливияны башкарып келаткан Муаммар Каддафинин бийлигине каршы көтөрүлгөн оппозициячыл козголоңчул күчтөр менен кагылышуулар ушул жылдын февраль айында башталган. Андан берки уруштарда миңдеген кишилер набыт болду, жүз миңдеген адам качкынга айланды.

Соңку бир нече күн ичинде Каддафи менен көп жылдан бери ийиндеш иштешкен бир нече жетекчи башкалалай чет өлкөгө качты.

Алардын арасында 1969-жылы Муаммар Каддафинин бийликти алышына жардам берген Абдель Салам Желлуд Тунис аркылуу Европага өткөнү кабарланды. Андан башка Ливиянын мунай министри Омран Абукраа бейшембиде Италиядан мекенине кайтпай, Туниске өтүп барганы маалымдалды.

Тасма баян.

Ливиялык ыңкылапчылар ордо шаарга кирип келишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00
Түз линк


Ливиялык ыңкылапчылар ордо шаарга кирип келишти

Ливияда бир нече айдан бери Муаммар Каддафинин авторитардык режимине каршы күрөшүп жаткан ыңкылапчылар жекшембиде, 21-августта кечкурун, ордо шаар Триполиге кирип келишти. Айрым өкмөттүк күчтөр, Каддафинин уулу колго түштү. Reuters. 21.8.2011.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG