Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Молдовада Орусиянын маалымат үгүтүнө тыюу салынды


Молдова парламентинин башчысы Андриан Канду. 10.1.2018.
Молдова парламентинин башчысы Андриан Канду. 10.1.2018.

Шаршембиде Молдова парламентинин спикери Андриан Канду жети жаңы министрди дайындоо жана орусиялык “медиа үгүтүнө” тыюу салган мыйзамдарга кол койду. Бир нече күн мурун өлкөнүн Конституциялык соту орусиячыл президент Игорь Додондун айрым бийлик ыйгарымдарын убактылуу токтотуу чечимин чыгарган.

“Медиа үгүтү жөнүндө" мыйзам Молдовада Орусиянын маалымат каражаттары даярдаган жаңылыктарды, аналитикалык жана аскерий маселелерге арналган сыналгы берүүлөрүн көрсөтүүгө тыюу салат.

Мыйзамда чек ара аркылуу сыналгы берүүлөрүн уюштуруу тууралуу европалык келишимге (конвенцияга) кол койо элек мамлекеттерде обого даярдалган жаңылыктык, саясий серептик, аскердик программаларды Молдовада көрсөтүүгө тыюу салуу тууралуу берене бар. Ал эми Орусия болсо бул европалык конвенцияга кол койгон эмес.

Эгерде орусиялык медиа даярдаган берүү маданий жана оюн-зооктук мүнөздө болсо, анда ал Молдовада көгүлтүр экранга тоскоолдуксуз чыгарыла бермекчи. Бул чектөөгө моюн сунбаган тарап 2 миңден 4 миң еврого чейин жазага кириптер болушу ыктымал жана анын берүүнү обого чыгаруу тууралуу лицензиясы токтотулушу ажеп эмес.

Буга чейин президент Игорь Додон эки ирет конституциялык милдетин аткарбай, мыйзамга кол коюудан баш тарткандан кийин 5-январда Конституциялык сот батышчыл өкмөт сунуш кылган долбоорду парламент спикери Андриан Канду же премьер-министр Павел Филип ратификациялай алат деген чечимин чыгарган. Эки саясатчы тең батышчыл маанайдагы “Молдованын демократиялык партиясынын” мүчөлөрү.

2-январда сот өкмөттөгү жаңы министрлерди дайындоо буйругуна да Канду менен Филип кол койо алышаарын чечкен. Додон кызматтарга сунуш кылынган ошол талапкерлер ишти жетиштүү билишпейт жана айрымдары коррупцияга малынган деп эсептеп, мыйзамдагыдан көбүрөөк убакытка маалкатып, аларды бекитпей койгон.

Президент Додон Европа Биримдиги жана Америка Кошмо Штаттары менен жакындашуу саясатын жактаган өкмөт менен бир топ маселелер боюнча тирешип келатат. 10-январда Додон жаңы дайындалган министрлер “легитимдүү эмес” деп комментарийледи. Ошондой эле ал Конституциялык сот Филип өкмөтүнө “демократия жана мыйзам үстөмдүгү принциптерин бузууга жардамдашты”, - деп билдирди.

Ошол эле күнү москвачыл саясий партиялар көчөгө чыгууга жана нааразылык чараларын өткөрүүгө чакырышты.

Орусия бийликтери да Кишинёвдун Евробиримдик жана Вашингтон менен тыгыз байланыштарын жактаган “Молдованын демократиялык партиясы” менен касташып келатат.

Москва шаардык соту шаршембиде партия жетекчиси Влад Плахотнюкка тагылган айыптоолорду күчүндө калтырды. Молдованын батышчыл эң салмактуу саясатчыларынын бири Плахотнюк өткөн жылдын ноябрында орус баш калаасынын Басманный райондук соту тарабынан киши өлтүрүү аракети үчүн сыртынан соттолгон.

Орус бийликтери саясатчы 2012-жылдын март айында банкир Герман Горбунцовго кол салуу аракетинин артында турган деп айыпташууда. Куралчан адам Горбунцовго Лондондо ок чыгарып, бирок ал аман калган. Молдовалык саясатчы маскөөлүк бул доолорду четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG