Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Молдова Европага ыктап, Орусиядан оолактайбы?


Роберта Метсола жана Майя Санду митингге чыккандардын алдында сүйлөп жатышат. 21-май, 2023-жыл, Кишинев.
Роберта Метсола жана Майя Санду митингге чыккандардын алдында сүйлөп жатышат. 21-май, 2023-жыл, Кишинев.

Молдованын баш калаасы Кишиневде Евробиримдикке интеграцияны жактаган он миңдеген адам жекшембиде митингге чыкты. Полициянын эсебинде акцияга 75 миңдей киши катышты.

"Европа кучак жайып тосуп алат"

“Молдовалыктар - европалыктар. Жети жылдан кийин биз Евробиримдикке толук кандуу мүчө болушубуз керек. Биз - бул өлкөнүн эли, Молдова сыймыктануу менен Европа Биримдигине карай кадам таштайт деп чечкиндүү чечим кабыл алабыз”, - деди өлкө президенти Майя Санду.

Президент демилге көтөрүп, өкмөт уюштурган митингди оппозиция бойкоттоду. Ал эми айрым европачыл күчтөр президенттин "Аракет жана тилектештик" партиясы шайлоо алдындагы үгүт ишин баштады деп сындап жатышат.

Иш-чарага Европарламенттин төрайымы Роберта Метсола катышты. 1-июнда Молдованын башкалаасында Европанын саясий жамаатынын саммити өтмөкчү. Санду ошондо өлкөнүн Еврошаркетке мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүү маселесин козгойт.

“Сиз Европаны тандайсыз. Европа сизди кучак жайып, чын дили менен тосуп алат”, - деди Метсола.

Акцияга катышкан жаштар. 21-май, 2023-жыл.
Акцияга катышкан жаштар. 21-май, 2023-жыл.

Молдованын бийлиги акция жарандардын евроинтеграцияга дилгирлигин көргөзөрүн белгиледи. Президент Санду бул акцияда Украинадагы согушка токтолуп, Кишинев Киевди колдой турганын кайталады.

Сандуга каршы маанай

Оппозиция эки апта мурун Евробиримдикти колдогон өкмөткө жана Сандуга каршы нааразылык акциясына чыккан. Орусиячыл "Коммунисттер жана социалисттер" блогунан депутат Ирина Лозован ал күнү өкмөттүн Европага ыктаган аракетин "кара тумоого" салыштырган:

"Бүгүн баарыңарды күрөшкө чакырам жана бул күрөштү эч качан токтотпогула демекчимин. Өз укугуңар үчүн, өз добушуңар үчүн, өлкөңөр үчүн, айылыңар үчүн, балдарыңар үчүн күрөшкүлө! Биз болбосок, анда бул кара тумоону ким токтотот? Бул өкмөттү ким токтотот? Алар бизди туңгуюкка алып баратат. Санду кетсин!".

Молдовадагы орусиячыл топтордун жүрүшү. 9-май, 2023-жыл, Кишенев.
Молдовадагы орусиячыл топтордун жүрүшү. 9-май, 2023-жыл, Кишенев.

Молдова Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй Еврошаркетке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырылган.

Былтыр күзүндө Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен түзүлгөн Европанын саясий жамааты деген формат 44 өлкөнү бириктирет жана Евробиримдик менен ага кирбеген мамлекеттер ортосунда кызматташууну жакшыртууну максат кылат.

Ишенимден кеткен Москва

Президент Мая Санду февралда Орусия Молдовада бийликти алмаштырып, өкмөткө өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал өлкөнү дестабилдештирүү планы Орусияда иштелип чыкканын, бул тууралуу украин атайын кызматтары маалымат бергенин айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү "негизсиз жана далилсиз" деп четке каккан. Көп өтпөй полиция "жапырт башаламандык уюштурууну көздөп, атайын даярдыктан өткөн" орусиячыл топ кармалганын билдирген.

17-апрелде Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановго Молдовага кирүүгө тыюу салынган. Ал “Эл достугу – 2023” эл аралык дипломатиялык конгрессине катышуу үчүн Кишиневге барганын айткан. Бирок Молдованын чек арачылары ага учактан түшүүгө уруксат бербей артка кайтарышкан.

"Интерфакс" агенттиги Молдованын чек ара кызматынын өкүлүнүн "Татарстан делегациясынын сапары макулдашылган эмес, Гагауз аймагынын администрациясы эл аралык форум пландаган жок" деген сөздөрүн келтирген. Кишинев Миннихановдун келишин "ички иштерге кийлигишүү" деп кабыл алган.

Гагауз аймагында жакында шайлоо өткөнү жатат. Маалымат каражаттары жергиликтүү жетекчилер орус саясатчыларынын колдоосун алууга аракеттенгенин жазышты.

Жыйында Гагаузиянын саясатчылары жана коомдук ишмерлери Молдованын бийлигин бир нече жолу сындаганын "Коммерсант" гезити жазды. Алардын көбү Орусиянын Украинадагы согушун колдойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG