Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Аалым-диниятчы Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 11-мартта Ташкентте түбөлүк сапарга узатылды.

Ал Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын акыркы башчысы жана Өзбекстан күнкорсуздук алгандан кийин туңгуч шайланган муфтийи болгон.

Ислам динине байланыштуу көптөгөн илимий эмгектердин автору, расмий Ташкентке жакпай өлкө эгемендик алгандан кийин Ата журтун калтырып, бир нече жыл тыш өлкөдө жашаган. Аалым исламчыл террорчуларды, “Ислам мамлекети” согушкер уюму сыяктуу топторду, салафийлерди тайманбай сындаган.

63 жаштагы Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 10-мартта баскетбол ойноп жатып, жүрөгү кармап жан берди. Ислам дүйнөсүнө белгилүү илимпоз-уламанын пайгамбар жашына чыгып калганына карабай, спортко убакыт бөлүп, ден соолукка чоң маани бергени диниятчылар чөйрөсү үчүн чанда кездешчү сейрек көрүнүш.

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын мурдагы төрагасы Кимсанбай ажы Абдрахмановдун айтымында, Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1989-жылы Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын Ташкенттеги баш кеңсесин жектектеп турганда да спорт менен машыгуусун токтоткон эмес.

"Мухаммед Садык Ташкенттеги ислам институтунун окуу программасын заман талабына ылайык реформалоодо ректор катары чоң роль ойногон" дейт Кимсанбай ажы. Кимсанбай ажы Абдрахманов 1980-жылдары Мухаммад Садык менен чогуу Ташкентте диний башкармалык чыгарчу “Советтик чыгыш мусулмандары” журналында, андан соң муфтиятта чогуу эмгектенген.

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун жаназасы

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун жаназасы

Мухаммад Садык горбачевдук кайра куруу кезиндеги алгачкы эркин шайлоодо СССР эл депутаты болуп шайланып, Москвадагы съезддерде диний эркиндикке байланыштуу суроолорду батыл ортого салып турган. Анын диний кызматка катар коомдук турмушка активдүү катышуусу, бийликтен өзүн эркин кармоосу күнкорсуз Өзбекстандын жаңы лидери Ислам Каримовдун чөйрөсүнө жага бербейт.

“Мухаммед Садыкты түрмөгө салуу аракети болгон. Үйүнө граната ыргытып жардырышкан. Ал ошондон кийин Казакстан аркылуу чет өлкөгө чыгып кеткен”- деди тажикстандык диний жана саясий ишмер Ажы Акбар Туржонзаде. Туржонзаде Ташкенттеги Ислам институтунда Мухаммед Садык менен бирге окуган жана экөө өмүр бою санаалаш болушкан.

Ошондон улам Мухаммад Садык 1993-1997-жылдары Ливияда, андан соң Түркияда жашап жүрүп, 2000-жылдардын орто ченинде расмий Ташкенттин ыкласы боюнча ата жерине кайтып келет. Андан кийин Мухаммед Садык убактысын негизинен илимге арнайт. Ал “Сунниттердин ишеними”, “Ыйман тазалыктан”, Куранды жана хадистерди колдонуунун өзгөчөлүгү жөнүндөгү “Усул фикх” жана башка эмгектеринде инсандын укуктарына да көп көңүл бурат. Өзүн мусулман деп көкүрөк койгулагандан, башка бирөөлөрдү динбезер деп сындагандан көрө руханий жактан таза болуп, адамдарга сабырдуулук менен мамиле кылганга үндөйт. Ошол эле учурда Орто Азия калктарынын кылымдар калыптанган салттарын чанбоого үндөйт.

“Адамдык жактан алганда Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф чыныгы аалым, такыба инсан эле. Өзүбүздүн Борбор Азия элдеринин ханафий мазхабын-окуусун бекем туткан. Өздөрүн салафийлер, вахабийлер деген адамдар менен тайманбай күрөшкөн. Артында өзү жазган китептери калды. Ал күн сайын өз ойлорун кагазга түшүрүп, жок дегенде 25-30 барак жазып турчу,” -дейт маркумдун досу жана санаалашы Ажы Акбар Туржонзаде.

Мухаммад Садык Ташкендеги муфтияттын кызматкерлери менен

Мухаммад Садык Ташкендеги муфтияттын кызматкерлери менен

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф менен 1990-жылдардын башында таанышып калып, 2000-жылдардын ортосуна чейин кээ бир учурда телефондон баарлашып турдук.

“Ыйман, Ислам, Куран” деген китебин которуп, үзүндүлөрүн кыргыз тилинде журналда жарыяладым. 1991-жылы болсо керек, Мухаммад Садык мага интервью берип жатып, Имам Саракси Өзгөн шаарындагы зынданда жатып, Куранга тафсир – комментарий жазганын айтты. Ал жөнүндө Ливияда университетте окуп жүргөндө окугам, бирок булагы эсимде жок деген.

Тилекке каршы акыркы жылдары чоң аалым маалымат каражаттарынан бөлүнүп калган. Бир жыл мурда тегерегиндеги жардамчылары ар кандай шылтоо айтышып, Мухаммед Садык менен такыр байланыштырбай коюшкан.

Туржонзаде айткандай, бүтүн ислам ааламы, Сауд Арабиясы, Египет, Кувейт, Катар, Пакистан, Индустан, Африка, өзүбүздүн Борбор Азиянын улама-диниятчылары чоң аалым катары тааныган инсандын артында калган мазмундуу эмгектери ага эстелик, динзарларга насыят.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG