Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Мусулман эмес адам көз жумганда аны кайсы мүрзөгө коюу маселеси Кыргызстанда 20 жылдан бери талкууланып келет. Өзгөчө өткөн айда Жалал-Абадда жана Ысык Көлдө баптист делген адамдарды жерге берүү маселеси чоң талаш-тартышка себеп болду.

Ислам укугу боюнча адис Жаркынбай Себетов менен ислам тарыхын изилдеп жүргөн Майрамбек Тагаев ушул жана башка маселелер боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Ислам шариатына ылайык кайсыл маселелерде мусулмандардын мусулман эместер менен мамиле түзүүсүнө тыюу салынбайт? Мисалы, алар менен үй-бүлө курса, кошуна болсо, алардын тамагынан жесе, алар менен карыз аласа-бересе кылса болобу?

Жаркынбай Себетов: Мусулмандар менен кайрыдиндердин коомдук карым-катышта, мамиледе болушуна эч кандай тоскоолдук жок. Бул мурун да, азыркы учурдун практикасында да жүзөгө ашырылып эле жүргөн нерсе. Себеби, инсан катары жер жүзүндөгү бардык адамдар бирдей статуска ээ. Ошондуктан, мусулмандардын мусулман эместерди же болбосо мусулман эместердин мусулмандарды басмырлоосу, инсандык беделине шек келтирүүсү исламда туура эмес деп эсептелинет. Албетте, айрым өзгөчө абалдарды эске албаганда, мусулмандардын мусулман эместер менен соода-сатык, үй-бүлө куруу, кошуна болуу сыяктуу коомдук иш-аракеттерде мамиле кылуусуна толук уруксат берилген.

"Азаттык": Кайрыдиндерге жакшылык кылуу, аларга садага же зекет берүү же болбосо жардам берүү тууралуу Куран жана хадистерде эмне деп айтылган?

Жаркынбай Себетов: Албетте, бул ислам дининде бар нерсе. Мисалы, Куранда “мусулмандарга жылуу көз караш менен караган башка диндин өкүлдөрүнө зекет берилсе” боло тургандыгы айтылат. Ошондой эле пайгамбарыбыздын да өз убагында мына ушундай кишилерге материалдык жактан жардам берип тургандыгын буга мисал катары айтсак болот. Азирети Умардын убагында да жашоосунан кыйналган мусулман эместерге мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүп, берилип тургандыгы маалым. Себеби, кайрыдиндер деле мусулмандар сыяктуу эле ислам мамлекетинин жараны болуп эсептелген.

Жаркынбай Себетов.

Жаркынбай Себетов.

"Азаттык": Ар түрдүү диндин өкүлдөрү өздөрүнүн ишенген динин жаюуда өтпөй турган чек арасы барбы? Буга кандай чектөөлөр коюлган же канчалык уруксат берилген?

Жаркынбай Себетов: Бардык диндин өкүлдөрүнө өздөрүнүн динин тутунууга толук түрдө укук берилген. Бири-биринин диний ишенимине кийлигишүүсүнө чектөө коюлган. Бирөөнү “сен бул динге ишен же бул динге ишенбе” деп мажбурлоого эч кимге укук берилген эмес. Дин тутунууга толук түрдө эркиндик берилгени менен, мусулман эместердин мусулмандарды өздөрүнүн диндерине үгүттөөсүнө тыюу салынган.

"Азаттык": Майрамбек мырза, билесиз, ислам дини кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн төрт бурчуна тараган. Мусулмандар ар түрдүү диндин, ар түрдүү улуттун өкүлдөрү менен таанышкан. Бул таанышуу кандай болгон? Мусулмандар алар менен кандай тил табышкан?

Майрамбек Тагаев: Ислам дининин пайда болушу 610-жылга туш келет. Ал эми 622-623-жылы Азирети пайгамбар жана сахабалары Мекке шаарынан Мадинага көчкөнгө аргасыз болушат. Мына ошентип, Мадина шаарында мусулмандардын мусулман эместер менен мамиле түзүшкөн. Ал жердеги мусулман эместер үч топтон турган: Биринчиси - жөөттөр. Экинчиси - христиан дининин өкүлдөрү. Ал эми үчүнчүсү - бутпарастар болгон. Мына ушулар менен мусулмандар ортосунда укуктук келишим түзүлгөн. Бул тарыхта “Мадина келишими” деп аталат. Бул келишим боюнча ар бир диндин өкүлдөрү өздөрүнүн ишенимдерин тутунууга укуктуу болушкан. Ошондой эле Мадинага душман аскерлери чабуул жасай турган болсо, аларга каршы чогуу урушту баштоо тууралуу да келишим түзүлгөн.

Азирети пайгамбарыбыз кайтыш болгондон кийин төрт халифа доорунда да мына ушундай эле келишимдер түзүлгөн. Бирок, ислам дини жайылып, башка аймактар да каратыла баштагандан кийин мусулман эместер “зиммий” деген статуска ээ болушкан. Зиммийлер – ислам мамлекетинин карамагында жашаган мусулман эмес калк болуп эсептелинет. Алар “жизйа” деп аталган салык төлөп турушкан. Себеби мамлекет бул салыкты аларды сырткы душмандардан жана ички коркунучтардан коргош үчүн, коопсуздугун сакташ үчүн алып турган. Ошону менен бирге “жизйа” салыгы бардык эле мусулман эместерден алынган эмес. Диний ишмерлер, чиркөө кызматкерлери, дин илимин үйрөнүүчүлөр, ишке жарамсыз оорулуулар жана төлөгөнгө күчү жетпеген жардылар бул салыкты төлөөдөн бошотулган.

"Азаттык": Жаркынбай мырза, мусулман менен кайрыдиндер тил табыша албай калган учурда булардын маселесин ким чечкен?

Жаркынбай Себетов: Ислам тарыхына карай турган болсок, кээ бир өзгөчө абалдарды эске албаганда, ислам мамлекеттеринде көпчүлүктү түзгөн мусулман жарандарга да, азчылыкты түзгөн мусулман эмес жарандарга да, дээрлик бирдей эле укук жана милдеттердин берилгенин көрө алабыз. Ислам мамлекеттеринде, жогоруда айтылгандай, мусулман эмес азчылык “зиммий” деген статуска ээ болушуп, алардын укугу мамлекет тарабынан кепилдикке алынган жана башка мусулман жарандар сыяктуу эле корголгон. Алардын соттук иштерин кароо үчүн атайын өздөрүнүн диний эрежелери менен иштеген сот кызматы болгон.

Сиз айтып өткөндөй, мусулман менен мусулман эмес жаран араздашса, башкача айтканда бир тарап мусулман экинчи тарап мусулман эмес болсо, анда бул ишти мусулмандык сот органы эле караган. Бирок, адилеттүүлүктүн негизинде өкүм чыгарууга милдеттендирилген. Себеби, мындай учурда адилеттүүлүк менен мамиле кылуу – Куранда да ачык түрдө буйрук кылынган өкүм болуп эсептелинет. Ал эми доолашкан эки тарап тең мусулман эместер болсо, анда алар каалашса мусулмандардын сот органдарына же болбосо өздөрүнүн диний эрежелери менен иштеген сот органдарына кайрылууга укуктуу болушкан.

Дин эркиндигин сабатсыздык тебелейт

Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.

"Азаттык": ​Мусулмандар менен кайрыдиндердин мамиле кылуусуна тыюу салынган кандай учурлар бар?

Майрамбек Тагаев: Негизи көп деле тыюу салуулар болгон эмес. Болгону алгачкы убактарда айрым кийимдерди кийүүгө гана чектөө коюлган. Окшош кийинбөө тууралуу айтылган. Мисалы, Азирети Умардын убагында мына ушундай маселелер козголгон. Ар бир динди тутунгандардын өзүнчө кийинүүсү керек экендиги айтылган. Мунун максаты – ислам динин тутунгандар менен башка диндин өкүлдөрүнүн айырмаланып туруусу болгон.

"Азаттык": Демек ошол учурларда ар ким өзүнүн диний ишенимине, салт-санаасына жараша кийинүү укугуна ээ болгон турбайбы?

Майрамбек Тагаев: Ооба. Мына жакынкы учурда, Кокон хандыгы убагында да мына ушул тажрыйбаны байкоого болот. Бул учурларда да башка диндин өкүлдөрү өздөрүнүн кийимдерин кийип жүрүшкөн. Себеби, Кокон хандыгында азыркы учурдун милициясы сыяктуу “казы райис” деген кызмат болгон. Алар көчөлөрдү кыдырып, мечитке барбаган, орозо кармабаган мусулмандарга жаза беришкен. Кокусунан башка диндин өкүлдөрүнө да жаза берип же болбосо алардын жашоосуна кийлигишип албас үчүн алардын мусулмандарга окшобой, өздөрүнчө кийим кийинип жүрүшүн талап кылышкан.

Жаркынбай Себетов: Кошумчалап койчу нерсе, билесиздер, мусулманчылыкта малды соёрдо бир гана Алла тааланын аты аталышы керек. Сойгон киши мусулман болсун же мусулман эмес (ахлу китаб, башкача айтканда, христиандар жана иудейлер) болсун - мына ушул нерсени аткарбаса, анда союлган малдын этинен жегенге болбойт.

Башкача айтканда, мусулмандарга эт саткысы келген мусулман эмес киши, oшол малды исламий эрежелерге ылайык союусу керек.

"Азаттык": Мусулмандар үчүн тыюу салынган ишти жасаган башка диндеги кишиге, мисалы чочконун этин саткан христианга мусулмандар кандай мамиле кылышкан?

Жаркынбай Себетов: Мусулман эместерге өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн аткарууга толук түрдө укук берилген. Ибадат кылуулары, майрамдарын майрамдоолору сыяктуу нерселерге тыюу салынган эмес. Мисалы, чочконун этин, мас кылуучу ичимдиктерди өздөрүнүн арасында алып сатууга уруксат берилген. Эң маанилүү нерсе, эгер арак саткан христиандан бир мусулман арак сатып алса, арак саткан христиан эмес, аракты сатып алган, аракты ичкен мусулман жоопко тартылган.

"Азаттык": Акыркы учурда эң көп талаш-тартыш жараткан маселеге келсек. Ислам шариатына ылайык мусулмандардын жана мусулман эместердин мүрзөлөрүнүн, көрүстөндөрүнүн бөлөк болуусу шартпы? Эгер мүрзөлөр бөлөк болсо, алыстыгы канча болушу керек? Тарыхта мусулмандар башка диндин өкүлдөрү менен көрүстөндү кандай бөлүшкөн?

Майрамбек Тагаев: Мусулмандар менен мусулман эместердин көрүстөндөрү бөлөк-бөлөк болгон. Ал эми бизде башка диндин өкүлдөрү азчылыкты түзгөндүктөн айрым жерлерде атайын жер бөлүнбөй жатат. Дагы кайталап коёюн, тарыхта мусулмандар менен мусулман эместер башка-башка коюлган. Христиандар өзүнчө, мусулмандар өзүнчө көрүстөнгө коюлган.

Бирок бир нерсени баса белгилеп койуш керек, көз жумган адамды коюу жөрөлгөлөрүндө, өлүктү акыркы сапарга узатууда мусулмандар мусулман эместердин же мусулман эместер мусулмандардын тажиясына катышып эле келишкен. Мисалы, аббасийлер доорунда мындай учурларды көп кезиктирүүгө болот. Өзгөчө мусулман жана христиан дин аалымдары, илимпоздор бири-биринин жаназасына катышып жүрүшкөн.

Майрамбек Тагаев.

Майрамбек Тагаев.

"Азаттык": Жаркынбай мырза, эмне үчүн ислам аалымдары мусулмандар менен мусулман эместерди бөлөк коюу маселесин туура деп табышкан? Буга кандай негиз бар?

Жаркынбай Себетов: Өлгөн кишинин өзүнүн диндештери менен бир жерде көмүлүшү кылымдар бою дүйнөлүк практикада ишке ашып келген нерсе. Бул практика өлүм менен байланыштуу жөрөлгөлөрдүн ар динде ар башка болушунан улам болуп келген. Мусулман жөрөлгөсү боюнча өлгөндөн кийин маркум жуулуп, кепинделип, жаназа намазы окулуп, көргө коюлат. Мындан башка дагы кабырды зыярат кылып туруу, дуба кылуу сыяктуу жөрөлгөлөр да бар. Мына ушул жөрөлгөлөрдүн өз эрежелерине ылайык уланып турушу үчүн мусулмандар менен мусулман эместердин мүрзөлөрү эки башка жерде болгону дурус. Тарыхка карай турган болсок, дээрлик бардык эле дин жана элдердин мына ушул нерсеге кылдат мамиле кылганына күбө болобуз.

Элдин көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөдө жашаган мусулман эмес киши көз жумганда аны жерге берүүнүн үч түрдүү жолу бар. Биринчиси - ошол жерде өзүнүн диндештеринин көрүстөнү болсо, ошол жерге көмүлөт. Экинчиси - өзү жашаган жерде жок болуп, жакын арада бар болсо, анда ошол жерге алып барып көмүү керек. Үчүнчүсү - жогоруда айтылган эки вариант тең мүмкүн болбосо, анда мусулмандардын мазарынын бир четине, өзүнчө көөмп койсо болот.

"Азаттык": Мусулмандар менен кайрыдиндердин көрүстөнүнүн аралыгы канча болушу керек?

Жаркынбай Себетов: Эми, буга белгилүү бир ченем коюу кыйынчылык туудурат. Ошондуктан эки көрүстөндүн эки бөлөк диндегилердин көрүстөнү экендиги айырмаланып турган болсо, жетиштүү деп эсептелет. Мисалы, ошол эки көрүстөндүн жанынан өтүп бараткан киши “бул мусулмандардын, тигил мусулман эместер көмүлгөн көрүстөн экен” деп айырмалай ала тургандай болсо жетиштүү.

"Азаттык": Дагы бир маселе, өлгөн киши мурда мусулман катары жүргөн дейли. Бирок башка динге өткөнү жөнүндө күмөн бар, бирок так маалымат жок болсо, ал кишинин жаназасы окулабы, кандай жерге берилет? Себеби жакында Ала-Букада болгон окуяда да ушул нерсе жөнүндө да айтылбадыбы?

Жаркынбай Себетов: Алгач бир нерсени так белгилеп коюу керек. Ислам укугунда маанилүү бир эреже бар. Ал эреже боюнча “күмөн менен иш кылынбайт, өкүм берилбейт”. Эгер кандайдыр бир кишинин мусулман экени билинип эле жүрүп, бирок башка динге өткөндүгү жөнүндө күмөн болсо, анда ал киши мусулман деп эсептелет. Кадимкидей эле жуулуп, кепинделип, жаназа намазы окулуп мусулман деп жерге берилет. Ал эми андан кийинкиси, башкача айтканда, акыреттеги абалы Алла таалага байланыштуу нерсе.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG