Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

НАТО-Орусия: Сириядагы тиреш


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын министрлеринин Брюсселдеги жыйынында. 8-октябрь, 2015-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын министрлеринин Брюсселдеги жыйынында. 8-октябрь, 2015-жыл.

НАТОну Орусиянын Сирияда аскердик активдүүлүгү артып баратканы тынчсыздандырууда. Зарылдыгы болсо НАТО Түркияга аскер жайгаштырууга даяр, деди Йенс Столтенберг альянстын 8-октябрдагы саммитинен кийин.

Апта башында Орусиянын аскер учактары НАТОго мүчө Түркиянын аба мейкиндигин эки мертебе бузганы Анкаранын катуу нараазылыгын жараткан.

Орусиянын согуштук учактары 30-сентябрдан бери Сириядагы козголоңчулардын, анын ичинде “Ислам мамлекети”, арабча “Даиш” деп аталган экстремисттик топтун өңүттөрүнө сокку урууда. Авиачабуулга 7-октябрда Каспий деңизиндеги аскер флоту да кошулуп, Сирияны ракетадан аткылады.

Ушундай жагдайда Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Москванын Сирия менен Украинадагы агрессиясына коллективдүү жооп берүүнүн амалын издөшүүдө. Бул маселе НАТОго мүчө 28 өлкөнүн министрлеринин бейшемби күнкү Брюсселдеги жыйынында башкы тема болду.

Сирия аскерлери жана өкмөтчүл күчтөр Батыш Сириядагы согуштук өңүттө. 8-октябрь
Сирия аскерлери жана өкмөтчүл күчтөр Батыш Сириядагы согуштук өңүттө. 8-октябрь

​- НАТО бардык өнөктөштөрүн ар кандай коркунучтан коргоого даяр, бул, албетте, Түркияга да тийиштүү, - деп маалымдады самиттен кийин аляьнстын башкатчысы Йенс Столтенберг.

- Биз НАТОнун түштүгүндө Түркияга чек аралаш Сирия жана Иракта кырдаал татаалдап, белгисиздик, тополоң өскөнүн көрүп жатабыз. Зарыл болсо жайгаштыруу үчүн биздин жана куралдуу күчтөрүбүздүн даярдыгын күчөтүүбүздүн бир жүйөсү ушунда.

АКШнын Коргоо министри Эштон Картер Брюсселдеги министрлердин жыйынындагы сөзүндө Москванын аскердик аракеттерин “башаламан жана өзүнө орго түртөр” деп атап, анысы болочокто Орусияны эл аралык коомчулуктан бөлүнүп калууга алып барарын эскертти.

- Биз орусиялык күчтөрдүн өзүмбилемдик жүрүм-туруму көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Алар Түркиянын аба мейкиндигин бузушту...Алар эскертпестен туруп, Каспий деңизиндеги кемелеринен канаттуу ракеталарды атышты; алар биздин пилотсуз аппаратыбызга бир нече миль жакын келишти; алар Сирия режими менен жерде чогуу чабуулга өтүп, “Даишке” каршы согуштун пайдубалын бузду. Анын кесепети Орусиянын өзүнө тиет...

Орусиянын аскер учагы, Москва айтышынча, Идлиб шаарындагы "Даиштин" өңүттөрүнө бомба таштоодо. 5-октябрь
Орусиянын аскер учагы, Москва айтышынча, Идлиб шаарындагы "Даиштин" өңүттөрүнө бомба таштоодо. 5-октябрь

Эштон Картер Москва берегидей бейчеки стратегиясын токтомоюн, Пентагон өз ара кызматташууга макул болбосун эскертип, жакынкы күндөрү орусиялыктар Сирияда чыгымга учурары ажап эмес деди.

НАТОнун башкатчысы жана АКШнын Коргоо министри жогорудагыдай комментарий жасардын алдында расмий Дамаск орусиялык согуштук учактар колдогон Сирия аскерлери козголоңчуларга каршы кеңири масштабда чабуулга өткөнүн маалымдаган эле.

Сириядагы адам укугуна көзөмөл салчу уюм бейшемби күнү Асадга ишенимдүү аскерлер менен өкмөтчүл күчтөр Сириянын батышындагы Габ түздүгүндөгү эрегишчилер көзөмөлдөгөн аймактарга жапырык жасаганын кабарлаган. Сирия өкмөттүк “Аль-Ватан” гезитинин жазышынча, аскерлер бул күнү Хама провинциясында 10 чакты кыштакты ээлеген.

Кремль жана Асаддын өкмөтү Сириядагы бардык куралдуу топторду террорчулар деп санайт. АКШ жана союздаштарынын авиакүчтөрү “Даишти” гана бутага алууда. Вашингтон буга катар Сириянын кээ бир байистүү козголоңчул топторун курал менен камсыздап, машыгууга көмөктөшкөн. Ал топтордун жана башка оппозициячыл күчтөрдүн өңүттөрүнө да орусиялык учактар сокку урушууда.

Сирия жана Украина темасын АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен орусиялык кесиптеши Сергей Лавров кечээ 30 мүнөт талкуулашты. Керри сүйлөшүүдө “Орусиянын аба күчтөрүнүн “Даиш” менен байланышы жок топторду бутага алуусу бизди тынчсыздандырганын кайра кайталады”,-деп билдирди кабарчыларга Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби.

XS
SM
MD
LG