Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Назарбаев БУУну Азияга көчүрүүнү сунуштады


Бириккен улуттар уюмунун Башкы жыйынында Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөөдө, 28-сентябрь, 2015-жыл
Бириккен улуттар уюмунун Башкы жыйынында Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөөдө, 28-сентябрь, 2015-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде Нурсултан Назарбаев бул уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесин Азияга көчүрөлү десе, Беларус лидери Александр Лукашенко өз өлкөсүн Батыштагы демократиянын жалгыз үлгүсү деп айтып чыкты.

Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун саммитиндеги сөз сүйлөп, Казакстан бир топ жетишкендиктерди багындырганын, жакынкы жылдары дүйнөдөгү өнүккөн 30 өлкөгө теңтайлашкан экономикага ээ болорун айтып, жарандык коом жана демократия жолунда ишенимдүү баратканын баса белгиледи.

Мындан тышкары казак лидери дүйнөнүн ар кыл бурчундагы теңсиздикти сындап, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Азиядагы кагылышууларды буга мисал келтирди. Ушундан улам ал БУУга мүчө бардык өлкөлөр жыл сайын коргонуу бюджетинин 1 процентин уюмдун атайын фондуна салып туруусу керектигин айтты:

- 21-кылымда мамлекеттин ийгилигин куралдануусу менен эмес, алдыңкы идеялары менен гана ченеп калабыз. 2014-жылдагы маалыматтар боюнча бардык өлкөлөрдүн аскердик чыгымы 1.7 триллион доллардан ашып, дүйнө ички дүң өнүмүнүн 2.3 процентине барабар болду.

Сөзүн аяктап жатып, Назарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесин Азияга көчүрүү керек деп кошумчалады. Бирок кайсы өлкө буга ылайык экенин жарыялаган жок.

Ал арада эл аралык укук коргоочу уюмдар өз отчетторунда расмий Астананы адам укугу менен эркиндигин тынымсыз чектөөдө деп айыпташууда.

Маселен Freedom House уюму ушул жылдын башында Казакстанды “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.

1991-жылдан бери мурдагы коммунисттик партиянын лидери Нурсултан Назарбаев башкарып келген өлкөдө оппозициянын абалы мышык ыйларлык, өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын жаап, ишмердүүлүгүн токтотуп, кызматкерлерин куугунтукка алып, чоң кысым болуп жатат” деп айтылат Freedom House уюмунун билдирүүсүндө.

Баарын таң калтырган “Батька”

Беларусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко
Беларусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко

Назарбаевге улай эле БУУда Белорусиянын президенти Александр Лукашенко сүйлөдү. “Лукашенконун билдирүүсү саммитте отурган адамдар мындай турсун эмеректерди да таң калтырды” деп жазат украиналык айрым массалык маалымат каражаттары.

Украинадагы кырдаал курчуса дүйнө өлкөлөрүнүн башына чоң азап түшөрүн баса белгилеген Лукашенко өз билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы оор акыбалды мындайча талдады:

- Өзөктүк курал деген шылтоо менен белгилүү мамлекеттер Иракты демократиялаштырабыз деди. Кана эми ошол өзөктүк курал? Демократия кайда? Эмнеге Ирактын президентин өлтүрүштү? Ирактын эли жакшы жашап калдыбы? Жок. Силер күнөөлүүлөр муну адаштык дээрсиңер. Бирок токтоп калбай андан ары Туниске, Ливияга жөнөштү. Муаммар Каддафини өлтүрүштү. Ливия жыргап кеттиби? Жок!

Ошондой эле белорус лидери Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда дүйнө элдеринин ичинен өз өлкөсү эң көп жабыр тартканына карабай, кайра бутуна туруп, демократиясы гүлдөп өнүгүп жаткан Батыштагы жалгыз өлкө деди.

Бирок “Голос Америки” радиосуна маек курган Белорусиянын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, азыр оппозициялык демократия жана атуулдук демилгелер боюнча “Хартия-97” деп аталган уюмдун мүчөсү Алексей Санников Лукашенконун билдирүүсүнө дүйнө эч кандай назар салбаганын, ал сыяктуу майда диктаторлор кол алдындагылардын мактоосунан улам дымагын көтөрүп, өзүн ири лидер сезип алат деген баа берди.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG