Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

Казакстанда кадимки жарандык паспортко президент Нурсултан Назарбаевдин сөзүн жазуу сунушталууда. Эми ар бир казак жаранынын өздүк документинде улуттук лидердин эгемендүүлүк жөнүндө айткан кеби жазылышы мүмкүн.

Казакстан парламентинин 2-сентябрдагы отурумунда депутат Рахмет Мукашев “Өздүктү күбөлөндүрүүчү документтер тууралуу” мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору түшкөнүн кабарлады.

Анда “Казакстандын жарандык паспортуна туңгуч президенттин төбөлсүздүк тууралуу сөзүн жазуу жана республика жарандыгын алгандарга паспорт тапшыруу учурунда ар бир адамды ант берүүгө милдеттендирүү жөнүндө” өзгөртүүлөр сунушталган.

Мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү демилгесин мажилистин башка бир депутаты Рамазан Сарпеков “Азаттыктын” казак кызматына тастыктады:

- Өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорунда казакстандыктардын паспортторуна мамлекет башчы, улут лидери Нурсултан Назарбаевдин сөздөрүн жазуу жөнүндө сунуш айтылганы чын. Муну депутаттар эмес, өкмөт сунуштап атканын эскертип коеюн. Парламенттин ар бир комитети өзүнө тиешелүү жаңы мыйзам долбоорлорду кабыл алуу боюнча баяндама жасашты. Анын ичинде мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Рахмет Мукашев да өзү башкарган комитетке ушундай демилге киргизилген мыйзам долбоору бар экенин гана кабарлады. Болгону ошол.

Рамазан Сарпеков ошондой эле жаңы мыйзамда “республика жарандыгын алууда ар бир адамды ант берүүгө милдеттендирүү” да киргизилип жатканын ырастады. Депутаттын айтуусунда, казак өкмөтү парламентке 44 мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок алар менен бардык депутаттар таанышып чыгууга үлгүрө элек.

“Азаттык” кабарчысынын мыйзам долбоорун сунуштаган өкмөт мүчөлөрү менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Адилет министрлигинин аты-жөнүн айтуудан тайсалдаган кызматкери “жогорудагы демилге камтылган мыйзам жобосун Ички иштер министрлиги даярдаганын” айтуу менен чектелди. Ал эми Казакстандын ички иштер министрлигинин тил жана маалымат департаментинин кызматкери Олег Иващенко «мыйзам долбоору тууралуу комментарий бере албастыгын» айтты.

Бийликтер азырынча президент Назарбаевдин кайсы сөзү документке жазыларын аныктай элек. Болгону азырынча мамлекет башчысынын «эгемендүүлүк же тарых жөнүндө» айткан сөзү жазылары кабарланууда.

Президент сөзүн паспортко жазуу идеясы коомчулукта түрдүү талаштарга жем таштады. Астаналык тургундардын бири Жибек мындай демилгени колдойт:

- Назарбаев биздин эң биринчи туңгуч мамлекет башчыбыз жана ал Казакстанды алга сүрөгөн улуу инсан. Ошол себептен улут лидеринин атын паспортко киргизүүнүн кажети бар деп эсептейм. Бул паспортту алып жүргөн ар бир жарандын патриоттуулугун арттырат деп ишенем. Өзгөчө чет жакка чыкканда Казакстандын улуу жол башчысын таанытабыз.

Ошол эле кезде аталган демилгеге сын көз менен караган казактар да арбын. Мурдагы дипломат жана саясат таануучу Расул Жумалы бул адатты башка өлкөлөрдөн кезиктирбегенин айтууда:

- Сауд Арабиясы жана Марокко сыяктуу монархиялык өлкөлөрдө мамлекет башчысынын сүрөтүн валютага киргизген учурлар бар. Бирок эч бир мамлекетте президенттин сөзүн паспортко жазышпайт. Ал эми жарандык алганда ант бердиртүү маселеси кээ бир элдерде кездешет. Маселен, АКШда англис тилин билбеген адамдан ант да алынбайт ага жарандык да берилбейт. Бирок бул жагдайды Казакстанга киргизүүдө абдан тыкыр ойлонуп, анан чечүү керек.

Казакстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Казбек Бейсебай болсо «паспортко Назарбаевдин сөзүн жазуу» сунушуна таң калганын жашырбады:

- Тышкы иштер министрлигинин паспорт-виза бөлүмүн жетектеп турганымда көптөгөн чет элдик паспортторду көрдүм. Бирок алардын биринен да президенттин же дагы бир башка көрүнүктүү лидерлеринин сөзү жазылган паспорт көргөн эмесмин. Паспорт ар түрдүү болгону менен, алардын баарынын маалымат стандарттары окшош. Ал документте ээсине гана тиешелүү нерселер жазылат. Чет элдик паспортту виза бере турган чет элдик элчиликтер менен чек арачылар гана текшеришет. Аларга башка элдин президентинин кеби маанилүү эмес да. Паспорт ар кандай сөздөрдү жаза бергидей ал эмне китеп беле?

Казбек Бейсебай “жарандык алууда ант берүү тажрыйбасы чет элде бар экенин, бирок ошол өлкөдө туулуп өскөндөр эмес, башка жактан келгендер гана ант берерин” кошумчалады. Анын айтуусунда, “16 жашка толгон ар бир адам Казакстандын жарандыгын алууда ант бере турган болсо, анда казак өлкөсү Совет дооруна кайтат. Анткени СССР кезинде паспорт тапшыруу расмиси ашыкча шаан-шөкөт менен коштолчу”.

Парламенттин басма сөз катчысы Мурат Жуманбайдын 3-сентябрдагы “Азаттыкка” билдиришинче, “Өздүктү күбөлөндүрүүчү документтер тууралуу” мыйзамды депутаттар али карай элек.

Казакстан мажилиси “Өздүктү күбөлөндүрүүчү документтер тууралуу” мыйзамга 2012-жылы июнь айында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушун биринчи окууда кабыл алган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG