Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады


Түштүк Корея жана Жапония Пхеньяндын ракета учуруусун айыптап, тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган чагымдарды токтотууга үндөштү. Коммунисттик Корея баллистикалык ракетаны Вашингтон менен Бээжиндин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүн утурлай учурду.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, Корей жарым аралынын чыгыш жээгинен учурулган баллистикалык ракета 9 мүнөттө 60 километрдей аралыкты учуп өтүп, Жапон деңизиндеги ортолук сууларга түшкөн. Анын так түрү аныкталууда. Ракета учурулганын АКШ куралдуу күчтөрүнүн Тынч океандагы командачылыгы да бышыктады.

Расмий Сеул шаршемби күнкү ракета учуруу Улуттар Уюмунун резолюцияларын бузуу болуп эсептелээрин дагы бир жолу эскертти:

- Бүгүн эртең менен Түндүк Корея Синпо портуна жакын жерден үстүбүздөгү жылы ушуну менен төртүнчү ирет баллистикалык ракета учурду. Биздин өкмөт Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореянын ядролук программасы жана ракета учуруулар чөйрөсүндөгү чагымчыл аракеттерин бутага алган бир катар резолюцияларын одоно бузган соңку сыноону катуу айыптайт. Бул ошондой эле эл аралык коомчулукка жана Корей жарым аралындагы бейпилдикке жана стабилдүүлүккө кооп жараткан кадам, - деди Түштүк Кореянын тышкы мекемесинин маалымат катчысы.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абе Түндүк Корея мындан ары да чагымчыл кадамдарга барышы мүмкүн деп билдирди:

- Жапония адамдардын өмүрлөрүн жана тынч жашоосун коргоо үчүн АКШ жана Түштүк Корея менен кызматташат.

Эки жума мурун Пхеньяндын эки ирет ракета учуруу аракети ийгиликсиз аяктаган, марттын башында болсо Жапония тарапка төрт ракета учуруп, айрымдары кошуна өлкөнүн жээгине 300 километрдей жакын жерге жеткен.

Түндүк Корея АКШга чейин жетүүгө кудуреттүү интерконтиненталдык ракетанын үстүнөн иштеп жатат деп шектелүүдө. Бирок жапон коргоо министри Томоми Инада бул жолку ракета өтө бийик учпаганын, ракетанын башка түрү болушу мүмкүн экенин айтты.

АКШнын аскерий өкүлдөрү болсо, алдын ала маалыматтарына таянып, түндүк кореялыктар колдонгон KN-15 деген орто аралыкка учуучу ракетанын бул түрү Түндүк Америкага коркунуч жарата албайт деп билдиришти.

Бул жолку учуруу АКШ жана Кытай президенттери Доналд Трамп менен Си Цзинпиндин 6-7-апрелге белгиленген расмий жолугушуусунун алдында ишке ашырылды. Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн чордонунда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы да сөз болот деп күтүлүүдө.

Президент Трамп Бээжинди Пхеньянга кысым көргөзүп, ядролук дымагын басаңдаттырууга үндөп, Кытай андай аракет көрбөсө, АКШ бул багытта өз алдынча иш алып бараарын айтып келген.

Өткөн жылы Түндүк Корея эки жолу атомдук сыноо өткөргөн.

Эки Корея жарым аралды ядролук куралдан бош аймак деп жарыялоо декларациясына кол коюшкан. Бирок Пхеньян Кошмо Штаттардын басып алуу коркунучуна шилтеп, келишимден чыгып кеткен.

Түндүк Кореянын ыктымал агрессиясын алдын алуу максатында Түштүк Кореяда АКШнын 28,5 миң аскери, Жапониядагы базада 50 миң жоокери жайгаштырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG