Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

АКШ Пхеньянды чагымга барбоого үндөдү


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея коңшуларына же АКШга коркунуч жараткан аракеттерин уланта берсе, күн тартибине аскердик чара көрүү маселеси көтөрүлүп чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Рекс Тиллерсон 17-мартта, Сеулда болгон маалында “стратегиялык сабырдуулук” саясаты аяктаганын, Вашингтон Пхеньяндын ядролук жана баллистикалык ракета программасына каршы жаңы дипломатиялык, экономикалык жана аскердик чаралар каралып жатканын билдирди.

Мамкатчы Түштүк Кореяга АКШнын ракетадан сактануу системасын жайгаштыруу планын коргоду. Бул долбоор Кытай менен Түндүк Кореянын нааразылыгын пайда кылган эле.

Тиллерсон Вашингтон аскердик жаңжалды каалабасын, бирок Түндүк Корея коңшуларына же АКШга коркунуч жараткан аракеттерин уланта берсе, “тийиштүү жооп кайтарыларын” баса белгиледи.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

Пхеньяндын куралдануу программасы кооптуу чекке жетип, "согуштук аракеттер талап кылынса, бизде ал вариант да бар" деди.

- Түндүк Корея жана анын эли тынчтыкта жашоону көздөгөн региондогу коңшуларынан коркпоого тийиш. Кошмо Штаттар Түндүк Кореяны атомдук жана баллистикалык ракета өнүктүрүү программаларынан баш тартууга жана ар кандай чагымдан карманууга үндөйт. АКШнын Жапония жана башка өнөктөштөрүн бардык аскердик аракеттер аркылуу коргоо милдети солгундабайт.

Мамлекеттик катчы Кытайга коммунисттик Кореяга санкция киргизүүнү сунуш кылды жана Түштүк Кореяда THAAD ракета системасын орнотууга каршы чыкпоого үндөдү.

THAAD – орто аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуучу америкалык комплекс. Былтыр июлда жетишилген келишим боюнча март айынын башында АКШ ал системаны Түштүк Кореяга жайгаштыра баштаган.

Визиттин жүрүшүндө Тиллерсон эки Кореяны бөлгөн демаркациялык тилкеге барып кетти жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Бөн Се менен сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын жаңы Мамлекеттик катчысы кызматка киришкенден бери Азияга биринчи жолу барды.

Тышкы мекеменин мурдагы башчысы Жон Керри АКШ да, Кытай да Түндүк Кореяны ядролук держава катары эч качан кабыл албасын айтып, Пхеньянды андай куралдан баш тартууга үндөп келген.

Кошмо Штаттардын Түштүк Кореядагы аскердик базаларында 28 миңдей америкалык жоокер кызмат өтөйт. Жапонияда болсо АКШнын 91 объекти бар.

6-мартта Пхеньян кезектеги ракетасын сынап, өлкө бийлиги армия АКШнын Жапониядагы базаларына сокку урууга машыгып жатканын билдирген. Баллистикалык төрт ракета жапон деңизи тарапка учурулуп, үчөө жапониялык Ога жарым аралынан 300-500 километр алыс жерге барып түшкөн.

Жапониянын "Киодо" агенттиги маалымдагандай, ошондон кийин Түндүк Кореянын ыктымал ядролук чабуулуна байланыштуу өлкөдө жарандык машыгуулар өткөрүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG