Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Пхеньян: дүйнөнү дүрбөткөн бешинчи сыноо


Бир катар өлкөлөр Түндүк Кореянын ядролук сыноосун айыпташты. Пхеньян буга чейин төрт сыноо өткөрүп, БУУнун коопсуздук кеңешинин жазалоочу чараларына кабылган эле.

Мамлекеттик маалымат каражаттары 9-сентябрда жаңыланган атомдук бомбаны сыноо ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.

Анын алдында аймакта күчү 5,3 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк катталган. Пхеньян ушул эле жерде буга чейин төрт сыноо өткөргөн. Расмий Сеул бул - кошуна өлкө жүргүзгөн сыноолордун эң кубаттуусу болгонун билдирди.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе ядролук куралды сыноо Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын одоно бузарын, бул кадам Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкциялардын күчөтүлүшүнө, өлкөнүн мындан аркы изоляциясына алып келерин эскертти.

Синдзо Абэ
Синдзо Абэ

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Пхеньяндын аракеттери “таптакыр кабыл алынгыс” деп билдирди.

АКШ жана Жапония Түштүк Кореянын жээгине чалгынчы учактарын жөнөтүп, сыноо өткөрүлгөн жердеги радиациянын деңгээлин текшерүүнү көздөшүүдө.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнсттин айтымында, Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама сыноонун арты Пхеньян үчүн олуттуу болорун эскертип, Түштүк Корея жана Жапония жетекчилери менен телефондон бул маселени талкуулады.

Өз кезегинде Пхеньяндын жападан жалгыз ири өнөктөшү Бээжин коммунисттик Кореянын бийлигин ядролук куралды жайылтпоо чөйрөсүндөгү милдеттенмелерин аткарууга чакырды. Кытай тышкы мекемесинин маалымат өкүлү Хуа Чиньюнг:

- Түндүк Корея эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай бешинчи ядролук сыноосун өткөргөн. Кытай өкмөтү Тышкы иштер министрлиги аркылуу нааразылыгын билдирди. Кытай Корея жарым аралында атомдук куралды жайылтпоо, түндүк-чыгыш Азиядагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктүү колдоо позициясын пир тутат. Биз Түндүк Кореяны БУУнун коопсуздук кеңеши кабыл алган резолцияларды аткарууга, кырдаалды татаалдаштырууга алып келчү кадамдарды токтотууга үндөйбүз.

Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва сыноо тууралуу маалыматка тынчсызданганын билдирип, Улуттар Уюмунун резолюцияларын аткаруу керектигин белгиледи.

Франция Түндүк Кореянын бул кадамын айыптоо менен бирге Коопсуздук кеңешин резолюцияларын бузгандыгы үчүн Пхеньянга каршы чара көрүүгө чакырды.

Түштүк Корея жана ядролук маселелер боюнча адистер соңку жардыруунун кубаты 10-30 килотоннаны түзгөнүн болжолдошот. Башкача айтканда, январдагы сыноодон кеминде эки эсе күчтүү болду. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Хиросиманы жок кылган жардыруу 15 килотоннага барабар болгон.

Эл аралык коомчулук Пхеньяндын жарыша куралдануусуна тынчсызданып келатат. Январдагы сыноодон кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды кабыл алган эле. Бирок өлкө жетекчилиги аларды көз жаздымда калтырууда.

Түндүк Корея атом бомбасын сынады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

XS
SM
MD
LG