Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Түндүк Корея ракетасы дүйнөнү бейпайга салды


Түндүк Корея ракетасы дүйнөнү дагы “бейпайга" салды. 12-февралда Пхеньян орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракетасын сынады. Жапония жана Түштүк Корея аны кескин сынга алып, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги Pukguksong-2 ракетасын сыноо ийгиликтүү өткөнүн 13-февралда маалымдады. Ракета 500 чакырым аралыкка учуп, Жапониянын экономикалык жээктерине жетпей деңизге түшкөн.

Түндүк Корея маалымат каражаты сыналган ракетаны жаңы түрдөгү ракета деп атап, аны ядролук дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү стратегиялык курал катары кабарлаган. Сыноого Түндүк Корея лидери Ким

Чен Ын жетекчилик кылганын кабарлаган мамлекеттик маалымат каражаты, анда кошуна мамлекеттердин коопсуздугу эске алынганы белгилеген. Ким Чен Ын сыноонун ийгиликтүү болушуна ыраазылык билдирип, ядролук дүрмөт жана аны алып жүрүүчү ракетага ээ болуу өлкөнүн кубаттуулугун арттырат деген.

Түндүк Кореянын ракета сыноосун Жапония, Түштүк Корея кескин сынга алды. Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чо Чжун Хек ракеталык сыноону чагым деп атады:

- Бүгүн Түндүк Корея баллистикалык ракетасы менен чагым жасады. Бул быйылкы жылдагы биринчи жолку ракеталык сыноосу болду. Өткөн жылы 24 ирет баллистикалык ракета сынашкан. Бул Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин түздөн-түз бузуу гана эмес, бул ошондой эле Корея жарым аралы жана жалпы эле дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздукка олуттуу коркунуч. Түштүк Корея өкмөтү аны кескин айыптайт.

Түндүк Корея 12-февралда Pukguksong-2 ракетасын сынаган күнү Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ Кошмо Штаттарда сапарда президент Дональд Трамп менен жолугушуп жаткан. Жапон лидери Түндүк Кореянын сыноосун сынга алды. Премьер-министр Синзо Абэ Пхеньяндын сыноосун эч кабыл алгыс деди:

- Түндүк Кореянын ракеталык сыноосу абсолюттук түрдө кабыл алгыс. Түндүк Корея Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин толук аткарууга тийиш.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Америка Жапонияны толук колдорун билдирди:

- Мен ар бири түшүнүп жана толук билип алышын каалайт элем, Кошмо Штаттар Жапониянын артында турат. Ал- 100% эң мыкты өнөктөш.

АКШ Сенатындагы демократ азчылыктын лидери Чак Шумер Түндүк Кореянын аракетин президент Дональд Трампты сыноо деп атады. Ал ошондой эле Пхеньянды жоопкерсиз мамлекет деп атап, аны ооздуктоо Кытайдын колунда турганын белгиледи:

- Түндүк Кореяны оозуктай ала турган чындыгында Кытай. Башка багыттардагыдай эле Кытай бул жерде толук адекваттуу аракет жасабай жатат. Ал Түндүк Кореяны экономикалык жактан кысып кое алат. Анын 90% импорт жана экспорту Кытай аркылуу жүрөт. Ошондуктан, менин оюмча, биз Кытайга Түндүк Кореяга карата мамилесин карап көрүшү керектигин айтышыбыз керек.

Кошмо Штаттар, Жапония жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракеталык сыноосуна байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды. Коопсуздук Кеңеште учурда төрагалык кылып жаткан Украина жыйынды 13-февралга чакырды.

Түндүк Корея өткөн жылы эки жолу атомдук сыноо өткөргөн. Анын биринде суутек бомбасы сыналганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG