Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Түндүк Кореянын дүйнөнү түпөйүл кылган сыноосу


Пхеньяндын суутек бомбасын сынаганы тууралуу жарыясы Батышта тынчсыздануу менен катар күмөн саноолорду да жаратты.

Түндүк Кореянын суутек бомбасын сыноосу өзгөчө кошуна Түштүк Корея менен Жапонияны кыйла кооптондуруп койду.

Бул эки өлкөнүн сунушу менен 6-январда чукул жыйынга чогулган БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын ядролук сыноосун айыптады. Президент Барак Обама АКШ Жапония менен Түштүк Кореянын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттенмелеринен кайтпасын билдирди.

Катаал чаралар караштырылууда

Түндүк Корея 6-январда суутек бомбасын сыноо ийгиликтүү өткөнүн жарыялар замат буга кооптонгон кошуна Түштүк Корея менен Жапония тынчсыздануу билдирген эле. Андан бир күн өтпөй президент Барак Обама билдирүү жасап, Кошмо Штаттар Түштүк Корея менен Жапониянын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттенмелеринен кайтпай турганын ырастады.

АКШ президенти коопсуздукка коркунуч келтирчү Пхеньяндын чектен чыккан аракеттерине каршы катуу чаралар көрүлө турганын билдирди. Обаманын Түштүк Кореянын президенти Пак Хын Ке менен жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэге жолдогон кайрылуусунда союздаштар Түндүк Кореянын акылсыз саясатына карата бирдиктүү жооп берүү маселесине макул экени айтылат.

Ак үй тараткан билдирүүдө буга удаа АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түштүк Корея жана Жапония тышкы иштер министрлери менен кеңешме өткөргөнү, анда Корей жарым аралына америкалык стратегиялык күчтөрдү жайгаштыруу маселеси талкууланганы кабарланды.

Мунун алдында, 6-январдын кечинде БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Пхеньяндын бул аракетин айыптады. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бул сыноо терең тынчсыздануу жаратканын айтса, жапон тышкы иштер министри Фумуио Кисида Түндүк Кореяга карата тезинен катаал резолюция кабыл алууга чакырды.

Коопсуздук кеңешинин жетекчиси, Уругвай элчиси Эльбио Росселли кеңеш Пхеньянга катаал чараларды киргизүүнү караган резолюция долбоорун жакын арада талкууларын айтты:

- Эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч туулууда. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Түндүк Корея дагы бир жолу ядролук сыноо өткөрсө, тиешелүү чара көрөрүн мурда да эскертип келген. Азыр эми Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бул боюнча жаңы резолюциянын долбоорун караганы жатат.

Канткен менен АКШ суутек бомбасы сыналганы боюнча жетиштүү далил жок экенин билдирди. Ага чейин айрым эксперттер жарылуу күчү суутек бомбасынын кубатына жеткенинен күмөн санап жатышкан.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнст бирок ядролук кандай сыноо болсо да ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын одоно түрдө бузарын айтты.

Алты тараптуу сүйлөшүүгө үмүт артуу

Түндүк Кореянын дагы бир кошунасы – Кытай Пхеньяндын ядролук программасын ооздуктоого багытталган алты тараптуу сүйлөшүүнү кайра жандантууну козгоду. Бул боюнча билдирүүнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хуа Чунин жасады.

- Корей жарым аралындагы ядролук маселе бир канча жылдан бери чечилбей келатат. Кытай бул кооптуу жана татаал маселени – Пхеньяндын ядролук программасын ооздуктоого багытталган алты тараптуу сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууну демилгелеп келатат. Корей жарым аралында туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо ага кызыкдар өлкөлөрдүн жоопкерчилигинде. Андыктан ага кызыкдар өлкөлөрдүн баарынын аракети талап кылынат.

ТИМдин өкүлү Кытай Пхеньяндын ядролук программасын ооздуктоо боюнча алты тараптуу сүйлөшүү жанданарына үмүт артарын да кошумчалады. АКШ, Орусия, Жапония, Кытай, Түштүк Корея жана Түндүк Корея кирген алты тараптуу форматтагы сүйлөшүү 2000-жылдары башталып, кайра токтоп калган эле.

Түндүк Корея 2005-жылы өзүн ядролук держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астынан ядролук сыноо жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган. 2013-жылкы сыноодон кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши өлкөгө киргизилген санкцияларды дагы катаалданткан резолюция кабыл алган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG