Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Оштун кайып кыздары: "Носталжидеги" зордук


Носталжи кафеси: бул жердеги барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголгон
Носталжи кафеси: бул жердеги барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголгон

Ошто былтыр июндагы "Носталжи" кафесиндеги барымта боюнча тергөө уланууда. 14-июндагы бул окуя боюнча январда козголгон кылмыш ишинде ондон ашык өзбек тургундарын барымтага алуу боюнча шектелген бир кишинин ысымы аныкталып, ал азыр издөөөдө. Барымтада кордук көргөн кыздардын бири сотко кайрылып, кылмыш иши ошол арыз менен ачылган эле.



МУҢДУУ ЖҮРҮШ

Түшкү аптаптын илеби эми кайта баштаган кечке маалда там үйлөрдүн ортосундагы көчө менен кары-жаш эркектер, аялдар, 10 чакты киши чубап келатышат.

Аппак жүзү бозоргон, жазы маңдайында бир карыштай тамга салынган, көздөрү алайган кыз теңселе басып келип, тили буулуп калгандай, колун жаңсап, суу сурап ичти. Толмочунан келген, узун көйнөк кийген аял «кыздарыбызды бузуп салышты!» деп бакырып алды.

Бул муңдуу топтун алдынан тосуп чыккан кишилер футболкачан кишилердин далысынан «ӨЛТҮРСӨҢ КЫЙНАБАЙ ӨЛТҮР» деген жазууну окуп жатышты. Бир багалегин түрүп алган жигит өңгүрөп ыйлап өттү.

Футболкачан киши таанышынын кызын атасынын көзүнчө зордукташканын калайыкка айтып, көз жашын токтото албай, тескери бурулуп кетти.

Эки-үчөө буту баспай калган костюмчан толук кишини жүзүмдүн алдына көлөкөгө жаткырып, оозуна суу тамызышты, бирок анысы өлүү, тирүүсү билинбей, башы шылкыят.

Франциядагы Борбордук Азиялык Адам Укуктары Ассоциациясы аттуу укук коргоочу уюмдан алынган бул видео тасмада 16-20 жаштардагы кыздардын көрсөтмөсү да бар.

Алардын айтканынан улам, бул адамдар Ош шаарындагы Носталжи кафесиндеги барымтадан бошонуп чыккандар экенин билебиз.

ЭНЕНИН КӨРСӨТМӨСҮ

«Носталжи» барымтасында эми гана бой жетип келе жаткан кыздары зордукталган энеге мен Ош шаарында жолуктум.

50 жаштардагы Матлюба Ошто төрөлгөн, жогорку билимдүү, өмүр бою саламаттык сактоо системасында иштеген. Орто бойлуу, толмочураак келген аял канча кызы бар экенин алардын аты-жөнүн атабастан сүйлөп отурду.

2010-жылы 14-июн күнү түш чендерде ал үйдүн алдына чыкса, таштанды салган чоң контейнердин жанында турган аялдар тийишкендей сүйлөп, адамдын өлүгүн көрсөтүшөт:

- Мен мусор таштайын деп эшике чыксам, салафан мешокто бир өлүк жатыптыр. Жети келин (кыргызча): “Эже, тиги жерде мусордо бирөө жатат, сиз карап коюңузчу” - дешти. Мен «эмнеге карайм? Карабайм!» деп, мусорду таштадым да, дароо үйгө баса бердим.

Үйдө күйөөсү, кыздары, туугандары болуп, бир нече күндөн бери жашынып отурган аял бир балээ болоорун сезгендей, артка шашылды.

Ал кайткандан көп өтпөй, коңшусу телефондон батирге көп киши келатканын эскертет. Бирок төртүнчү кабаттагы батирде камалып отургандарга качаарга эч ылаажы жок эле:

- 20 мүнөттөн кийин коңшу кыз мага телефон чалып, эже «үйүңүзгө 30-40 чакты киши көтөрүлүп жатат» деди. Коңшулар, туугандар менен баары болуп 13-14 адам элек, эшиктерди жаап отурганбыз. Бир маалда бирөөлөр «Ачкыла!» деп эшикти койгулай башташты. Акыры темир эшикти атып ачышты.

Матлюба биринчи эле кыздарын арачылап калганга жанталашты, бирок аскер кийимчен адамдар чыркыраган эненин өзүн чачынан сүйрөп чыгарып салышат:

- Алар кирип, бизди коркутуп-үркүтүп, акча сурашты, мазак кылышты, токмоктошту. Бирөө "Сөйкөңү чеч!" деди, анан сөйкөмү алып жутуп койду! Коңшу кыздыкын да ошондой кылышты. Акчаларды бердик. Арасында маскачан, аскер кийим кийгендер, ар түрдүү адамдар бар болчу. Кызым уктоочу бөлмөдө эле, акча беребиз десек да болбой, алып калышты. (Андан аркысы) эсимде жок, бет талаштыра уруп, чачыман сүйрөп, ылдыйга алып чыгышты.

КАРГАШАЛУУ КАФЕ

Ошто бир гана чоң магистрал жол бар, ал Абсамат Масалиевдин ысымынан аталган (мурдагы Кыргызстан көчөсү).

Даңгыр жолдун эки тарабы төрт кабат үйлөр. Матлюбанын үйү "Мегакомдун" Оштогу баш кеңсесине жакын жайгашкан.

«Носталжи» деп аталган жасалгалуу кафе да ушул жерде.

Тегерете кара темир тор менен тосмолонгон, дарбазасына саргыч түстөгү оймо түшүрүлгөн. Кафенин бак-шактуу короосунда жайкы аптапта салкын болуп турат.

Былтыркы июндагы жаңжал маалында кафенин өзбек ээлери качып кеткен, азыр аны расмий ээлерине тийешеси жок бирөөлөр иштетип жаткандыгы кабарланууда. Ошол алааматтуу жаңжалда туткундарды мына ушул кафеге киргизишет.

Бул күнү кафенин ичинде, жана анын артындагы кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүндө болгон окуялар тууралуу жогоруда сөз болгон видео тасмадагы
Носталжи кафеси жайгашкан үйдүн жанындагы таштанды салган контейнер. Матлюбага контейнердин жанынан өлүктү көрсөтүшкөн.
кыздардын көрсөтмөлөрүнөн биле алабыз.

Кыздардын бири Заринага дагы экөөнү кошуп, үйдүн жер төлөсүнө алып түшүшөт.

Кыздар сүйлөп жатып ыйласа, аларды видеого тартып жаткан баланын өзү камеранын артында ыйлап жибергени угулат:

Зарина:
Биз үйдө отурганбыз, батирде үч кыз элек. Балдар келип, эшикти кага башташты. Биз балконго жашындык. Алар квартирага кирип, бизди таап алышты. Колдорундагы чоң бычактарын көзөп, бизди балкондон чыгарышты. Көп кыргыз балдар бар болчу. Чечиндирип алып (зордуктап, эсибиз ооп калса) башыбыздан ылдый суу куюп атышты.
Экинчи кыз:
Жер төлөдө көп балдар жатыптыр. Мени атайын ошол жерге алып барып, балдардын көзүнчө зордукташты.

Оператор:
Сени канча киши зордуктады?
Зарина:
8 чактысы. Бизди уруп, кулагыбыздан тартып сүйрөштү.

Кыргыз кыздар үчүн өч алып жатышкандыгын айтышкан зордукчулар ичип алышкан, же башка бир заттардын таасиринде болушкан сыяктанат:

Зарина:
Бизди союл менен сабашты. «Кыргыз кыздарды да өлтүрүп кайтарып жатышат, силерди да өлтүрүп туруп жиберебиз» деп айтышты. Биз «бүттү, эми өлдүк» деп ойлодук.


НАМЫСЫН ТАЛАШКАН КЫЗ

Матлюбанын айтымында, кафенин ичинде кармалгандарды да кыйнашкан. Бир-экөөсүн, анын ичинде эркекти кабинага алып кирип, зордукташкан. Ооздоруна чүпөрөк тыгып койгондуктан, алар кыйкыра да алган эмес. Ооз ачып, баш көтөргөндөрдүн бирөөнү турган жерден жыга чабышкан:

- Коңшубуз баласын таппай калган, анын футболкасын бир кыргыз бала кийип алганын көрүп калып, «Ай, балам жок!» деп кыйкырды эле, бирөө темир менен башына бир койду. Аял башынан кан агып жатып калды. “Азыр баарыңарды өлтүрөбүз! Билип койгула, баарыңар өлөсүңөр, силерге Каримов жардам бербейт. Бул жер Кыргызстандын жери, өзбектердин жери Өзбекстанда", - деп, уят сөздөр менен тилдешти. Биз унчукпастан, жерди карап ыйлап-ыйлап отура бердик.

Носталжи кафесинин айланасындагы көп кабат үйлөрдө өзбектер кыргыздар менен аралаш жашашкан.
«Носталжидеги» барымта эпизодунда бардыгы канча киши өлтүрүлүп, канчасы зордукталганы так белгилүү эмес.

Бирок Матлюба уюштуруучулардын айрымдарын атынан билет, анткени алар өзүнүн эле коңшулары болгон.

Алтургай өзү кичинесинен каралашкан баланы да көрөт:


- Кафеде Жеңиш деген киши уюштуруучу болду, 32-үйдө турат экен. Анан, жети кабат үйдө жашаган Бакыт деген бала жүрдү. Мен ал баланын апасына канча жолу жардам берген элем. Ал бала бизди карап-карап, (бирок) унчуккан жок.

Бир маалда Матлюбанын үстүнө плаш жабылган кыздарын алып киришет.

Ошондон кийин барымтачылар туткундарды машина менен шаардын четине алып барып, өзбек тектүүлөр барымтада кармаган 5-6 кыргызга алмаштырышат.

Матлюба:
Оорукананын жанына алып барышты, Ошол жерде бир аял киши пакет берди, "Башыңарга кийгиле" деди. Аскерлер ошол жерде эч нерсе кылбай карап турушту. Айлана болуп тургула деди, айлана болуп жерди карап турдук. Жылаңайлак болчубуз. «Жүгүр!» дегенде жүгүрдүк. «Эгер бир кыргыз өлсө, силерди атабыз» дешти. 13 адамды алмаштырышты.
Жаңыл Жусупжан:

Жарыкта эле болгон иш экен, көчөдө эл бар беле?
Матлюба:
Элдер баары четки айылдарга кетишкен эле, жүргөндөр кыргыздар болчу. 32-домдогу (көп кабат үйдөгү) Жеңиш деген киши да турду, ал штаб жетекчиси болсо керек. «Чуркагыла» деди, баарыбыз ыйлап чуркадык. Ушундай иштерди көрдүк.

ПРОКУРОР БИЛДИРЕТ

Матлюбанын кыздары азыр Орусияда.

Бирок улуусу – бешинчи курстун студенткасы - мекенинде калып, сотко кайрылууну чечти. Ал Бишкекте жыл соңунда Кыргызстандын баш прокуратурасына арыз менен кайрылып, январ айында кылмыш ишин козгоду.

"Азаттык" үналгысы менен маегинде Ош шаарынын баш прокурору Латып Жумабаев массалык зордукчулуктун уюштуруучуларынын биринин аты-жөнү аныкталып, издөөдө экендигин бышыктады.

Латып Жумабаев:
(Ал кыздан) арызы түшкөн. Бул боюнча баш прокуратурадан кылмыш иши козголуп, тергөө биз тараптан жүргүзүлүп жатат. Июн окуяларын тергөө боюнча баш прокурордун, ички иштер министринин жана улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси тергөө-оперативдик тобун түзүшкөн. Ошол топтун тергөөчүлөрү тергеп жатышат. (Барымтаны) уюштурган адам бизге белгилүү, аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарттырганбыз. Азыр милиция, атайын кызматтар тарабынан издөө аракеттери жүрүп жатат.

Жаңыл Жусупжан:
Уюштурган киши качып кеткенби?
Латып Жумабаев:

Жүргөн жери белгисиз. Биз кармай элекпиз. Аты-жөнүн мен айта албайм.
Жаңыл Жусупжан:

Бул тергөө арыз берген кыздын иши боюнчабы, же жалпы эле Носталжи кафесиндеги барымтага алуу боюнча жүрүп жатабы?
Латып Жумабаев:
Анда бардыгы бар, барымтага алуу, зордуктоо боюнча бир кылмыш иши тергелип жатат.
Жаңыл Жусупжан:
Ал иш боюнча, 13 киши барымтага алынган, аларды алты кишиге алмаштырышкан. Ошондо көп киши катышкан. Ошонун ичинен бир эле кишини издеп жатасыңарбы же башка да барбы?
Латып Жумабаев:

Азыр бизге бир гана адамдын аты-жөнү, туулган жери, бүт белгилүү. Биз көп эле адамды, ошого катышкандардын баарын издеп жатабыз. Калгандарынын аты-жөнү так белгилүү болгондо, аларга да издөө жарыялайбыз.
Жаңыл Жусупжан:
Арыз жазган кыздын коопсуздугу кандайча сакталат?

Латып Жумабаев:
Коопсуздугун сактоо боюнча атайын кызматтарга кат жөнөтүлгөн. Коопсуздук чаралар көрүлүп жатат.Анын үстүнө, ал кыз өзү келе элек. Бир гана жолу келишип, сүрөттөн уюштуруучулардын бири ушул деп таанышкан. Тергөө эртең, бүрсүгүнү бүтөт деп айта албайм. Бирок, (узакка) созулушу мүмкүн. Балким азыркы чогултулган материалдардын негизинде бир топ адамдар белгилүү болуп калды, кээ бир адамдар кармалса, күнөөлөрү далилденсе, тез аранын ичинде сотко жиберишибиз да мүмкүн.
Жаңыл Жусупжан:
Арыз берген киши арызын кайтарып алышы мүмкүнбү?
Латып Жумабаев:
Кайтарып алабы, жокпу, же «мен кечирдим» дегенден эч нерсе чечилбейт. Сот аркылуу жаза белгилөөдө гана көңүлгө алынышы мүмкүн. Шектүү киши кандай болсо да жоопкерчилигин тартыш керек, бул андай категориядагы кылмыш эмес. Кылмыш жасаган киши кылмыш жообуна тартылышы керек.


КОШУМЧА БИЛГИ

Перизаттын арманы

Мурдагы берүүбүздө былтыркы июн алааматы маалында, тактап айтканда, 15-июнда кордук көргөн кыргыз айымы Перизат тууралуу да баяндаган элек.

Перизатты Оштогу облустук оорукананын жанынан өзбек тегиндеги кишилер уурдап кетишет:

- Ооруканада жаткан элем. Минералдык суу алганы чыкканда ушундай нерсе болуп кетти. Күндүзгү 12лер чамасы болчу. Көчөдө киши сейрек, бирок адамдарды уурдап кеткен, тартып кеткен учурлар болуп аткан эле.

Перизатты шаар четиндеги маалеге алып барышат.

Ал кезде өзбек тургундары катын-калачты, бала-бакырасы менен Өзбекстанга качырып жиберишкен, ошондуктан келин ал жерден бир да аялды көрө албайт:

- Ал жерде киши аябай көп болчу. 10-15 адам кармап кетишкен, бирок барган жерде 500дөй өзбек бар болчу. Кары-жашы аралаш, эң кичинеси 15-18де, калгандары бүт чоң адамдар болчу.

Айоосуз зомбулукка кабылган Перизат акыры тагдырына ор жик салган тузактан бошотулуп, кийинчерээк жергиликтүү прокуратурага кайрылса, тергөөчү «эми чекеңиз деле чийилбептир» деп кайра өзүн шакаба чегет.

Кордолгон айымдар адилеттикти талап кылат

Былтыркы июндагы жаңжалда укук коргоочулар ондогон кыз-келиндин кордук көргөнүн айтышат. "Кылым шамы" уюму 60тан ашык зордуктоону каттаган, бул тизмеде курмандыктардын көбү - өзбектер.

Кыргыз улутундагы зордук көргөн кыз-келиндердин да өзүнчө тизмеси түзүлгөн.

Ал эми жергиликтүү прокуратурада жаңжал мезгилдеги төрт зордуктоо боюнча гана кылмыш иши козголуп, анын бирөө гана сотко ашып, дагы бир иш тергөөгө алынууда.

Эскертүү:
Бул берүүдөгү каармандардын ысымдары өзгөртүлүп берилди.
XS
SM
MD
LG