Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:04

Палестинага жаңы макам эмне берет?


Палестина-Израил чатагынын картасы.
Палестина-Израил чатагынын картасы.

Палестина автономиясы 30-ноябрда БУУга “байкоочу эмес мүчө мамлекет” деген макам алды.

Бул чечимди Башкы ассамблеядагы колго салууда 138 өлкө колдоду. Тогуз мамлекет каршы чыкты. 41 мамлекет калыс болду. Кыргызстандын Улуттар уюмундагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Нуран Ниязалиев Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга жардам болот деп, Палестин автономиясынын жаңы макамы үчүн добуш бергенин "Азаттыкка" айтты:

- Кыргызстандын ПА колдоосунун бирден бир себеби - палестин элинин эгемен мамлекет болуу аракетин колдоо. Кыргыз Республикасы Ислам кызматташуу уюмуна мүчө ирети да бул маселени (мурда) колдогон. Израил - Палестина сүйлөшүүлөрү да көптөгөн жылдардан бери эч кандай жыйынтык алып келген жок. Жакынкы Чыгыш боюнча квартеттин иши да ийгиликке жетпеди. Ошондуктан Палестина автономиясынын жаңы макамы региондо тынчтык орнотууга түрткү болот деген ойдо кыргыз мамлекети БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын колдоду.

​Ошентип Палестин администрациясы Улуттар уюмунда 20 жыл байкоочу болуп жүрүп, андан соң гана “байкоочу эмес мүчө мамлекет” деп таанылды. ПАнын жаңы макамы эл аралык коомчулук 2, 1 миллион калктуу аймакты эрктүү мамлекет деп кыйыр түрдө тааныды дегенди билдирет.


please wait

No media source currently available

0:00 0:09:53 0:00

Нуран Ниязалиев
Нуран Ниязалиев
Палестин жетекчилиги Иордан дарыясынын батыш тарабы, анын ичинде Чыгыш Иерусалим жана Газа тилкесинде төбөлсүз мамлекет курууга ыклас кылып жүрөт. Бул аймакты 1967-жылкы алты күндүк согушта Израил басып алган жана азыр Батыш Иордандын бир кыйла бөлүгү жана палестиндер болочокку байтакты катары көргөн Чыгыш Иерусалим Израилдин башкаруусунда. Газа секторуна 2007-жылдан бери палестиндердин радикалдуу ХАМАС уюму ээлик кылат.

Израил өкмөтү автономиянын макамын жогорулатууну Палестин жетекчилиги менен Израил ортосундагы келишимге каршы жасалган кадам деп эсептейт. Премьер-министр Бенямин Нетаняху 2-декабрдагы жыйынында Израил букараларынын коопсуздугуна кепилдик берген келишимсиз, Палестин мамлекети түзүлүшүнө анын өкмөтү ынанбасын катуу эскертти:

- Палестин жетекчилигинин Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясындагы бир жактуу кадамы Израил мамлекети менен кол коюлган келишимдерди орой бузуу саналат. Израил ошон үчүн БУУнун БАсынын резолюциясын чанат. Мен кайра айтам: Израилдин жарандарынын коопсуздугуна кепил өткөн келишимсиз Палестин мамлекети болбойт; Израил мамлекетин жөөт элинин мамлекети деп таанымайын, Палестин мамлекети болбойт; палестиндер конфликт бүттү деп жарыя кылмайын, Палестин мамлекети болбойт.

Палестин администрациясынын БУУга байкоочу эмес мүчө болуусу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Израил-Палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кандай таасир этиши ыктымал?

Жакынкы Чыгыш боюнча серепчи Алон Бен-Меирдин пикиринче, мүчө эмес мамлекет макамы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды оң жагына өзгөртүп, Палестин өкмөтүнүн Израил менен сүйлөшүүлөрдөгү мүмкүнчүлүгүн жакшыртат жана Израил менен ХАМАСты өз ара мунасага барууга мажбурлайт:

- Бул абалды өзгөртүшү ыктымал. Бул Палестин бийлигинин мүмкүндүгүн, бөтөнчө Израил жана ХАМАСтын өз ара мамилесин жакшыртат. ХАМАС олуттуу саясый колдоо алды. Израилде январда болчу парламенттик шайлоо жаңы кырдаалда өтөт. Бул акыркы мезгилде Жакынкы Чыгыштагы жараяндардан бир кыйла обочолонуп калган Кошмо Штаттарды өз кучагына кайра тартат. Бул Израилди, баарынан да палестиндерди өзгөрүүгө мажбурлайт. Эл аралык коомчулук да маселеге мурдагыдан олуттуу мамиле жасашы керек болот. Жаңы шартта Евробиримдиктин ролу да мурдагыдан алда канча жогорулайт, - дейт профессор.

Телеоператор Газа секторунан атылган ракетадан жабыркаган үйдүн бир бөлүгүн тасмага түшүрүүдө. Израилдин түштүгүндөгү Бир Тусия шаарчасы. 21-ноябрь 2012
Телеоператор Газа секторунан атылган ракетадан жабыркаган үйдүн бир бөлүгүн тасмага түшүрүүдө. Израилдин түштүгүндөгү Бир Тусия шаарчасы. 21-ноябрь 2012
Жаңы статусуна ылайык, Палестин автономиясынын чабарманы мындан ары Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясындагы талкууларга катышат. Ошондой эле Улуттар уюмундагы түрдүү агенттиктери жана программаларына кошулуусу мүмкүн.

- Жаңы макам негизи аларды Ватикандын деңгээлине теңеп коёт. Эң маанилүүсү, эми алар бир катар эл аралык уюмдарга, анын ичинде Эл аралык кылмыш сотуна кайрылганга мүмкүнчүлүк алат. Бул жаңы макам Кошмо Штаттарды аябай тынчсыздандырат. Эгерде Палестин администрациясы Израилдин айрым бир аракеттери боюнча Эл аралык кылмыш сотуна даттанчу болсо, Палестинанын аймагында болуп жаткан кээ бир нерселер үчүн Израилди согуш кылмышкери катары соттоо мүмкүн болуп калат. Бул маселенин теориялык жагы. Бирок адегенде алар Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болуп кабыл алынуусу керек. Чынында эле, Башкы ассамблеяда кабыл алынган чеимдин дал ушул жагы АКШ менен Израилдин тынчын алып жатты,” - дейт “Азаттыктын” БУУдагы кабарчысы Көртни Брукс.

Азырынча ПАнын баш кеңсеси Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна качан мүчө ирети кабыл алынары азырынча белгисиз. Анткени Гаага сотунун баш прокурору быйыл апрелде Палестин жетекчилигинин Эл аралык соттун чечимдерин таануусу жөнүндө билдирүүсүн колдогон эмес. Баш прокурор Луис Морено Окампо сот Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин гана арыздарын териштире турганын эскерткен.

Артем Черноморян
Артем Черноморян
Артем Черноморян Израилдин журналисттер ассоциациясынын мүчөсү. Ал Иерусалимден 10 чакырым чыгыштагы Петах-Тиква шаарында жашайт. Ал үчүн Палестин тараптан болгон ракета атуулар жана башка чабуулдар адаттагы көрүнүш:

- Израил армиясынын үстүнөн кандайдыр бир сот болот деген кеп-сөздөргө келсек... Израил армиясы адатта тиги же бу террорчулар ракетадан же Советтер союзунда же Иранда жасалган “Град” системасынан Израил тарапты аткылагандан кийин жооп кайтарат. Тагыраак айтканда, аларды таамай согуп жок кылат. Албетте, Палестин администрациясы Израил армиясынын үстүнөн эл аралык сотко даттанса болот. Бирок анысынан майнап чыкпайт деп ойлойм.

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

Нью-Йорк университетинин профессору Бен-Меир БУУнун БАсынын Палестин автономиясынын статусун жогорулатуусу 2010-жылдан бери козголбой турган Жакынкы Чыгыш тынчтык сүйлөшүүлөрүн кыймылга келтирет деп ишенет.

Эми Палестин автономиясы качан Улуттар уюмунда төбөлсүз эрктүү мамлекет деп таанылышы мүмкүн?

- Менин оюмча, эгер баары жакшы жүрүшүп кетсе, Палестина автономиясына мүчөлүк макамын берүү маселеси оболу БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралууга тийиш. Ал маселе уюмдун башкы ассамблеясына чыгарылгандан мурда ага каршы Кошмо Штаттар вето колдонушу мүмкүн. Палестиндер өз сунушун акыркы бир жыл бою күн тартибине киргизгенге аракет кылып жүрдү. Аны бирок АКШ өткөрбөй жатты. Ошон үчүн БУУдагы татаал саясатты эстен чыгарбоо керек. Ырас Палестин администрациясынын өкүлдөрү Улуттар уюмуна мүчө макамын алууга качан умтуларын азырынча айтыша элек. Алар байкоочу эмес мүчө макамын автономиянын мүчөлүк макамын таануу ирети карашууда. Ошон үчүн, Улуттар уюмунда добуш берүү укугубуз жок, анткени менен жаңы макам дүйнөлүк аренада биздин мамлекет экенибизди таануу болду дешүүдө, - деди Көртни Брукс.
XS
SM
MD
LG