Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

АКШ ЮНЕСКОну каржылоону токтотту


Делегаттар Палестина ЮНЕСКОго мүчөлүккө кабыл алынганы жарыялангандан соң добуш берүүнүн жыйынтыгын колдоп, кол чабышууда. Париж, 31-октябрь, 2011
Делегаттар Палестина ЮНЕСКОго мүчөлүккө кабыл алынганы жарыялангандан соң добуш берүүнүн жыйынтыгын колдоп, кол чабышууда. Париж, 31-октябрь, 2011

Палестин автономиясы 31-октябрда Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданий иштер боюнча уюмуна боюнча мүчө болуп кабыл алынды.

Буга байланыштуу Кошмо Штаттар ЮНЕСКОну каржылоону ноябрдан тартып токтоторун жарыя кылды. АКШ ар жылы ЮНЕСКОго мүчөлүк акы ирети 70 миллион доллар төгөт. Бул эл аралык уюмдун жылдык бюджетинин 22 пайызына барабар сумма.

ЮНЕСКОнун башкы конференциясы Палестина уюмга мүчөлүккө кабыл алынганын жарыялагандан бир нече сааттан кийин АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуленд айым:

​"Палестинанын ЮНЕСКОго кабыл алынуусу узактан берки мыйзамый чектөөнү ишке киргизди. Ал Кошмо Штаттардын ЮНЕСКОну каржылоосуна жол бербейт”,-деп билдирди.

АКШда 1990-жылы бекитилген заңга ылайык, Палестина эгер Израил менен чатакты тынчтык жолу менен чечпей жатып ЮНЕСКОго өтсө, эл аралык уюмду Вашингтон каржылоону токтотот. Кошмо Штаттар Улуттар Уюмунун негизги агенттигине жылына мүчөлүк акы ирети 70 миллион долларга жакын берет. Бул уюмдун бюджетинин төрттөн бирине чукул акча. Вашингтондун береги кадамы ЮНЕСКОну түрдүү программаларды кыскартууга мажбурлайт.

36-сессиянын төрайымы Каталин Божиай (Венгрия) Палестина ЮНЕСКОго толук укуктуу мүчө болуп кабыл алынганын жарыя кылууда. Париж. 31-октябрь, 2011
36-сессиянын төрайымы Каталин Божиай (Венгрия) Палестина ЮНЕСКОго толук укуктуу мүчө болуп кабыл алынганын жарыя кылууда. Париж. 31-октябрь, 2011
Париждеги добуш берүүдө Палестинанын ЮНЕСКОго толук укуктуу мүчө болуп өтүүсүн 107 өлкө жактап, 14 өлкө каршы чыккан. 52 өлкө добуш берүүгө катышкан эмес.

ЮНЕСКОнун 36-Башкы ассамблеясынын төрагасы, Венгриянын өкүлү Каталин Божиай айым добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаганда, чоң кубаныч менен кабыл алынды:

- Айымдар жана мырзалар, Башкы ассамблея резолюциянын долбоору үчүн добуш берди жана Палестинаны ЮНЕСКОго мүчө болсун деп чечти (кол чабуулар).

ЮНЕСКО - маданий мурастарды сактоо, илимий изилдөөлөр жана билим берүүдөн тартып, гендердик теңчиликти камсыздоого чейинки эл аралык кызматташууларды камтыган эл аралык уюм.

Кыргызстан палестиндердин таламын колдой турганын президент Роза Отунбаева БУУнун Башкы ассамблеясында 22-сентябрда сүйлөгөндө маалымдаган:

- Палестинаны БУУнун толук укуктуу мүчөсү катары караштырууну биз колдой турганыбызды мурда эле билдиргенбиз.

Палестинаны 1967-жылкы чек араларда 1995-жылы эле тааныган Кыргызстан БУУнун баш катчысынын Израилге жана Палестинага сүйлөшүү столуна кайтуу жөнүндөгү чакырыгын колдойт.


Палестина аны күнкорсуз мамлекет деп таанып, БУУга мүчө кылып кабыл алууну сурап арыз берүүсүн колдогон демонстрация. Батыш Иордандын Рамалла шаары. 21-сентябрь 2011
Палестина аны күнкорсуз мамлекет деп таанып, БУУга мүчө кылып кабыл алууну сурап арыз берүүсүн колдогон демонстрация. Батыш Иордандын Рамалла шаары. 21-сентябрь 2011
Палестинаны мүчөлүккө кабыл алууга ошондой эле Израил, Германия, Нидерландия, Чехия, Швеция дагы башка өлкөлөр каршы турду. Виктория Нуленд айымдын сөзүнчө Палестинаны ЮНЕСКОго кабыл алуу али эрте, себеби Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракетине кедерги болот.

Израил добуш берүүнүн жыйынтыгын “трагедия” деп мүнөздөп, ЮНЕСКОго мүчөлүк акы төлөөнү токтото турганын билдирди.

Тескерисинче, Палестин жетекчилиги автономиянын эл аралык уюмга өтүүсүн Палестинаны мамлекет катары таануу жолундагы маанилүү кадам деп санайт. “Палестинаны ЮНЕСКОго кабыл алуу биздин укугубуздун, адилеттүүлүктүн жана эркиндиктин жеңиши”,-деди президент Махмуд Аббас. Анын өлкөнү БУУга толук укуктуу мүчө кылып кабыл алуу жөнүндөгү арызы Коопсуздук кеңешинде 11-ноябрда талкууланат.

АКШ буга дейре 1980-жылдары президент Роналд Рейган кезинде ЮНЕСКОго бойкот жарыялап, уюмдан чыгып кеткен жана 2003-жылы президент Жорж Буш тушунда уюмга кайра кирген.

XS
SM
MD
LG