Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Кадырбеков: Прокуратура президенттин жеке кеңсеси эмес


Даниел Кадырбеков
Даниел Кадырбеков

Прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече жыл мурдагы сөзүн бурмалап монтаждаган деп, бул үчүн атайын чара көрүлөрүн ырастоодо. Буга чейин да бир нече адамдарга атайын кызмат эскертүү берген. Айрымдарынын иши сотто.

Прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече жыл мурдагы сөзү бурмаланып, монтаждалганын билдирип чыкты. Эми аны жасагандарга чара көрүлөрү кабарланууда. Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп адегенде үч жыл мурда журналист Дайыр Орунбековду сотко беришкен, ал чатак дале бүтө элек. Андан кийин Фейсбукта "Мурч" аттуу баракчанын ээси делген адам суракка алынган.

Ошондой эле УКМК бир топ адамдардын тизмесин жарыялап, алар өлкө башчысынын кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды бөлүшкөнүн билдирген. Темирлан Ормуков аттуу активист келекелеп ыр жазган делип суракка алынган.

Кыргызстандын төртүнчү президентинин аброюн тиешелүү кызматтар ашкере коргоп жаткан жокпу? Эл аралык бийлик чөйрөсүндө бул маселе кантип чечилет? Бул суроолорду Жапонияда окуган саясат таануучу Даниел Кадырбековго узаттык:

Даниел Кадырбеков: Коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура - бул мамлекеттик органдар. Президент жеке колдоно турган кеңселер эмес. Эгер президенттин коопсуздугуна коркунуч туулса, же мыйзам чегиндеги ыйгарым укуктарын аткарганга бирөө жол бербей атса, ошол убакта жардам беришсе болот.

Ал эми президенттин жеке намысына сөз тиет деген жасакерчилик, иш билбестиктин белгиси. Совет доорундагы авторитардык практикадан калган нерсе. Президент эң жогорку мамлекеттик жумуш эмеспи. Ошол киши бирөө менин намысыма тийип койду эле деп атайын кызматтарды өзүнө иштетип аткан шартта мамлекеттик мекемелердеги баланс жоголот. Жада калса бул узурпацияга алып барат.

Намыс деген эмне? Ал абстракттуу. Ага тарых баа берет. Мисалы, бирөө жинди деп койсо эле жинди болуп калбайсың да...

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.

"Азаттык": Даниел мырза, ошентсе да Кыргызстанда президенттин бедели атайын мыйзамдар менен корголорун, тиешелүү кызматтар ошону бетке кармап жатканын эскерте кетейин. Бул жаатта эл аралык тажрыйба кандай? Батыш өлкөлөрүндө же сиз окуп жаткан чыгыш өлкөсүндө президенттин, лидердин кадырын кантип коргошот?

Даниел Кадырбеков: Жапонияда премьер-министрди гезит-теледенби, көчөдөнбү эмне деп гана сөгүшпөйт. “Иттин баласы”, “саткын” дегендер да бар. Бардык эле жерде эл арасында түрдүү адамдар, тили уу кишилер көп да. Ар кайсы жаран өз оюн ар кандайча билдирет. Ал үчүн мамлекеттик ресурстарды сарптап, анан калса куугунтуктоо логикага жатпайт. Иш козгоп, тиешелүү кызматтардын убакыт саатын, салык төлөөчүлөрдүн акчасын коротушпайт.

Мисалы, АКШ, же Евробиримдикти алсак. Бирөөнүн ою үчүн салык төлөөчүлөрдүн акчасын кетирип, бирөөнү куугунтуктоо рационалдуу, сарамжал кадам эместигин жакшы билишет. Ошон үчүн буларда андайларга жөн гана көңүл бурушпайт.

"Азаттык": Бизде социалдык сайттарда ээнооздук абдан күчөп кеткени талашсыз. Ошол эле учурда алар аткаминерлер, президент деле ушинтип жатпайбы дегенин окуп калабыз да. Чынында президентибиздин айрым билдирүүлөрү көп талкууларды чыгарууда. Сиз саясат таануу илимин окуп атасыз, лидерлердин лексикону кандай болушу керек? Атайын норма барбы?

Даниел Кадырбеков: Жазылган бир норма жок. Бирок, бир нерсеге көңүл буралы. Адегенде эл лидер болчу адам менен мунасага келет. Бизди өнүктүрүшүң керек, билим берүү, медицина сыяктуу базалык кызматтарды камсыздайсың деген айтылбаган макулдашуу бар да. Ошентип өзүнүн өкүлү кылып аткандан кийин эл башчылары символ, үлгү болушу керек. Сүйлөгөндө ойлонуп, узак мөөнөт унутулбай турган маанилүү нерселерди айтышы зарыл да. Ар бир сөзүндө бир багытты көрсөтүп турушу керек. Ал эми көчө сөзү менен оппоненттерин жамандап туруп алуу майда чиновниктердин деңгээли. Ал лидер катары калыптанбагандыкты көрсөтөт.

"Азаттык": Ошентсе да, лидерликтин анык үлгүсү катары дүйнөгө таанылып, ондогон жылдар эл эсинен өчпөгөн кимдерди айта аласыз? Эмнелери менен эсте калышты алар?

Даниел Кадырбеков: Алыс барбай эле АКШны сегиз жыл башкарган Барак Обаманы алалы. Ал көрүнүктүү лидер катары эсте калат го дейм. Себеби ички-тышкы саясатта, элди бириктирүү жаатында аябай чоң, маанилүү саясий кадамдарды жасады. Ар бир чечиминде, сүйлөгөн сөзүндө, идеясында терең маани жатат.

"Азаттык": Албетте, Обамага кийинирээк баа берербиз. Андан мурдагы, азыр тарыхтан оң баа алган кимдерди айта аласыз?

Даниел Кадырбеков: Черчиллди айтсак болот. Ал дагы башында сөзгө өтө чечен эмес, жөнөкөй бюрократ болгон. Бирок, экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы жылдарындагы сөздөрүн, саясий чечимдерин карап көрсөңүздөр глобалдык деңгээлдеги чоң лидерге айлана баштаганын көрөсүздөр.

Ошондой эле Ирандын революцияга чейинки лидери, шах Мохамед Реза Пехлевини айтсак болот. Демократия жолу менен шайланып келген. Модернизация жолуна түшүп, светтик коом курам деген адам. Аны да чоң, маанилүү саясатчы деп эсептейт элем. Революция болуп кеткен үчүн анын ишинин натыйжалары көрүнбөй калган.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG