Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Президенттин айыптоолору айтылган бойдон калдыбы?


31-август, 2016-жыл
31-август, 2016-жыл

Президенттин өткөн эгемендик майрамында убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн айыптаган билдирүүсү боюнча козголгон кылмыш иштеринен жыйынтык чыга элек.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы талап-тоноочулук, банк кутучаларынан алынган миллиондор жана Кадыржан Батыровду качыруу фактылары боюнча иликтөө иштери бүтө электигин билдирди. Ошол эле кезде айрым саясатчылар президенттин айткан сөзү менен аткарган иши дал келбей жатканын сынга алышууда.

Эгемендик майрамындагы “эрөөл”

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 31-августтагы эгемендик майрамындагы куттуктоо учурунда убактылуу өкмөттөгү мурдагы саясий өнөктөштөрүн айыптап, чуулгандуу билдирүү жасаганы белгилүү. Мына ошондон соң Башкы прокуратура 2010-жылдагы июнь коогасына айыпталган Кадыржан Батыровдун качып кетишине жол берген жагдайлар боюнча кылмыш ишин ачкан эле. Буга атайын кызматтын жаңы жагдайлар боюнча ыкчам маалыматтары негиз болгону айтылган. Башкы прокуратура ушул күнгө чейин мына ошол иштер иликтенип бүтө электигин билдирди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн тикелей айыптап, алардын жоопкерчилигин карай турган күн алыс эмес экенин айткан эле:

Эгемендик: Отунбаева аянттан кетип калды

Эгемендик: Отунбаева аянттан кетип калды

Эгемендик: Отунбаева аянттан кетип калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Бишкекте өтүп жаткан Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калды. Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына токтолуп, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров башында турган саясатчылардын аракетин сынга алып жаткан. Буга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышты. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон.

- Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү эртеби-кечпи мародерчулук үчүн, банк кутучулары үчүн жана Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттерди колдогону үчүн жооп берчү күн келет. Анын качышын уюштургандар дагы жооп беришет. Айрым убактылуу өкмөт мүчөлөрү кызматынан пайдаланып аябай байыган. Азыр булар боюнча бизде түздөн-түз далилдер жок. Анткени күч түзүмдөрүндө ошол кезде отурган мурунку жетекчилер анын изинин бардыгын “тазалашкан”. Айрыкча мародерчулуктун изин. Бирок эртеби-кечпи чындык ачыкка чыгат. Мен буга толук ишенем.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикирлерди жараткан. Алмазбек Атамбаев бул сөздөрдү сүйлөп жатканда ага нааразылык иретинде өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаева “Ала-Тоо” аянтында трибунаны таштап, кетип калган. Атамбаев Отунбаевага дагы “2010-жылы президент болуп шайланган эмес” деп тил тийгизген жайы бар. Президент мурдагы убактылуу өкмөт мүчөлөрүн оор кылмыштарга айыптап, иликтенерин айтканы менен, кийин андан кандайдыр бир жыйынтык чыкпаган шекилди.

Айтылган сөз, чубалган чуу

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров президент Алмазбек Атамбаевди айткан сөзүнүн өтөсүнө чыга албады деп сынга алды:

- “Хандын сөзү эки болбойт” дейт. Бирок анын сөзү эки эмес, бүгүнкү күндө бешке чейин чыгып кетип жатат. “2010-жылдагы мародерлорду табабыз” деген. Кана тапканы? "Банктын кутучуларынан кимдер миллиондорду алып алганын билебиз" деген. Билсе эмне үчүн ушул кезге чейин аларды жашырып отурат? "Июнь коогасын ким чыгарганын билебиз" деген. Ошонун бардыгын билгенден кийин эмнеге ушул күнгө чейин жыйынтык чыккан жок? Ошонун бардыгы эми качан чыгат? Же болбосо айтылган сөз, аткарылбаган убада боюнча ошол бойдон кала береби? Бул жерде маселе эмнеде?

Анткен менен президенттик аппараттын маалыматы саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов 2010-жылдагы чуулгандуу иштердин бетин ачуу үчүн убакыт керек экенин айтты. Мына ошого карабастан Алмаз Үсөнов президенттин билдирүүсүндөгү айрым жагдайлар чекесинен ырасталып жатат деп билдирди:

- Президент өз сөзүндө эртеби-кечпи ошол иштердин бети ачылат деп айткан. Бирок ал азырынча колдо далилдер аздыгын, алардын бардыгын ошол кездеги укук коргоо органдарынын жетекчилери жок кылып салышканын айтып жатпайбы. Бул боюнча козголгон иштер боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Айрым жагдайлар боюнча чындык акырындан чыга баштады. “Белиз” ишинин арты менен депутат Салянованын Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берип салганы ачыкка чыгып калбадыбы. Анан “Мегакомдун” 51 пайызы эмне себептен улутташтырылбай калып кеткени ачыкка чыкты. Мына ушуга окшогон учурлар боюнча чындык четинен калкып чыгып жатпайбы.

“Белиздеги” чындыктын ырастамасы

Белизден алынган жооп

Белизден алынган жооп

Пеннил апостил менен Белиздеги“Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колун гана тастыктаганын, бирок ал документтердин мазмуну эмне жөнүндө экенин билбей турганын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн документтер тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди.

“Белиз ишин” “Ата Мекен” партиясы атайын кызмат жетекчисинин айла кеткендеги аракети катары баалады. УКМК төрагасы Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын үч депутатын – Текебаевди, Салянованы жана Шыкмаматовду “Мегкомдун” мурдагы кожоюндарына үлүшүн калтыруу үчүн акы алган деп айтып, Белиз мамлекетинен документтер келгенин билдирген болчу. Бирок “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматов УКМК төрагасынын жарыялаган маалыматтары иш жүзүндө ырасталган жоктугун айтат:

- Биз дагы Белизден тиешелүү документтерди суратып, алып келдик. Биздин документтер алардыкына караганда бир топ ынанымдуу. Анткени биз “Сегизбаев айткан компанияда канча үлүшүбүз бар экенин тактап бергиле” десек “силердин ага тиешеңер жок” деп мөөрү менен ырасталган документ келип жатпайбы. Дагы анан эмне керек? Бул мектеп окуучусуна деле түшүнүктүү болуп турат. Бирок УКМК төрагасы үч саясатчыны каралап, элге жаман көргөзүү үчүн тиешелүү маалымат каражаттары аркылуу улам эле негизи жок маалыматтарды жайылтып жатпайбы. “Каралай берсек эл ишенет” деп жатышса керек.

Ошол эле кезде КСДП фракциясы 2010-жылдагы иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилге көтөргөн. Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссияны КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков жетектейт. Бирок ошондон бери бул ишти иликтөөгө алган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктай элек. Комиссия төрагасы иштин көлөмүнүн көптүгүнөн улам бул жагдайларды иликтөө мөөнөтүн узартууну сураган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG