Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

БУУ: Сирия боюнча чечим колдоо таппады


Коопсуздук кеңеши
Коопсуздук кеңеши

Москва менен Бээжин Сирияга санкция жарыялоо боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимине вето койду. Чечим батыш өлкөлөрү тарабынан даярдалган. Алар Сирия бийлиги химиялык курал пайдаланган деп, санкция киргизүүнү сунуштаган. Бул арада БУУнун көз карандысыз комиссиясы Женевада Сириядагы аскерий кылмыштар боюнча баяндамасын жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун көз карандысыз комиссиясы Сирия боюнча баяндамасын 1-мартта Женевада жарыялады. Анда өткөн жылы Алеппо шаары үчүн күрөштө Сирия аба күчтөрү хлор колдонгон деп айтылды.

Мындан бир күн мурун, 28-февралда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши химиялык курал колдонгону үчүн Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүнө каршы санкция жарыялоого аракет жасаган эле. Андай чечим кабыл алууну Коопсуздук Кеңешине батыш өлкөлөрү сунуштаган. Бирок Орусия жана Кытай ал чечимге вето койду.

Батыш өлкөлөрү Сирия бийлигине санкция жарыялоо чечимин БУУ жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун маалыматтарына таянып сунуштаган. Бул уюмдардын маалыматында Башар Асаддын күчтөрү жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму ууландыруучу газ колдонууга жоопкерчиликтүү деп аталган.

Сирия бийлиги химиялык курал колдонду деген айыптоолорду четке кагып келет. Орусия Коопсуздук Кеңешине сунушталган чечимге вето коюуну далилдердин жетишсиздиги менен байланыштырган.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Сирияга санкция жарыялоо чечими сунушталып жаткан мезгилде Кыргызстанда иш сапар менен болгон орус президенти Владимир Путин санкция Женевадагы сүйлөшүүлөргө жардамын бербейт эле деди:

- Сирия бийлигине каршы санкцияларга келгенде, ал менин оюмча такыр эле орунсуз. Ал сүйлөшүү жараянына жардам бербейт. Ал жардам бермек эмес. Ал тескерисинче жолтоо кылмак же сүйлөшүү жараянындагы ишенимди жокко чыгармак. Орусия Сирияга карата эч кандай санкцияларды колдобойт.

Британиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Мэттью Райкрофт бул Орусиянын Сирия боюнча беш жыл ичиндеги жетинчи ветосу экенин белгилеп, ветого Кытайдын да кошулганына таң калуусун билдирди. Ал вето Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине ишенимди жоготот деди.

АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли вето коюлган күндү Коопсуздук Кеңештеги кайгылуу күн деди:

- Орусиялык досторума айтарым, бул чечим өтө орундуу болчу. Бул эми Коопсуздук Кеңешиндеги оор күн болуп калды. Ага мүчө өлкөлөр өз элин кырган өкмөттөрдү актап, калкалап жатышат. Дүйнө сөз жок коркунучтуу болуп калды.

Эгерде БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган чечим кабыл алынса, анда Сирия расмийлерине, аскерий жетекчилерге, компанияларга жана химиялык курал өндүрүшүнө тиешеси бар тараптарга санкция киргизилмек.

1-мартта Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы 34-сессиясында БУУнун көз карандысыз комиссиясынын баяндамасы жарыяланды. Ал баяндамада тыюу салынган курал Сирияда 2016-жылы колдонулуп, ал жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген деп айтылат. Хлор бомбалар Сирия аба күчтөрү тарабынан ташталган, Орусия учактарынын ага тиешеси жок деп белгиленген.

Улуттар Уюмунун комиссиясы ошондой эле Сирия жана Орусия учактары мелжөөгө жана башкарууга мүмкүн болбогон бомбаларды таштап, ал күнөөсүз адамдардын курмандыгына алып келген деп атаган.

Комиссия баяндамасында өткөн жылы Алеппо үчүн күрөштө өкмөттүк күчтөр тарабынан да, жоочулар тарабынан да согуш мыйзамдарын бузуу болгон деп айтылган.

БУУнун комиссиясынын баяндамасынын жарыяланышы Сирия бийлиги менен оппозициянын Женева сүйлөшүүсү жүрүп жаткан мезгилге туура келди. Белгилүү болгондой Астана сүйлөшүүсүнөн кийин каршылашкан тараптар Женева сүйлөшүүсүн улантууну чечкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG