Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Манафорттун АКШдан КМШга чейинки иштери


Пол Манафорт.
Пол Манафорт.

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафорт Орусия президенти Владимир Путиндин пайдасы үчүн, ошол эле кезде анын оппоненттерине каршы болгон саясий стратегияны жашыруун сунуш кылган деп айтылууда.

Мындай кабарды 22-мартта "Ассошэйтед Пресс" басылмасы таратты. Буга чейин украиналык депутат бир кездери мурдагы президент Виктор Януковичтин кеңешчиси болгон Манафортко Региондор партиясы 750 миң доллар төлөгөнүн, ал акча Кыргызстандагы банк аркылуу которулганын билдирген.

"Ассошэйтед Пресс" агенттиги колуна түшкөн материалдарга таянып, Манафорт сөз болгон планды орусиялык белгилүү бизнесмен Олег Дерипаскага 2006-жылы сунуш кылганын, стратегия АКШ, Европа жана постсоветтик аймактагы саясатка, бизнес келишимдерине жана маалымат каражаттарына президент Путинге пайда алып келгидей таасир этүү жолдору каралганын жазат.

“Дерипаска Трамптын үгүт иштерине аралашканы же аралашпаганы боюнча азырынча суроолор жок. Бирок биздин иликтөө Пол Манафорт дүйнөлүк окуяларга таасир этүүнү көздөгөн орус олигархы менен байланышта болгонун күбөлөп турат”,-деди “Ассошэйтед Пресстин” кабарчысы Жефф Хорвитз.

Маалыматтарга караганда, Манафорт Кремлге жакын ишкер Дерипаска менен келишимге кол койгон. Экөөнүн бизнес байланышы кеминде 2009-жылга чейин уланган. Бул убакыттын ичинде Манафорт кеминде 50 миллион доллар акы алган.

Буга чейин Трамптын администрациясы да, Манафорт өзү да Орусиянын кызыкчылыгына эч качан иштебегенин айтып келишкен.

Манафорт акыркы кездерде Трамптын шайлоо штабынын жетекчиси катары таанылган. Бирок 2016-жылдын август айында орус атайын кызматтары менен байланышы болгону жана Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин партиясына иштеген кездеги мыйзамсыз төлөмдөрү тууралуу маалыматтар тарагандан кийин Трамптын шайлоо кампаниясынан кетүүгө аргасыз болгон. Америкалык маалымат каражаттары ал орусиячыл Региондор партиясынан 13 миллион доллар алганын жазышкан. Ошондой эле Манафорттун Дерипаска менен кызматташтыгы жөнүндө да сөз болуп, ал орусиялык миллиардерге украиналык компанияны сатып алууга жардам берген деп айтылган.

Манафорт өзү "Ассошэйтед Пресске" Дерипаска менен иштегенин бышыктады. Бирок алардын кызматташтыгы артында эч кандай саясат жок болчу деп ырастоодо. Анын билдирүүсүндө он чакты жыл мурун Дерипаска инвестиция салган өлкөлөрдө анын бизнес жана жеке иштери боюнча өкүлү болгону айтылат.

Агенттик Дерипасканын Москвадагы маалымат өкүлү Манафорт жөнүндөгү суроолорго жооп берүүдөн баш тартканын, бирок 2008-жылы компаниянын өкүлү бизнесмен анын фирмасын эч качан жалдабаганын айтканын жазат.

"Ассошэйтед Пресс" атын атабаган америкалык расмий адамга шилтеме кылып маалымдагандай, Трамптын жана жакындарынын Орусия менен байланыштарын иликтеп жаткан АКШ чалгындоо кызматтары дал ошол Манафортко өзгөчө көңүл бурушууда.

Арийне ФБРдин директору Жэймс Коми ушул аптада Конгресстеги угууларда ал адамдын иликтөөнүн чордонунда болгонун айтуудан баш тарткан. Президент Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер NBC News каналынын суроосуна жооп берип жатып, “Ак үйдүн кызматкери болбогон адам боюнча комментарий берүү туура эмес болот” - деп чектелди.

Алдынкы күнү, 21-мартта Украина парламентинин депутаты Сергей Лещенко Януковичтин Региондор партиясы Манафорт көргөзгөн кызмат үчүн офшор жана күмөндүү банктар аркылуу акча төлөп турган деп, колунда бир катар документтер бар экенин билдирген.

Партиянын бухгалтердик отчетунда Януковичтин ошол кездеги кеңешчиси Манафортко 2009-жылы, президенттик шайлоого үч ай калган мезгилде 750 миң доллар которулганы жазылган. Бул акча саясий консультация эмес, компьютер жабдыктары үчүн төлөнгөнү көрсөтүлгөн, - деп белгиледи Лещенко.

"Бул үчүн Белизде катталган офшордук компания менен түзүлгөн келишим пайдаланылган. Каражат болсо Кыргызстандагы банк аркылуу которулган", - деп айткан депутат эми Украинада жана АКШда териштирүү баштоого негиз бар деди.

Манафорт болсо мыйзам бузганын танып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG