Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Бельгия теракт курмандыктарын эскерди


Бир жыл мурдагы удаа болгон чабуулдарда 32 киши набыт болгон.
Бир жыл мурдагы удаа болгон чабуулдарда 32 киши набыт болгон.

Бельгияда бир жыл мурдагы террордук чабуулдардын курмандыктарын эскеришти.

Падыша Филипп, ханыша Матилда жана премьер-министр Шарльз Мишельдин катышуусундагы эскерүү иш-чарасы Завентем аэропортунда таңкы 7.58де бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды.

Бир жыл мурун, таңкы саат 7.58де аэропорттун учуу залында эки жанкечти өздөрүн жардырып жиберишкен.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн соң, бир жыл мурда Белгиянын баш калаасы Брюсселдин Завентем аэропортунда жана Малбек метро станциясында болгон кош жардыруудан мерт кеткен 32 кишинин ысымдары окулду.

Шаршембиде өткөн эскерүү иш-чарасына өлкө падышасы Филипп, ханыша Матилда, өкмөт башчы Шарльз Мишель баш болгон министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аэропорттун кызматкерлери жана курман болгондордун жакындары, туугандары катышты.

Бир жыл мурунку каргашада аялынан айрылган Ларс Ветцман эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөп, көз жашын тыя алган жок.

- 2016-жылдын 22-мартында жашообуз астын-үстүн болуп калды. Эч элестете албаган каргашага кабылдык. Ошол күнү мен өзүмдүн жаркыраган келинчегимден ажырап калдым. Мен өзүмө көп жолу суроо бердим. Биз ошондо 10 мүнөт кеч барсак эмне болмок эле? Же жайыраак айдап барсам эмне болмок? Бир секундада дүйнөм өзгөрдү. Нью-Йоркко баратам деген толкундоом элестете алгыс окуя менен аяктады.

Эскерүү иш-чаралары Завентем аэропортунда жана Мальбек метро станциясында өттү.
Эскерүү иш-чаралары Завентем аэропортунда жана Мальбек метро станциясында өттү.

Түштөн кийин эскерүү иш-чарасы Малбек метро станциясында уланды. Бир жыл мурда жанкечтилердин экинчи жардыруусу дал ушул жерде ишке ашып, 16 адамдын өмүрүн алган. Падыша Филипп каргаша болгон жерге гүлчамбар койду.

Европа комиссиясынын Белгиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жиммир Жамар теракттардан кийин эл коркуп калбай, ар башка диндегилердин ортосунда тилектештик пайда болгонун белгилейт:

- Бул абдан кайгылуу окуя болду. Брюссель Европадагы көп улуттуу шаарлардын бири. Анын өз балуулуктары бар, айтайын дегеним теракттан кийин да ар башка диндегилер ортосунда жек көрүчүүлүк пайда болгон жок. Баары чогуу, ынтымакта жашоону улантышты. Тескерисинче, кандуу окуядан соң адамдарда кандайдыр бир тилектештик пайда болду. Ал нерсе бүгүн да бүтүндөй өлкө боюнча байкалып турат.

Падыша Филипп каргаша болгон жерге гүлчамбар койду.
Падыша Филипп каргаша болгон жерге гүлчамбар койду.

Ошондой эле шаршембиде Брюсселдин негизинен Евробиримдикке тиешелүү инситуттардын баш кеңселери жайгашкан европалык бөлүгүндө курмандыктардын элесине арналган эстелик орнотулду.

Бельгиялык сүрөтчү жана скульптор Жан-Анри-Компердин колунан чыккан эстеликтин узундугу 20 метр, бийиктиги эки метрди түзүп, дат баспаган болоттон жасалган. Автордун айтымында, акырындап барып, бийиктеп кеткен бул эстелик айкөл күчтөр эч качан ийилбей, өйдө көтөрүлүп, экстремисттерге каршы тура алаарын көрсөтүп турат.

Ошондой эле шаршемби күнү Брюсселдин бир нече бөлүгүндө эскерүү иш-чаралары өттү. Калаанын түштүгүндөгү Фор де Суань эс алуу жайында шаардыктар 32 ак кайың тигишсе, Моленбек районундагы мектептердин биринин окуучулары асманга 32 көгүчкөн кое беришти.

2016-жылдын 22-мартында аэропорттун учуу залында эки жанкечти террорчу өзүн жардырып жиберген. Ага удаа калаадагы метродо жардыруу болуп, жалпысынан бул удаама-удаа жардыруулар 32 адамдын өмүрүн кыйган. Чабуул үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Полиция аэропорт менен метродогу жардырууларды Халид жана Ибрагим ал-Бакравий деген ага-ини жанкечтилер жасаганын аныктаган. Алардын шериги, үчүнчү жанкечти - 24 жаштагы Нажим Лашравий болгону кийинчерээк аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG