Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Брюсселде коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Брюсселде коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге күчөтүлдү
Брюсселде коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге күчөтүлдү

21-ноябрдан тарта Брюсселде метро иштей элек. Коомдук транспортто, поезддерде, вокзал-аэропорттордо коопсуздук чаралары абдан күчөтүлдү.

Күчөтүлгөн коопсуздук чаралары дүйшөмбүдө да улантылаарын өлкөнүн премьер-министри Шарль Мишель жекшемби кечинде билдирди. 23-ноябрда бардык окуу жайлар жабык болот, метро иштебейт. Бийлик тургундарды эл көп чогулуучу жерлерден мүмкүн болушунча оолак турууга чакырды. Белгиянын ички иштер министри Ян Жамбондун айтымында, террорчулукка шектелип, ушул тапта изделип жаткан адамдар жакынкы аралыкта калаба уюштурушу ыктымал деген коркунучтар бар.

21-ноябрдан тарта Брюсселде метро иштеген жок, коомдук транспортто, поезддерде, вокзал-аэропорттордо коопсуздук чаралары абдан күчөтүлдү. Мурдараак 13- ноябрда Франциянын баш калаасы Парижде болгон терактарга катыштыгы бар деп шектелип жаткан Салах Абдесаламды издөө иштери Брюсселде жүрүп жатканы кабарланган.

Белгия бийлиги шектелип жаткандардын баардыгы кооптуу жана куралчан болушу ыктымалдыгын билдирди. Өлкөнүн премьер-министри Шарль Мишель өкмөт жардыруучу зат жана ок атуучу курал менен жабдылган адамдар бир же бир нече жерде теракт уюштурушу мүмкүн деген ишенимдүү маалыматка ээ экендигин айткан. Мындай маалыматты Белгиянын ички иштер министри Ян Жамбон дагы бир ирет ырастады:

- Биз эмне себептен Брюсселдин өзүндөгү коопсуздук эрежелерин эң жогорку денгээлге - төрт деген баллга жеткирдик? Анткени шаар аймагында куралчан, жардыруучу заттары бар адамдар тууралуу кабардарбыз. Иликтөө иштерине байланыштуу мындан башка маалымат бере албайбыз.

Белгиянын премьер-министи Шарль Мишель
Белгиянын премьер-министи Шарль Мишель

Ушул тапта Брюсселдин көчөлөрүн жана жака белин коопсуздук күчтөрү дыкаат кайтарууга алды. Коомдук транспорттун басымдуу бөлүгү иштеген жок. Бийлик шаардыктарды жана меймандарды эл арбын топтолгон жайларга, анын ичинде чоң дүкөндөргө, концерттик залдарга, вокзал жана аэропортторго барбай турууга чакырды. Ошондой эле шаарда ири маданий иш-чараларды, футболдук беттешүүлөрдү да токтото туруу чечилди.

Брюсселдин көчөсүндөгү соодагерлердин бири Сальвадор шаардагы коопсуздукту камсыздоону мындайча айтып берди:

- Азыр бардык жайлар кайтарылууда. Бул бир жагынан бизге коопсуздук камсыздалган деген ишеним берүүдө. Коркунучтуу делген аймактарга теракттар болуп кетпесин деп алдын алып атайын аскерлер да жиберилди. .

Атайын кызматтар Париждеги теракты жасоого шектүүлөрдүн бири Салах Абдесалам Сирияга чыгып кетиши мүмкүн деген шектен улам Белгиянын чек араларын күчөтүлгөн көзөмөлгө алышты. Абдесаламдын достору АВС каналына берген маегинде, кылмышкер деп шектелип жаткан Салах алар менен скайп аркылуу сүйлөшкөнүн жана досторуна капканга камалып калдым дегенин айтышкан. Анткени бир жагынан Европанын атайын күчтөрү ага издөө салышса, экинчи жагынан "Ислам мамлекети" экстремистик тобу Парижде Салах белиндеги бомба бекитилген жанкечтинин курун жардырбаганына нааразы экенин айткан.

Белгиянын дагы бир RBTF телеканалына курган маегинде Салахтын бир тууган агасы Мохаммед аны бийликтерге колго түшүп берүүгө чакырып, аны көрүстөндөн эмес түрмөдөн көргүсү келгенин айтты. Абдесалам инисин эсктремисттер өз катарына азгырып кеттишкен деп сүйлөдү. Белгиянын премьер-министри болсо Салах Абдесалам кармалмайынча өлкөдөгү коопсуздук чараларынын дээңгели күчөтүлгөн бойдон кала берерин билдирди.

Буга чейин Белгияда Париждеги терактарга катыштыгы бар деп шектелген үч адам камакка алынган.

Брюсселдин полициясы 21-ноябрда жүргүзүлгөн рейд маалында жардыргыч заттарды жасаган лабортория аныкталганын маалымдашкан. Ал жактан ошондой эле курал-жарак табылган. Брюсселден башка Белгиянын аймактарында коопсуздук чаралары орточо дээңгелде сакталууда.

Ал тапта ишембиде Түркияда террорчулука шектелген үч адам кармалды. Алардын бири - түбү марокколук, Белгиянын жараны Ахмет Дахмени Париждеги чабуулдар уюштурула турган жерлерди аныктап берген деп шектелүүдө.

Калкы бир миллион адамдан ашыгыраак Брюссельде Евробиримдиктин, НАТОнун жана башка көп ири корпорациялардын баш кеңселери жайгашкан.

13-ноябрда Парижде болгон жардыруудан 130 киши набыт кеткен. Андагы жардырууларды уюштурганын “Ислам мамлекети” террордук тобу мойнуна алган.

Андан кийин 18-ноябрда Париждин Сен-Дени районунда жүргүзүлгөн антитеррордук операцияда экстремист деп шектелген сегиз адам камакка алынган, үчөө жок кылынган. Алардын бири жанкечти аял өзүн-өзү жардырып жиберген. Француз полициясы катар-катар терактарды уюштурган тогуз адамдын сегизинин тек-жайы аныкталганын кабарлаган.

26 жаштагы Салах Абдесалам Париждеги террактарды уюштургандардын бири деп шектелүүдө.
26 жаштагы Салах Абдесалам Париждеги террактарды уюштургандардын бири деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG