Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Путиндин ойрон болгон “блицкриг” далаалатына эки жыл


Херсон облусундагы Геническ шаарында. 06.3. 2022.
Херсон облусундагы Орусиянын аскерлери убактылуу басып алган Геническ (Гені́чеськ) шаарында жергиликтүү тургундар нааразылык жыйынга чыгышкан. 06-март, 2022-жыл.

Путиндин майнапсыз “блицкриги”

Орусиянын баскынчыл президенти Владимир Путин 2022-жылы 24-февралда эгемен Украинага кеңири өлчөмдө согуш аракеттерин баштаганда, Кремлдегилер бул согуш чагылгандан тез жүрөт ко, деп самаган. Турмуш чындыгы согушчандардын тилегин таш каптырды. Эми кантип тынчтыкка жетишүү керек? Тарыхчынын блогу.

XXI кылымдын башында жашап жаткан эч бир карапайым эл ар кандай баскынчыл согушту каалабайт. Кантсе да, XX кылымдагы эки дүйнөлүк согуш адамзат үчүн жалпы сабак берип койду го.

Бирок айрым авторитардык өлкөлөрдүн саясий лидерлери карапайым калайыкка кирбейт эмеспи.

Орусияда 2000-жылдан бери “түшпөс хандарча” бийликте кала берип жаткан президент Владимир Путин дагы жөнөкөй калайыктын сабында жок. Ал – түшпөс лидер. Быйыл да Путин “Орусия элине жаңы мөөнөткө кызмат кылып берүү” үчүн президенттик “атаандаш” делген шайлоого, иш жүзүндө, шайлоо деген түшүнүктү шылдыңга алчу жүрүмгө башкы талапкер катары катышууда.

Бирок быйылкы саясий жүрүмдөрдө анын лидерлик бейнеси үчүн зыяндуу жана коркунучтуу бир көлөкө түшүп жатат. Бул көлөкө Орусиядагы калайыктын көпчүлүгү колдогон оппозициячыл саясатчылардын көзүнүн тазаланышына, абактарга салынышына жана чет өлкөлөргө бозгунга кетүүгө мажбур болгондугуна карабастан, Путиндин асманындагы Күндү көө сымал жаап турат.

Ал көлөкө – эки жыл мурда, 2022-жылдын 24-февралында Владимир Путин капысынан баштаган “чагылгандай тез согуш”.

Нацисттик “блицкриг”

Салгылашууларды тез арада оң натыйжалуу аяктоо мүдөөсүн көздөгөн “блицкриг” согуш тактикасы тарыхта өткөн кылымдын 30-жылдарынын ортосунан бери аскердик өнөр термини катары белгилүү.

1935-жылы нацисттик Германиядагы коргоо жана аскер өнөрү көйгөйлөрү чагылдырылган “Немис коргонуусу” (“Deutsche Wehr”) аттуу мезгилдүү басылмада алгачкы жолу “Блицкриг” (немисче “Blitzkrieg”, б.а. “Чагылгандай тез согуш”, “Тез арада жыйынтыкталчу согуш”) термини чукул арада жеңиштүү бүткөрүлчү согуш ыкмасынын (амалынын) аталышы катары эскерилген.

Андан ары нацисттик Германияда бул ыкманы жүзөгө ашыруу камылгалары тездеп жүргөн.

Маселен, Адолф Гитлердин нацисттик өкмөтү “блицкриг” ыкмасын 1939-жылы 1-сентябрда коңшу эгемен Польшага капысынан кол салган маалында колдонгон.

1940-жылы 10-майдан 25-июнга чейин баскынчыл нацисттик Германия өз аскерлерин өлкөнүн батышындагы Арденне (франсузча “Ardennes”) тоо кыркалары аркылуу капысынан жөнөтүп, алты аптанын ичинде франсуз, белгиялык жана нидерланддык аскер топторун ойрон кылган.

Нацисттер бул чагылгандай тез согуштун Белгия, Нидерланддар жана Лүксембургга каршы бөлүгүн “Гелб планы” (“Fall Gelb”) деп аташкан, ал эми Францияга каршы улантылган анын экинчи бөлүгүн “Рот планы” (“Fall Rot”) деп аташкан. Нацисттердин мыкты танктарын кубаттуу аскер учактары абадан колдоого алган. Акыры 1940-жылы 25-июнда Франция нацисттерге багынып берген.

Арийне, Адолф Гитлер өзү “блицкриг” сөзүн расмий колдонбогондугу белгилүү. 1941-жылы ноябрда Гитлер бул сөздү “таптакыр кеңкелестик сөз” деп баалаган. Бул сөздүн алгач нацисттик Германиянын согуш ыкмасынын аты катары кеңири жайылышынын башаты – улуу британиялык антифашисттик басылмалар болгон, деген да жоромолдор бар.

Буга карабастан, гитлердик Германия ар дайым аскердик технологияны колдонуу менен ыкчам согуш натыйжасына жетишүү далаалатын колдонууга умтулгандыктан, тарыхта германдык нацисттердин далаалаттары азыркы адабиятта деле “блицкриг” катары шарттуу сыпатталууда.

Гитлердин өкмөтү 1941-жылы 22-июнда чыгыштагы өзүнүн 1939-жылдын 23-августунан берки “шеригине” – Советтер Биримдигине – каршы капыстан баскынчыл согуш баштаган.

Гитлердик “Барбаросса планына” (“Fall Barbarossa”) ылайык, советтик Маскөө деле үч-төрт айдын ичинде кулашы керек болчу. Маскөөнү курчоого алуу жана басып алуу боюнча нацисттик өзгөчө “Тайфун планы” (б.а “(Мухиттеги) капысынан сокчу улуу бороон”) иштелип чыккан.

Нацисттердин алдыңкы аскер топтору 1941-жылы күзүндө СССРдин борборуна чейин 30 гана чакырымдай жакындап жиреп келгендиги белгилүү. Анын айынан 1941-жылы 15-октябрда СССРдин Коргонуу боюнча мамлекеттик комитети (ГОКО; ГК Обороны) Маскөөдөн Куйбышев шаарына (азыркы Самара шаарына) шашылыш көчүрүлгөн. Башкы командачы Иосиф Сталин, бирок, борбор шаарда кала берген.

Маскөөнү коргоодо шаардан түндүк-батышыраактагы Волокаламск автожолунун аймагында генерал Иван Панфиловдун дивизиясынын курамында борбордук азиялыктар (анын ичинде Дүйшөнкул Шопоков сыяктуу кыргызстандык жоокерлер) да айыгыша салгылашкандыктары тарыхта маалым.

Ал эми Маскөөдөн 94 чакырымдай батышыраактагы Волокаламск шаарынын өзү 1941-жылы 27-октябрдан 20-декабрга чейин нацисттердин колунда калган.

Айтор, Евразиядагы гитлердик “тез согуш” пландарын таш каап, акыры бул окуялар 1945-жылы май айында Кызыл армиянын Берлинге туу сайуусу, Чыгыш Германияны ээлеши жана Германиянын батыш аймагынын СССРдин Батыштагы шериктери тарабынан каратылышы, ошондой эл, нацисттик Германиянын 1945-жылы 8-майда шартсыз багынып бериши менен жыйынтыкталган.

Тасма. Владимир Путиндин Украинага каршы согуш баштагандыгы тууралуу Андрей Захаровдун орусча даректүү иликтөөсү. “Проект”. 28.11.2023.

Путин Украинага каршы баскынчыл согушту эмне деп атайт?

Орусиянын президенти Владимир Путин эгемен жана демократиялуу Украинага каршы өзүнүн баскынчыл согушун “нацизмден боштондукка чыгаруу” (“нацистсиздештирүү”; орусча “денацификация”) аракети катары мүнөздөөнү жакшы көрөт. Бул сөз теңчиликке умтулган далай элдерге жагаарын да ал жакшы билет.

Арийне, эгемен Украинага каршы бул баскынчыл согушту Владимир Путин 2014-жылы 2о-февралда Кырым жарым аралына аскердик эн белгиси жок миңдеген орусиялык “жашыл кийимчен” жоокерлерди аттандырганда эле баштаган.

Оболу президент Путин алиги орусиялык “жашыл кийимчен” жоокерлерди Кырымга өзү аттандырганын билмексен болуп, танып да чыккан, бирок бир айдан ашуун убакыт өткөн соң, кайра мойнуна алып сүйлөп, аларды өзү тымызын тапшырма менен жөнөткөнүн маашырлана тастыктаган.

Кийин В.Путин өзүнүн Украинага каршы согуштук аракеттерин “Киевдеги Майданды” (б.а. демократиячыл күчтөр жүзөгө ашырган элдик ыңкылапты) жазалоо үчүн “аргасыздан жасалган аракет” катары баалаган.

Президент Путиндин куру чечендик сөздөрүнүн кампасында “алар согушту өздөрү баштап алышты, биз болсо согушту аяктоого аракеттенип жатабыз да!” деген сыяктуу актанган сүйлөмдөр арбын кезигет.

Арийне, журналисттик иликтөөлөр В.Путин алиги “жашыл кийимчендерди” Кырымга тымызын жөнөткөн күндөрү Киев шаарында дагы эле кремлчил президент Виктор Янукович бийлеп жаткандыгын тастыктады.

Демек, “Киевдеги Майданды ооздуктоо” үчүн орусилык жоокерлер басып киргендиги тууралуу путиндик жомок сөз эч суу кече албайт.

В.Путинге да гитлердик “чагылгандай тез согуш” ыкмасы жагып калгандыгын, бирок ал дагы бул терминден жаа бою качкандыгын 2022-жылдагы окуялар көрсөттү.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругуна ылайык, 2022-жылдын 24-февралынын таңында орусиялык баскынчы аскерлер Украинага кеңири өлчөмдө кол салып киришти.

Тасма. В.Путин аскердик иш-чара тууралуу жарыялады. Радио Свобода. 24.2.2022. (Мында 02:10 мүнөттөн кийин Путиндин сөзүн угуп көрүңүз).

Эгерде 2014-жылдын 22-февралынан кийинки мезгилде орусиялык баскынчы жоокерлер алгач Кырым жарым аралын, андан соң Донбасстын чыгыш жана түндүк-чыгыш аймактарындагы бир катар оодандарды жана шаарларды ээлеп келишкен болсо, ал эми 2022-жылдын 24-февралында расмий Кремл коңшу өлкөнүн түндүк-батыш жана түндүк тарабынан да кол салып, ал түгүл 25-февралында Украинанын борбор шаары Киевдин жанындагы Гостомел аба майданына десант түшүрүүгө далаалат жасаган.

Киев шаары менен Гостомелдин (“Антонов” аба майданынын) аралыгы – азыркы орусиялык аскер базасы жайгашкан Кант шаары менен Бишкектин ортосундагы аралыкка тете, б.а. 25 чакырымдай келет.

Кремлдик үгүтчүлөр түгүл Беларустун президенти Александр Лукашенка дагы 2022-жылы 5-февралда расмий Киевдин бийлиги 3–5 күндө эле кулайт ко деп “пайгамбардык” кылып айтканы жадыбыздан кете элек.

Тасма. "Лукашенко: Украина биз менен эч качан согушпайт, анткени согуш катуу кетсе үч-төрт күнгө созулат!" БЕЛТА. 05.2.2022.

Беларус жумуриятынын аймагы Орусиянын баскынчыл жоокерлеринин айрым топтору үчүн плацдарм кызматын аткарып берди.

“Украинаны 3–5 күндө эле чөгөлөтүү керек” деген кремлчил үгүт машинасынын сыналгы жана интернет аркылуу жарыялары – азыркы таптагы “блицкриг” урааны эмей эмне?

Анын үстүнө Владимир Путин эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согушту кандайча атагандыгын жана атап келээрин жакшы билсеңиздер деле назарыңыздарга сала кетели: бул согушту Путин “атайын аскердик чара” (ААЧ”, орусча “Специальная военная операция”, “СВО”) деп атап келет.

Бул – жөн гана “келди-кетти айтылчу” сөз эмес. Бул сөз – Украинага каршы согуштун расмий аталышын билдирген “ыйык сөз”. Эгерде кимде-ким Орусияда “Украинага каршы согуш жүрүп жатат” деп айтчу болсо жана жогорудагы “ыйык терминди” колдонуудан ачык баш тартса, анда ал бечараны Орусияда абактык жаза күтүп турат.

Буга чейинки советтик жана орусиялык “тергеп сүйлөө далаалаттары”

Оболу, “ала кушту атынан чакыраардан” мурда, тээ 1991-жылы биротоло ыдыраган Советтер Биримдигинде да согушту “тергеп” атаган тарыхый учурлар арбын болгон.

Советтик расмий адабиятта 1939-жылы 17-сентябрда СССР нацисттик Германияга үзөңгүлөш катары эгемен Польшага чыгыш тараптан кол салгандагы согуш аракеттери “Жумушчу жана дыйкандардын Кызыл армиясынын боштондукка чыгаруу жүрүшү” (“освободительный поход РККА”) деп аталган.

1968-жылы эгемен жана реформачыл Чехословакияга каршы аттандырылган советтик танктар “Чехословакиянын бир тууган элине достук көмөк” (“дружеская помощь братскому народу Чехословакии”) деген ураандын астында киргизилген.

1979–1989-жылдардагы советтик-оогандык согуш болсо “Советтик аскерлердин чектелүү тобунун Ооганстанга киргизидиши” (“введение ограниченного контингента советских войск в Афганистан”) деп аталган.

Бул согуштун эпкини менен оогандык кыргыздардын бир бөлүгү Рахманкул хандын жетекчилиги астында оболу Пакистандын Гилгит өрөөнүнө үркүп, андан соң, 1982-жылы августта, БУУнун көмөгү менен Түркиянын Ван аймагына көчүп келген.

Постсоветтик доордо да Орусия өзүнүн баскынчыл согуштарын “тергеп” келет.

Мисалы, 2008-жылы жайында Орусиянын эгемен Грузияга каршы жүргүзүлгөн согуш аракеттерин расмий Кремл тек гана “Тынчтыкка мажбурлоо мүдөөсүндөгү атайын чара” (“специальная операция по принуждению к миру”) деп “жупуну гана” атап келет.

Эгемен Грузияга каршы дал ошол согуш маалында В.Путин Кремлдин бир тууган Украинага каршы эч кандай аймактык дооматтары жок экендигин таасын айткан.

Украинага каршы “Атайын аскердик чара” делген согуш качан аягына чыгат?

Бүгүн, 2024-жылдын 24-февралына карата, Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушунун жаңы, кеңири баскычына эки жыл болду.

Эми айрым кремлчил үгүтчүлөр өздөрү деле обого түз чыккан берүүлөрдө чыдай албай “согуш” (“война”), “кан майдан” (“фронт”) сөздөрүн кошуп сүйлөп алган учурлар да байкалууда. Ошондо да алар өздөрүн актоо үчүн азыркы Орусия Украинадагы согуш талаасы аркылуу “жалпы НАТОго” каршы согушуп жатат” деген куру чечендикке салышууда.

Мындай жылмалоолордун карапайым украиндер үчүн ысык-суугу жок.

Буча, Ирпен, Бородянка сыяктуу шаарлардагы жана кыштактардагы кыргындар, Украинанын чыгышындагы жана башка жактарындагы аскердик чабуулдун айынан бүлгүнгө учураган Мариупол, Бахмут, Авдеевка сыяктуу шаар-кыштактар жөнүндө даректүү тасмаларды ачык көрүүгө болот.

Жазыксыз набыт кеткендердин жакындары, жаракат алган, тынч жаткан чакта, өз үй-өлөң төшөгүнөн сүрүлгөн, окуусун жана ишин таштаган, туткунга түшкөн, тагдыры ар кыл оор мүшкүлгө кептелген миллиондогон украиндер (бул сөзгө Украинанын көп этностуу калкынын бардык өкүлдөрү камтылат) Путиндин “Атайын аскердик чара” деген арамза терминин “баскынчыл согуш” деп гана түшүнүшөт.

Украиндер өз Атажуртун 1991-жылдагы эл аралык деңгээлде тастыкталган чектерде калыбына келтирүү үчүн каармандык менен адилет согуш жүргүзүшүүдө.

Владимир Путин жана анын өкмөтү азыркы тапта өз режими кептелген оор акыбалдан эптеп чыгып кетүү үчүн Орусиянын аскерлери буга чейин (2014-жылдын февралынан тартып) мыйзамсыз ээлеп алган украиналык аймактарды эл аралык чөйрөдө мыйзамдаштырууну самап келет.

Бул режим, жаңыдан жана убактылуу каратып алган (“аннексиялаган) украиндик жерлерди өзүнө биротоло энчилөө мүдөөсүн башкы орунга коюу аркылуу, өзүнүн “нацизмге каршы” согушунун чыныгы жүзүн – өз “аскердик аракеттери” баскынчыл мүнөзгө гана ээ экендигин – байкабастан ашкерелеп алды.

Муну далилдөө үчүн ошол эле Путиндин мактанган сөздөрүнө шилтеме кылсак жетиштүү.

В.Путин 2022-жылы 7-декабрда орусиялык калайыктын айрым бөлүгүн аң-таң калтырып мындайча сөз айткан:

“Жаңы аймактар пайда болду го. Мына карасаңыз, бул – Орусия үчүн абдан маанилүү натыйжа болуп калбадыбы. Бул – олуттуу маселелерге жатат. Жашырбай айтуунун мында эч бир айыбы жок: Азов деңизи эми Орусия Федерациясынын ички деңизи болуп калды да. Бул – олуттуу нерселер эмеспи!”

(“Появились новые территории. Ну вот, и такой значимый результат для России. Это серьезные вопросы. Чего уж греха таить, и Азовское море стало внутренним морем РФ, это серьезные вещи”).

Тасма. В.Путин жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин жыйынында. 08.12.2022.

Адатта, В.Путин убактылуу каратылган жерлерде орусиялык баскынчы жоокерлердин мылтыгы астында өткөрүлгөн мыйзамсыз "референдумдарды" актануу үчүн бетине кармап келет.

Азов [кырым-татарча Азак] деңизин, албетте, Украина дагы, дүйнө коомчулугу дагы Украина менен Орусиянын суу мейкиндиктери орток жайгашкан деңиз бойдон карай беришмекчи.

Мында дал ушул Азов деңизи тууралуу сүйлөп жатып да, Путин өзүнүн баскынчыл согуш аракеттерине маашырланып жаткандыгын, тарыхтагы Балтика деңизине жол салган Пётр Биринчиден кийин турган жана Кара деңизге карай сүңгүгөн мамлекеттик ишмер катары өзүн маашырлана санап жаткандыгын ашкерелеп алды.

Бул баскынчыл мүдөөдө “нацизмге каршы согуштун” жыты да жок экендиги айдан ачык.

Кремлдеги согушчандар 2022-жылы 24-февралда теги украиндик жөөт болгон президент Владимир Зеленский коркоктук кылып, Киевден бозгунга качып кетет, ал эми өздөрүн жаңылыш түрдө “украин” деп атап алган улуттун өкүлдөрү орусиялык баскынчылардын танктарын Киевде жана башка шаарларда гүлдесте менен шаттана тосуп алышат, деп кыялданышкан.

Эми болсо алар “украиндик нацисттер” өздөрүнүн лидери, жөөт Владимир Зеленскийди жана анын көп этностуу демократиячыл өкмөтүн, эң башкысы – Украинадагы демократиялык түзүлүштү ырааттуу колдоп жатышкандыгына, дүйнө жүзүндөгү коомчулук да Орусинын баскынчыл согушун терең айыптап жатышкандыгына өз көзү менен күбө болушту.

Учурдагы Украинанын коргоо министри Рустем Энвер уулу Өмеров (Rustem Enver oğlu Umerov) – теги жагынан кырым татар экендигин айта кетели.

Владимир Зеленский болсо орусиялык баскынчылардын согушу расмий Кремл өз аскерлерин 1991-жылдагы украин чектеринен дароо чыгарып кетээр замат аяктайт, деп айтып, аты уйкашы Владимир Путинди акыл-эстүү кадамга чакырууда.

Жалпысынан, эгерде Гитлердин стратегиялык “Барбаросса планы” 1941-жылдын 30-сентябрына карата ойрон болсо, ал эми Путиндин режиминин эгемен Украинага каршы “блицкриг” согуштук далаалаты 2022-жылдын жаз айларында эле ойрон болгондугун азыркы мектептеги өспүрүмдөр деле оңой аңдай ала тургандай кырдаалды баштан кечирүүдөбүз.

Кыргыз жарандары эгемен Украинага колдоо көрсөтүшүүдө. 2024.
Айрым кыргыз жарандары эгемен Украинага колдоо көрсөтүшүүдө. Бишкек шаары. 24.2.2024.

Орусиядагы согушчан режим канчалык эртерээк өзүнүн майнапсыз согуштук мүдөөсүнөн баш тартчу болсо, ошончолук эртерээк Украинадагы бардык тараптар үчүн бөөдө жерден суудай аккан кан төгүүлөр аяктап, Чыгыш Европадагы бул эки коңшу өлкө үчүн болочокку тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачылат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG