Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Кыргыз туусу азыркы турушу менен баа жеткис таберик


Кыргызстандын мамлекеттик туусу.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу.

Боштукка кайрылып жатамбы, билбейм...

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде азыркы мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушу улам жаңы сереге чыга баштады. Мамлекеттик тууга кол тийгис таберик катары кароо зарылдыгы жана даниялык өрнөк тууралуу тарыхчынын блогу.

Адатта, эң башкы ойду макаланын этегинде жазуу салты бар эмеспи. Бул жолу биз башкы оюбузду блогубуздун эң башында эле туюнтмакчыбыз: азыркы эгемен Кыргызстандын туусун өзгөртүүгө караманча каршыбыз (бул – жеке оюм, бирок сылыктык ирээтинде көптүк түрдө жазуу салтыбыз бар эмеспи).

Албетте, үч миң жылдык тарыхта кыргыз улуту Борбордук жана Ички Азияда жана Кең Алтайда улам жаңы мамлекеттин ак ордосун тигип, доорго жараша өз желегин сайып турганы ырас. (Мындагы “Кең Алтай” түшүнүгүнө жалпы эле Саян-Алтай тоолору, Энесай менен Алтай жана аларга коңшулаш Темирчи Ала-Тоосу сыяктуу аймактар да кирет).

Бээжиндик заманбап булак таануучу, профессор Ю Тайшандын жазышынча, кытай иероглифтериндеги “кыргыз” этнониминин жазылышынын буга чейин эске алынбай келген дагы бир түрү болгон. Ошол этноним түрүн эске алсак, анда көөнө кыргыздар Алтай аймагында байырлаган жана өз эгемен өлкөсү бар эл катары б.з.ч. X кылымда жашаган падыша Му-вандын саякаты менен байланыштуу эскерилген.

Ал эми Кытай тарыхнаамасынын атасы Сыма Цяндын (Сыма Чиен) ишин андан ары уланткан байыркы кытай тарыхчысы Бан Гу калтырган географиялык маалыматты жаңыча иргөө аркылуу байыркы кыргыздар б.з.ч. I кылымдын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоо аймагында байырлашкандыгын биле алабыз.

Жалпы түрк калктарынын орто кылымдардын эрте мезгилине таандык орток “битик” жазмасынын кыргыздарга таандык айырмалуу вариантын өнүктүргөн бабаларыбыз болсо б.з. VI–IX кылымдарында Энесайда байырлашкан жана Түштүк Шиберде өз мамлекетин калыбына келтиришип, тарыхта Энесай Кыргыз каганаты деп аталып калган мамлекетти түптөшкөн.

Ал эми 840–925-жылдар аралыгындагы Улуу Кыргыз каганаты маалында (аны алгачкы жолу академик В.В.Бартольд “Кыргызское великодержавие” – “Улуу Кыргыз дөөлөтү” деп атаган) кыргыздар Кең Алтайды гана эмес, Ички жана Борбордук Азиянын кеңирсиген аймактарын да байырлап калышкан (анын ичинде кыргыздардын топтору кайрадан Теңир-Тоого чейин келишкенин тарыхчылар Ахмет Заки Валиди Тоган, Өмүркул Караев, Анвар Байтур, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев, Муратбек Кожобеков, Кубатбек Табалдыев, ушул саптардын ээси ж.б. жазышат).

Бул доорду новосибирскилик археолог, профессор Юлий Худяков “кыргыздардын жылдызга кол сермеген сааты” деп таасын баалаган.

X кылымдан кийинки доорлордо кыргыздар саясий бытыранды болсо да, ар кыл чөлкөмдөрдө чакан мамлекеттер куруп байырлашкандыгы, кыргыздардн кээ бир топтору Жучи, Чагатай, Хайду, Кубилайдын ээликтеринде, кийинки Моголстан, Кокон хандыгы сыяктуу көп этностуу мамлекеттердин курамында өз таламын жедирбей жашоо үчүн саясий күрөш жүргүзүшкөндүгү маалым. (Ал эми XIV кылымдан тартып өз алдынча багытта жашаган Шибер Кыргыз улусу тууралуу кеңири токтолбой эле коёлу).

XV–XVIII кылымдардагы Теңир-Тоо менен Памирдеги кыргыз ээликтеринин, 1842–1854-жж. Ормон хандын, 1916-ж. Канаат хан Ыбыке уулунун, “басмачылар” деп бир беткей атыккан 1918–1942-жылдардагы эгеменчилердин, ошондой эле 1940–1978-жж. Рахманкул хандын (Ооганстандын курамындагы) чакан хандыктарында да эгемен мамлекетке таандык туу көтөрүлүп келген.

Советтер Биримдигинде автономиялык, кийин шериктик жумурияттык макамдагы мамлекеттүүлүктөр маалында Ала-Тоодогу кыргыздар 1922-жылы жана 1924–1991-жылдары өз туусун желбиретип келишти.

Бул тарыхтагы туулардын түсү жана көрүнүшү жөнүндө көөнө булактарда сейрек гана маалымат камтылат.

Залкар жазуучу жана коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбек уулу бекеринен “Көк асаба” деп роман жазган эмес. Көк, көгүлтүр жана көк-жашыл түстөрдөгү туулар Энесай Кыргыз каганатында колдонулган деп санайбыз.

Ошол доордо кызыл (алоо / ал) түстөгү туу деле болгон деп битик жазмасынын изилдөөчүсү Нурдин Усеев жоромол кылат.

Ал эми арап тилинде саякатнаамалык чыгарма жазган саякатчы Абу Дулаф б.з. X кылымда кыргыздардын өзүнүн жазмасы (“каламы”) бар экендигин, туусунун түсү жашыл болгондугун белгилейт.

Бирок бул “жашыл” деп арап саякатчысы жазган түстү сөзсүз эле жашыл катары кароого да болбойт, анткени ал туунун вариантында көгүлтүр түс да болушу ажеп эмес. Кыргыздар көктөмдө жап-жашыл болуп чөп өсүп чыккан кезди “көк чыкты” деп коюшат. Көк түскө карата мындай турум – башка да түрк тилдүү боордошторго мүнөздүү орток этнографиялык кубулуш.

Эгемендик идеясы, баатырдык доор жана өз алдынча мамлекетти сактоо үчүн күрөштүн тарыхый өнүгүү баскычтары мыкты сыпатталган “Манас” эпосунда кыргыздын тарыхый тууларынын өзүнчө эле мозаикасы чагылдырылган. Бул түстөрдүн арасында ак, көк жана кызыл түстөр да айтылган.

Кыргыз АССРинин туусу
Кыргыз АССРинин туусундагы кыргызча текст латын алфавитинде жазылган.

Советтик Кыргызстанда автономиялык жумурияттын желеги кызыл түстө болгон, Кыргыз ССРинин желеги болсо эки четте кеңирээк кызыл тилкелери, ортороокто эки жагынан орточо көк тилкелери жана дал ортодо бир ичке ак тилкеси бар шекилде болгон.

Бул эки желекте тең жогорку сол жак учунда орок менен балка кайчылаштырылып жайгаштырылган.

Кыргыз ССРинин туусу
Советтер Биримдигинин курамындагы Кыргыз ССРинин туусу.

1992-жылы постсоветтик Кыргызстандын тууларынын бир варианты катары көк түстөгү желек сунушталгандыгы акыры Жогорку Кеңештеги кызуу талкуулардан соң кызыл түстөгү желек кабыл алынгандыгы да эми тарых барактарында чагылдырылып калды.

Бул күн сыяктуу кырк нур чачкан жана нурлары динамикалуу иймейип турган, ортосунда түндүк жайгаштырылган татынакай туубуз өзүнүн 31 жылдык өмүрүндө үч жолку элдик ыңкылапты татыктуу баштан кечирди.

Дал ушул туубуз Бишкектеги Ак Үйдө, БУУда, ЮНЕСКОдо, ШКУда, элчиликтерде, космос мейкиндигинде, Эверест (Чжомолунгва) сыяктуу асман мелжиген чокуларда, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында, дүйнөлүк жана евразиялык чемпионаттарда, ар кыл эл аралык маданий иш-чараларда ж.б. элибизге үмүт жана ишеним кубатын тартуулап, сыймыктуу желбиреп келет.

Дүйнөдөгү эң бийик тоо чокуларынын айрымдарын багындырган жана аларда Кыргызстандын туусун желбиреткен Кадыр Сайдилкандын "Фейсбуктагы" кайрылуусу. 27.10.2023. Бул сыяктуу кайрылууларды дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, саясатчы Эмилбек Каптагаев ж.б. жарандар байма-бай жарыялашты.

Азыркы тапта Атажуртубузда тууну өзгөртүүнү талап кылган эч кандай апааттуу окуя болуп кеткен жок, тактап айтканда, эгемендигибизден ажырап отурган жокпуз.

Айрым депутаттар менен аларга көшөкөрлөнгөн саясатчылардын гана баштарында улуттук олуттуу маселелердин көзүн таба албай бушайман болгон чактагы убактылуу кризисти айтпаганда, биздин оюбузча, бүгүнкү тууну өзгөртүүнүн кылайган дагы коомдук себеби жок.

Уламышка караганда, азыркы Даниянын туусу – Даннеброг (ак түстөгү чырым тилкелери бар “Кызыл туу”, “Даниялык туу”) тээ 1219-жылы эле негизделген экен. Албетте, скандинавиялык викингдердин ага чейинки ар кыл туулары болгон эмеспи. Бул туу XIV кылымдагы даректерде так сыпатталган.

Европа Биримдигинин көк түстүү туусунун ары жагында Даниянын туусу желбиреп турат. Копенгагендеги автобус. 02.1.2012.
Европа Биримдигинин көк түстүү туусунун ары жагында Даниянын туусу желбиреп турат. Копенгагендеги автобус. 02.1.2012.

Конституциялык монархиялык түзүлүш өкүм сүргөн азыркы Дания падышалыгынын ички дүң өнүмү жан башына 68 миң доллардан ашуун көлөмдө туура келет (Кыргызстандагыдан болжол менен он эсе көп).

Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен
Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен (Mette Frederiksen) айым. 09.3.2022.

Демократиялуу Даниянын өкмөтүн 2019-жылдан бери социал-демократ Метте Фредериксен айым башкарып келет. Азырынча ал айым калайыкты кандайдыр бир социалдык көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн эски желектен баш тартуу же аны өзгөртүү идеяларына ооп кете элек.

Даниялыктардын тарыхый таберик болгон символдорго терең урматын эске алсак, туу өзгөртөбүз деген саясатчы бул өлкөдө жакынкы кылымдарда деле чыкпай тургандай.

Биз 2020-жылдагы элдик ыңкылаптын шарапаты менен бийликке жеткен азыркы жетекчилерибизге жекече чың ден соолук жана бакыбаттык, демократиялык реформалардагы албан ийгиликтерди, саясий куугунтуктарга эч кандай жол бербөөнү жана мамлекеттик тууга карата даниялык урмат менен сабырдуулукту каалап кетээр элек.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG