Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Македония бозгундарга жол бошотту


Македониядан Сербияга өткөн качкындарга тамак таратылууда.
Македониядан Сербияга өткөн качкындарга тамак таратылууда.

Македонияны кайрадан миңдеген мигранттар каптап кирди. Өлкө жекшембиде Греция менен чек арасын ачып, мигранттардын тоскоолдуксуз өтүшүнө жол берди.

Македония өткөн жумада чек арасын тосуп, көзөмөлдү күчөткөн соң Сириядагы согуштан жана Жакынкы Чыгыштагы башка чырлуу аймактардан качкан бир канча миңдеген бозгун чек арага толуп кеткен эле.

Македония 19-августта Греция тараптан кирип жаткан мигранттардын агымын токтотуу максатында чек арада өзгөчө абал жарыялап, түштүк жак чек арасын жаап салган. Жол издеген качкындар чек ара тосмосун бузуп өтүүгө аракет жасап, полиция аларды артка сүрүү үчүн көздөн жаш агызчу газ менен шоокумду граната да колдонгон. Бирок Македониянын мындай аракети үч-төрт күнгө гана туруштук берип, 23-августта чек арасын кайра ачканга аргасыз болду.

Ошентип миңдеген качкындар чек арадан тоскоолдуксуз өтүп, андан ары автобус же поезд менен Сербияга сапар тартууда.

Македония менен чек арадагы мигранттардары кабыл алуу борборунда болгон Сербиянын коргоо министри Братислав Гашич аталган өлкө чек арасын ачар замат дароо эле беш миңден ашуун адам өткөнүн билдирди: “Мындай интенсивдүү абал бир-эки күнгө созулушун күтүп жатабыз. Полиция үч нөөмөт менен иштеп, чек арадан өтүп жаткандарга документтер күн-түн дебей берилүүдө”, - деди министр Сербиянын Танюг маалымат агенттигине.

Македониянын коргоо министри Зоран Жолевски болсо чек арадагы Гевгел шаарында журналисттерге буларды айтты:

- Кырдаал көзөмөлдө. Биз түндүктү көздөй сапар тарткан мигранттарды каттоо жараянын жасай алдык.

Сириядан, Ооганстандан, Түндүк Африкадан жана башка жерлерден чыккан мигранттар Македонияны Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө жетип алуу үчүн негизги транзиттик өлкө катары пайдаланышат.

Өзүн Аслам деп тааныштырган ооганстандык бир киши жекшембиде Гевгелдеги темир жол бекетинде Reuters агенттигинин кабарчысына чек арадан кантип өткөнүн айтып берди:

- Менимче, чек ара үч күндөй жабык турду. Бирок биз Афиныдан келсек чек ара ачык экен, бул абдан жакшы болду. Согуш болуп жаткан өлкөдөн чыккандыктан мен азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Мен коопсуз жерге жана жакшы жашоого жетериме, баары жакшы болоруна үмүт артып турам. Эми кандай болорун бара көрөрбүз.

Ошентип миңдеген адамдар өз өлкөсүндөгү согуштан жана зордук-зобундан качып, Европаны көздөй агылууда. Алардын көпчүлүгү балдар экени кабарланууда.

Македонияга өткөн мигранттар Сербияны көздөй поезд, автобус же жөө-жалаңдап да жол тартышат. Сербиядан соң алар Евробиримдиктин Шенген виза зонасына кирген Венгрияны көздөй өтүүгө умтулушат. Бул агымды токтотуу аракетинде Венгрия азыр Сербия менен чек арасына төрт метр бийиктиктеги дубал курууда. Буга чейин Македония аркылуу акыркы бир айда эле 39 миң мигрант өткөнү, алардын көпчүлүгү Сирия менен Ооганстандан чыкканы кабарланган.

Ошентип Европа мигранттардын чоң агымы менен күрөшүүдө. Евробиримдиктин лидерлери бул кырдаалды качкындарга байланыштуу Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң начар абал катары сыпатташууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG