Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

АКШ-Орусия: Обаманын санкциясы, Путиндин жообу


Путин жана Обама Кытайда Чоң жыйырманын саммитиндк жолуккан кез. 5-сентябрь, 2016-жыл.
Путин жана Обама Кытайда Чоң жыйырманын саммитиндк жолуккан кез. 5-сентябрь, 2016-жыл.

АКШнын жаңы санкцияларына “адекваттуу жооп” кайтарыларын убада кылган Орусияда 35 америкалык дипломатты өлкөдөн чыгаруу сунушталып, бирок президент Владимир Путин бул сунушту четке какканын билдирди.

Кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Барак Обаманын администрациясы Орусиянын быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы хакерлик чабуулдары жана америкалык дипломаттарга ыдык көргөзүлүшүнө байланыштуу делген жаңы санкцияларын кечээ жарыялган.

Ага ылайык АКШда дипломатиялык макам менен иштеген 35 орусиялык өлкөдөн 72 сааттын ичинде чыгып кетүүсү керек.

Путиндин жообу

Орусия АКШнын жаңы санкцияларына “адекваттуу жооп” кайтарарын Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков билдирген. Анын айтымында, Орусиянын президенти Путин аныктоочу жооп чараларында АКШнын санкция киргизген президенти Барак Обаманын кызмат мөөнөтү бир айга жетпеген убакыт ичинде аяктары да эске алынмак:

- Вашингтондогу учурдагы администрациянын аракеттери, тилекке каршы болжоого болбой тургандай. Атүгүл агрессивдүү тышкы саясат деп да айтууга болот. Биз эми үч апта эле иштей турган азыркы администрациянын чечимдери эки гана максатты көздөйт деп эсептейбиз. Бул ансыз деле эң төмөнкү деңгээлде турган орус -америка алакасын биротоло бузуу жана ага катар болочоктогу администрациянын жана АКШда шайланган президенттин тышкы саясий пландарына сокку урууну да көздөгөндөй, - деди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Айткандай эле Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров 30-декабрда президент Путинге америкалык 35 дипломатты Орусиянын аймагынан чыгаруу сунушталганын билдирди.

Алардын 31и Москвадагы элчиликтин, төртөө Санкт-Петербургдагы башкы консулдуктун кызматкерлери эле.

Лавров кошумчалгандай, америкалык дипломаттарга Москвадан дачаны жана кампаны колдоонууга да тыюу салуу сунушталган.

Бирок Путин тышкы иштер министрлигинин сунушун четке каккандай. Путиндин Кремль тараткан билдирүүсүндө "жооп чараларга укугубузду сактоо менен биз "ашкананын", жоопкерчиликсиз дипломатиянын деңгээлине түшпөйбүз, орус-америка мамилесин калыбына келтирүү боюнча мындан кийинки кадамдарда президент Дональд Трамптын администрациясы жүргүзүүчү саясатка негизденебиз. Америкалык дипломаттар үчүн көйгөй жаратпайбыз, эч кимди чыгарбайбыз ",- деп айтылат.

Мурдараак америкалык СNN телеканалы ошондой жооп чаралардын бири катары Кремль Москвадагы Англо-америкалык мектепти жабууга көрсөтмө бергенин кабарлаган. Ал мектептепке АКШ, Британия, Канада элчиликтериндеги кызматкерлердин, чет өлкөлүктөрдүн, айрым жергиликтүүлөрдүн да балдары барат. Бирок бул маалыматты Орусия тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "калп" катары четке какты.


Обаманын айыптоосу, жаңы санкциялары

Президент Барак Обаманын администрациясы 29-декабрда жарыяланган жаңы санкцияларынын алкагында АКШда дипломатиялык макам менен иштеген 35 орусиялыкты чыгарууда. Расмий Вашингтон аларды чалгын агенттери катары аныктаган. АКШ ошондой эле Орусияга эки дачалык комплексин колдонууга тыюу салууда. Мындан сырткары Орусиянын чалгын агенттиги – ГРУ жана Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ менен байланышы бар тогуз жетекчиге жана уюмдарга карата да санкциялар киргизилди.

АКШ чыгарып жаткан орусиялыктардын 31и Вашингтондогу элчиликтин, төртөөсү Сан-Францискодогу консулдуктун кызматкелери.

Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин дарбазасы. 29-декабрь, 2016-жыл.
Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин дарбазасы. 29-декабрь, 2016-жыл.

Ал эми колдонууга тыюу салынып жаткан дачалык комплекстер, расмий Вашингтондун пикиринде, чалгын жүргүзүү максатында колдонулат.

Обама администрациясынын билдирүүсүндө "Орусиянын АКШнын кызыкчылыктарына зыян келтирип, жүрүм-турумдун таанылган эл аралык нормаларын бузган аракеттеринен баардык америкалыктар тынчыздануусу керектиги" көргөзүлгөн.

Жаңы санкциялар жарыяланар алдында АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУ, Федералдык тергөө бюросу – ФБР жана башка чалгын мекемелери быйылкы шайлоо өнөктүгү учурунда Демократиялык партиянын жана башка расмий өкүлдөрдүн электрондук даректерин хакерлик жол менен бузуп, андагы каттар менен маалыматтарды жарыялоого Орусия өкмөтүнөн эң жогорку деңгээлде көрсөтмө берилген деген бүтүмгө келишкен.

9-декабрда “Вашингтон Пост” гезити АКШнын Борбордук чалгын кызматы орусиялык хакерлердин максаты АКШнын шайлоо системасына болгон ишенимге эле шек келтирүү эмес, Дональд Трамптын президенттикке шайлануусуна жардам берген деген бүтүмгө келгенин жазып чыккан.

Ал эми “Нью-Йорк Таймс” басылмасы АКШнын чалгын мекемелеринин өкүлдөрү орусиялык хакерлер Республикалык партиянын да компьютерлерине да киргенин, бирок зыян тийгизгидей потенциалы бар электрондук каттар менен башка материалдарды жарыялаган эмес деген тыянакка келгенин маалымдаган.

Президент Барак Обама өзү эки апта мурда АКШнын коомдук радиосу менен маегинде буларды айткан болчу:

Обама жана Путин Перунун борбору Лимада жолуккан учур. 20-ноябрь, 2016-жыл.
Обама жана Путин Перунун борбору Лимада жолуккан учур. 20-ноябрь, 2016-жыл.

-Менимче, кайсыл чет өлкөлүк өкмөт болбосун биздин шайлоонун бүтүндүгүнө таасир көргөзүүгө аракеттенгенде чара көрө турганыбызда эч күмөн жок. Анын убактысын жана ордун биз өзүбүз тандайбыз, айрымдары коомчулукка айтылса, айрымдары ачыкталбайт. Бирок, президент Путин бул маселеге карата менен мамилемден жакшы кабардар, себеби муну мен аны менен тикелей сүйлөшкөм.

Обама администрациясынын жаңы санкцияларына тушташ АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги Орусиянын хакерлигин деталдаштырган жаңы баяндамасын жарыялашты. Ага ылайык хакерлер бутага штаттардын шайлоо боюнча маалыматтык базасын эле эмес, башка “маанилүү инфраструктураларды” да алышкан.


Трамптын реакциясы

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп азыркы администрациянын Орусиянын хакерлери Демократиялык партиянын компьютерлерин бузуп, анын атаандашы мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон тууралуу сезимтал маалыматтарды атайлап жарыялаган деген ырастоолоруна утур-утур күмөн саноосун билдирип келген. Атүгүл муну “күлкүлүү” деп атап, демократтардын шайлоодогу жеңилишинен улам актануу аракети катары сыпаттаган.

Трамп 29-декабрдагы билдирүүсүндө азыркы администрациянын Орусияга каршы айыптоолорун келерки аптада америкалык чалгын жамааттын өкүлдөрү менен талкуулай турганын белгиледи.

“Биздин өлкөнүн жана анын улуу элинин кызыкчылыгы үчүн бул кырдаал боюнча жаңы маалыматтарды алуу үчүн келерки аптада чалгын жамааттын лидерлери менен жолугам”, - деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө. АКШнын шайланган президенти ошондой эле “өлкө кыйла маанилүү иштер” менен алектенүүсү үчүн алга жылуусу керектигин да кошумчалады. Ал эми Трамптын кеңешчиси Келлиэнн Конуэй СNN телеканалы менен маегинде буларга токтолду:

- Мен сиздерге айтып койоюн атүгүл көпчүлүк маселелер боюнча президент Обамага жантарткандар да ал бүгүн жасагандын себептеринин бири шайланган президент Трампты "бурчка такоо" экенин айтып жатышат. Эгер бул жерде мотивациялык фактор - саясат болсо абдан өкүнүчтүү.

Эми Барак Обама кызмат мөөнөтү аяктаганча Конгресске Орусиянын АКШдагы шайлоо жараянга кибер чабуулдар аркылуу кийлигишүүсү боюнча баяндама тапшырат деп күтүлүүдө.

Конгресстин республикачыл лидерлеринен Эл өкүлдөр палатасынын спикерb Пол Раян, Сенаттагы республикачылардын лидери Митч МакКоннел жаңы санкцияларды жалпысынан колдошту, бирок "кечиккен чара" катары мүнөздөштү.

Ал эми Сенаттагы демократияык азчылыктын лидери Чак Шумер Ак үйдүн аракетин Кремлге "сокку" уруу катары баалады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG