Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Эстония Орусия менен чек арасына чеп курууну көздөөдө. Таллиндин орусиялык расмий өкүлдөр сынга алган бул планы ушул аптада белгилүү болду. Орусия менен чек арасын тосмолоо ниети бардыгын мурдараак Латвия да билдирген.

Орусия менен кургактагы чек арасына кеминде үчтөн эки бөлүгүндө бийиктиги эки жарым метр келген чеп тургузуу планы бардыгын Эстониянын полиция жана чек араны кайтаруу департаменти жарыялады.

Бул мекеменин өкүлдөрү белгилегендей, чеп тургузуудагы максат - чек ара бузуп өтүүнү алдын алуу.

Жергиликтүү Postimeеs басылмасынын жазганына караганда, план боюнча орус- эстон чек арасындагы коргондун узундугу 108 чакырым болуп, анын үстүңкү бөлүгүнө тикенек зым тартылат.

Коргон орус-эстон чек арасынын саздуу бөлүгүндө болбойт. Ал жакка чек ара мамылары орнотулуп, көзөмөл тилкеси жаткырылат. Мындан сырткары эстон тарап чек араны кайтарууда учкучсуз башкарылчу аппараттарды пайдаланмакчы. Ал эми Чуд көлүнүн акваториясына 600гө жакын чек ара белгилери коюлат.

Орусия менен чек аранын кайтарылуусун техникалык жактан чыңдоо чаралары 2018-жылы башталып, бул үчүн 70 миллион евродон ашуун каражат сарпталмакчы.

Чек араны бекемдөө демилгеси Украинадагы окуялардан улам Москванын Балтикадагы мурдагы эски совет республикалары менен мамилеси чыңалып, Латвия, Литва, Эстония, АКШ менен НАТОдон көбүрөөк аскерий жардам сурап жана алып жаткан кезге туш келүүдө.

Эстон -орус чек арасы.

Эстон -орус чек арасы.

Бирок эстониялык талдоочу, тышкы байланыштар боюнча Европа кеңешинин эксперти Кадри Лиик (Kadri Liik) “Азаттык” менен маегинде Орусия менен Балтика өлкөлөрүнүн алака-катышы такай эле татаал болуп келгенин эске салып, чек арага дубал тургузуу планында украин факторуна караганда Москва менен Таллиндин эки тараптуу мамилесиндеги көрүнүштөрдүн таасири чоңдугуна токтолду:

- Менимче, бул чек арадан эстониялык полиция офицеринин уурдалып кетишине байланыштуу. Былтыр сентябрда, дээрлик бир жыл мурда Орусия чек арадагы аткезчиликке каршы операция өткөргөн эле. Анын жүрүшүндө эстон полиция офицерин уурдап кетишкен. Андыктан, келечекте мындай жосундарга жол бербөө үчүн чек арага тосмо орнотуу зарыл деп табылгандай. Мурдараак чек араны көзөмөлдөө үчүн видеокамералар, мониторинг жүргүзүүчү жабдуулар эле жетиштүү деген үмүт болгон. Албетте, бул иштеди, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр кармалып жатты. Бирок полиция офицеринин уурдалып кетиши Эстонияны абдан этият болууга түртүүдө.

Талдоочу Кадри Лиик айткан полиция офицери Эстон Кохвер жакында эле Орусияда 15 жылга түрмөгө кесилди.

Эстон Кохвер

Эстон Кохвер

Орус бийликтери аны өлкө аймагынан кармалды деп ырасташып, тыңчылык жана аткезчилик менен алектенген, чек арадан курал менен мыйзамсыз өттү деп күнөөлөдү. Эстон бийликтери жана Евробиримдик бул сот өкүмүн айыптаган.

Орус –эстон чек арасынын узундугу кургактагы жана суудагы бөлүгүн кошкондо 294 чакырым.

Талдоочу Кадри Лиик “Азаттык” менен маегинде кошумчалгандай, 11 жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң алгач 2005-жылы кол коюлган чек ара келишими али толук күчкө кире элек:

- Эстон парламенти келишимди ага кол коюлган 2005-жылы эле ратификациялаган. Бирок ратификация мыйзамы ички документ экенине карабай, Орусияга анда жазылгандардын бир бөлүгү жаккан эмес. Ратификация боюнча үч документтин биринде Эстония биз үчүн азыр да күчү бар деп саналган, 1920-жылкы Тарту келишимин эскерген болчу. Москва муну өз кызыкчылыгына каршы жана Эстониянын жер талашуу мүдөөсү али бар деген кыязда чечмелеп, чек ара келишиминен чегинген. Маселе көпкө чейин арабөк абалда калып, 2012-жылдын аягында гана сүйлөшүүлөр кайра жанданган. Келишим азыр эки өлкө парламенттеринин тышкы байланыштар комитеттеринде жатат. Тараптар бул келишим чек ара маселесин гана жөнгө салат, алака-катыштын башка эч бир аспектисине тиешеси болбойт деген орток пикирге келишип, ага кол коюлган. Биз эми келишим быйыл жыл соңунда же келерки жыл башында ратификацияланат деп күтүп жатабыз.

Орусиянын расмий өкүлдөрү Таллиндин чек арага дубал тургузуу планын эч кандай практикалык мааниси жок, идеологиялык иш катары мүнөздөшүүдө.

Константин Косачев.

Константин Косачев.

Федерация кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев “Интерфакстын” кабарчысы менен маегинде “Эстония менен Украинанын чек арада тосмо орнотуу долбоорлорунун максаты - Орусияны калган Европага коркунуч туудурган, коңшуларындагы кырдаалды такай дестабилдештирген өлкө катары көргөзүү” деп сынга алды.

Косачев ага катар Москва Таллиндин чеп куруу демилгесине эч көңүл бурбайт, жооп кайтарбайт деп ишендирди.

Эстониядан эки апта мурдараак Орусия менен чек арага тосмо орнотууну Латвиянын ички иштер министри Рихард Козловскис да сунуш кылып, муну ал мыйзамсыз мигранттардын агымынын көбөйүшүнө жол бербөө деп түшүндүргөн. Ушуга окшош сунушту быйыл апрелде Польшанын чек ара кызматы да берген. Орусия менен чек арасында “Европа дубалы” деген долбоорду Украина да ишке ашырып жатат.

Украина өкмөтү бул максатта 2017-жылга чейин 4 миллиард гривен же 135 миллиондой евро сарпталарын билдирген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG