Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:39

Сладкое көлү Казакстанга толук карап калды


Казакстан-Орусия чек арасындагы Сладкое көлү (жээктеринен кургай элегинде).
Казакстан-Орусия чек арасындагы Сладкое көлү (жээктеринен кургай элегинде).

Орус-казак чек араларында демаркация иштеринен соң, Орусиянын Новосибирск облусуна чектеш Сладкое көлү Казакстанга толук өткөнү маалымдалууда. Мурда көлдүн 70 пайызы гана Казакстанга, калганы Орусияга таандык болгон, бирок көл соолуганда чек ара анын орусиялык жээгинен өтүп калды.

Орус-казак чек араларын соңку такташуудан кийин, Сибирдеги Сладкое көлү толугу менен Казакстанга карап калганын Орусиянын Новосибирск облусуна караштуу Купинск райондук акимияты маалымдады.

- Көлдүн бир бөлүгү мурдатан эле Казакстанга тиешелүү болгон, ошондуктан чекти жылдырууга оңой болду. Бул көлдө балык жок, жаратылышты гана кооздоп келген, андыктан экономикалык жактан бул демаркациянын эч кандай таасири жок. Биздин облустагы Горький көлүнүн дарылоочу касиеттери бар, ал эми Сладкое көлүнүн жарымы саз, пайдасыз, - деген Купинский районунун администрация башчысы Владимир Шубников.

Сладкое көлүнүн аянты 45 гектарга жетет. Мурдатан көлдүн 70 пайызы Казакстанга, калган 30 пайызы, тагыраак айтканда 14 гектары Орусияга таандык болгон.

Бул аймакта демаркация иштери 10-апрелде аяктаган. Учурда Орусиянын жергиликтүү бийликтери калкка жана аң уулоого келген адамдарга жаны чек ара чектери жөнүндө түшүндүрмө иштерин жүргүзө баштаган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Ануар Жайнаков «Сладкое көлү - Орусиядан Казакстанга белек эмес» деп билдирди:

- Биринчиден, Орусия Казакстанга көл белек кылды деп айтуу туура эмес. Көлдүн бир бөлүгү мурдатан эле Казакстандын аймагында болчу. Чек ара чектери 2005-жылы Орусия менен Казакстан кабыл алган делимитация келишими боюнча коюлган. Чек аранын бул аймагында орус-казак тараптар менен макулдашылган чек ара белгилери орноштурулган. Бул аймакта эч кандай алмашуу болгон жок, - деп маалымдаган Ануар Жайнаков.

Орусиялык маалымдоо каражаттарынын такташынча, соңку жылдары климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу Сладкое көлүнүн чет жакасы кургап, кичирейе баштаган. Демаркация иштери бул аймакта жыйынтыкталып жаткан кезде, кургаган жээк бою көлдүн ичине кирип, натыйжада чек ара көлдүн Орусия тараптагы жээгин бойлоп өтүп калган. Мурда чийилген чек ара сызыгы эч өзгөрбөгөнүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Новосибирскидеги чек ара маселелери боюнча өкүлү "РИА Новости" кабар агенттигине маалымдаган.

Орусия менен Казакстандын чек араларынын жалпы узундугу 7,5 миң километр. 2005-жылы эки өлкөнүн президенттери жер-жерлерде чек араларды тактоо боюнча келишимге кол коюшкан.

Ушул жылдын май айында демаркация жана делимитация боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Игорь Братчиков Казакстан менен чек араларды тактоо иштери учурда 70 пайызга аткарылганын, жалпы иштер 2023-жылы аяктарын маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG