Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Кулукеева: Миграция борборунда абал оор


Айымкан Кулукеева.
Айымкан Кулукеева.

Кыргызстандын элчилиги 12-февралда Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жиберген нотага жооп келе элек.

Ал нотада элчилик Москва четиндеги Сахарово айылында ачылган Мамлекеттер аралык миграциялык борбордо түзүлгөн кырдаалды чечүүгө чакырган.

Миграциялык борбордо кыргызстандык мигранттар дуушар болгон кырдаал тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык: Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Буга эмне себеп болду?

Айымкан Кулукеева: Жарандарыбыздын бизге кайрылууларынан кийин 11-февраль күнү эки консулубуз барып, Миграциялык борбордун иши менен таанышып келди. Ал жерден борбор бир нече блокко бөлүнгөнүн, жүздөгөн, миңдеген мигранттардын кезек күтүп турганын көрүшкөн. Алардын ичинде кыргызстандык жарандар дагы бар экен.

Миграция борбору
Миграция борбору

Биздин консулдар коопсуздукка жоопкер «Кельт» аттуу ишкананын кызматкерлери элдин кайрылууларына өтө орой мамиле кылышарына өздөрү күбө болушкан. Андан тышкары биздин жарандар жолугушуу учурунда борбордогу кыйынчылыктар жөнүндө айтышкан.

“Азаттык”: Кандай кыйынчылыктарды айтканына кеңири токтоло кетесизби?

Айымкан Кулукеева: Миграция борбору Москвадан өтө алыс жайгашкан. Ага карабай мигранттар бир нече жолу барып атышат. Ырас, бардык документтерди ал жерде бүтүрсө болот. Бирок документ тапшырчулар көп болгондуктан иш бир күндө эле бүтпөйт.

Биз кийинки күнү барганда да жарандар менен сүйлөштүк. Эртең менен саат 5те такси менен келгендер бар экен. 8ден кечикпей ошол жерде болгонуна карабай, түшкү 2де талон алганы документ тапшырчу терезе алдында кезекте турушат. Кээ бирлери жеткиче кеч кирип кетет экен. Эптеп жетсе, документтери туура болбой, артка кеткендери да бар. Кыскасы, ушундай кыйынчылыктар болуп жатыптыр.

Биз өзүбүз барганда чындыгында абал оор экенине күбө болдук. Күзөт кызматы борборду ит менен кайтарып жүрөт, тегереги тикенек зым менен курчалган. Жаңы барган кишиге абак сыяктуу элес калтырат. Албетте борбордун кызматкерлери бизди тосуп алып, бардык жерлерин көрсөтүштү. Ошол маалда артыбыздан чуркап келип, кыйналып жаткандарын айткан эл да көп болду.

"Азаттык": Миграциялык борбордун иши жөнүндө айтсаңыз. Бир күндө канча адамды тейлей алат экен?​

Миграция борборунун ичи
Миграция борборунун ичи

Айымкан Кулукеева: Биз бул Эл аралык миграция борборунун жетекчилиги менен жолуктук. Алардын айтымы боюнча күнүнө 5 миңге жакын чет элдик жаран кезекке турат экен. Электрондук кезек уюштуруп коюптур. Күнүгө 5 миңге чукул адам кирсе, ошонун 1000-1200үн гана тейлөөгө жетишет экен. 20 пайызы гана тейленет дешти. Калгандары бир нече саат кезекте турганына карабай, бир нече күн катары менен келүүгө мажбур болушат.

Кесерип, ачка кезек күткөндөр үчүн ысык тамак уюштурулбайт. Балдарын көтөрүп кирип жаткандарды көрдүк.

Таң калычтуусу, бул миграциялык борбор Орусиянын Федералдык миграциялык кызматына карабайт экен. Биз тактаганда Москванын өкмөтүнө караштуу Эл аралык миграция борбору экени анык болду. Булар аткарган кызматы үчүн ар бир мигранттан 3,5 миң рубл алышат экен. Эгерде жаранга Федералдык миграциялык кызмат патент берүүдөн баш тартса, анын төлөнгөн акчасын кайтарып беришпейт экен.

Орусия: Миграция борборундагы тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG