Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Орусияда ишсиз, үй-жайсыз, каралашкан туугандары жок көчөдө калып, селсаяктын күнүн көрүп жүргөн мекендештерибиз көп эле кездешет.

Айрымдары жумуш таба албай, же иштеген жеринен маянасын ала албай оор акыбалга туш болгон болсо, көбү мигранттык турмуштун оорчулугуна моюн сунуп, ичкиликке берилип кеткендер.

- Эмне көчөдө жүрөсүз? Эки жумадан бери ушул жерден көрүп жатам. Москвада туугандарыңыз жокпу? Кыргызстанга кетпейсизби?

- Айла жок, ушундай болуп калды.

- Каяктан болосуз?

- Таластан.

- Канчадасыз?

- 35 жаштамын.

- Тыйын барбы? Иштегенсизби?

- Ооба, Балахишада иштегем, акчамды бербей коюшту.

- Туугандарыңыз жок болсо, видеону интернетке чыгарайын, жердештериңиз чогулуп жардам беришер...

Бул кыргызстандык мигранттын Москвада селсаяк болуп жүргөн мекендешти жолуктуруп, аны катуу тескеп, өзүнчө намыстанып турган кези.

Орусияда абакка түшкөн мигрант

Орусияда абакка түшкөн мигрант

Адатта Москвада селсаяк болгондор тууралуу маалымат москвалык кыргыздардын арасында тез эле тарайт. Вокзал, шаардык бакча же метро оозунда теңселе баскан же тыйын сурап отурган мындай мекендештердин сүрөтү интернетке жарыяланып, алардын тууган-туушкандарын таап, Кыргызстанга кайтаруунун жолдорун издегендер болот.

Он жылдан бери Москвада иштеген Бактияр Касенов селсаяк болгон мекендештерди көргөндө көз жумуп өтүп кетүү оор экенин айтат.

- Көпчүлүгү же ичкиликтин айынан, же жумуш таппай калгандан болуп жатат. Мурун ушундайларды көргөндө аябай намыстанчу элек. Бир гана Москвадан эмес, бүткүл Орусиядан туугандар акча чогултуп, кээ бирин мекенге кетирген учурлар да болгон. Мен өзүм курьер болуп иштеп жүрүп, көп жерди кыдырам. Эми ар кайсы метродо көбөйүп кетти. Башка элден уялат экенсиң, эмне кылышты билбей. Речной вокзалдан экөөнү көрдүм, Таганский, Красносельскийде дагы жүрүшөт. Көбү жаш эле байкелер, 40 жаштан ашкан. Кыргызстанга кеткиле десең, жолго акча жок экенин айтышат...

Кышында Бактияр достору менен ичкиликтин айынан Москвада көчөдө калган бир мекендешти мекенине кайтарышкан. Бирок көчөдө тилемчилик кылып, селсаякка айлангандардын бардыгы эле Кыргызстанга кайтууга макул боло беришпейт.

Көпчүлүгү же ичимдиктин айынан, же жумуш таппай калгандан болуп жатат. Мурун ушундайларды көргөндө аябай намыстанчу элек.

Москвадагы элчиликтин атташеси Гүлбарчын Байымбетова элчилик тарабынан селсаякка айланган эмгек мигранттарына кандай жардам берилип жатканына токтолду.

- Ар кандай себептерден улам Москвада документсиз, ишсиз көчөдө калган жарандарды элчиликтин мейманканасына жайгаштырып, айрым учурларда тамак-аш менен дагы камсыз кылып, документтери бүтүп, анан Кыргызстанга кетмейинче карап турабыз. Жарандыгын, өздүгүн аныктоо үчүн Кыргызстандан 1-форма деген документтерди сурайбыз, анан мекенге кайрылуу күбөлүгү деген болот, ошону колуна карматып кетиребиз. Былтыр онго жетпеген кайрылуу болгон. Ушундай акыбалга туш болгон мигранттардын чыгымына кетсин деген өкмөттөн эч кандай каражат каралбайт. Бул элчиликтин ыктыярдуу милдети болуп калды. Расмий кагаздарга жарандын акчасы жок болгондо элчиликтин кызматкерлери өз чөнтөгүнөн төлөгөн учурлар дагы болот, анан көбүнчө диаспора өкүлдөрүнө кайрылабыз.

Чет жакта мигранттык турмуштун оор сыноолоруна туруштук бере албай, аянычтуу акыбалга туш болгон жарандарга элчилик өэ эсебинен жардам көрсөтүп келет. Ал эми жарандарды Кыргызстанга кайтаруу үчүн кеткен жол кире чыгымдарын көбүн эсе кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү көтөрүшөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG