Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Орусия өз айдоочулук күбөлүгүн талап кылат


Москва.
Москва.

Орусияда 1-июлдан тарта чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштеген айдоочуларга чектөө киргизилүүдө. Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен ишке алган жумуш берүүчүлөргө 50 миң рублга чейин айыппул каралган.

Орусиянын "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча өлкөдө чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салынууда. Бул талап эреже 2013-жылы эле кабыл алынып, бирок бир нече жолу токтотулуп келген.

Эми 1-июлдан тарта Орусияда жүргүнчү жана жүк ташыган юридикалык тараптарга таандык маршруттук транспорттордо иштөө үчүн мигранттардан Орусиянын айдоочулук күбөлүгү талап кылына баштайт.

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

Мындай кабар Орусиядагы бир топ кыргызстандык айдоочуларды түйшүккө салып турган кез. Жаңыдан гана унаа алып ишке кирген Канат Жолдошев азыртадан эле айдоочулук күбөлүк сатчулар чыгып, баасы 30-35 миң рублдан жогору болуп жатканын айтат:

- Азыр эми алмаштыргыла десе алмаштырабыз да, кайда бармак элек. Эми маанай түшөт да, жаңы эле иштей баштасак. Бирок, азыр юридикалык мекемелерде, тиги таксопарктарда иштеген айдоочуларга гана тиешелүү деп жатышат го. Антейин десең тааныштар, башкалар барып экзамен тапшырып жатканын угуп жатам. Кээ бирөөлөр Орусиянын күбөлүгүн 35 миң деп жатат. 10-15 миң рубль болсо да бир жөн эле.

Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн мигранттар автомектептерде окуп же Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекцияга арыз менен кайрылып, жол эрежеси боюнча экзамен тапшырышы керек болот. Адистер ага 2-3 ай убакыт кетээрин айтып, 1-июлга чейин бардык чет өлкөлүктөр жетише албастыгын белгилешүүдө.

Орусия.
Орусия.

Жол инспекциясынын бөлүмдөрүнө кайрылып, маалымат алып жүргөн кыргызстандык Нурланбек Кайымов тийиштүү органдар тарабынан так жана толук маалымат берилбей жатканын айтат. Өзүнүн унаасында кыргызстандык күбөлүк менен шаардык такси кызматында иштегендиктен, жаңы эреженин ага тиешелүү же тиешелүү эместигин билбей турган чагы:

- Мен өзүмдүн унаамда Кыргызстандын күбөлүгү менен жүрөм. Бирок, шаардык такси кызматында келишим менен иштейм. Ар бир заказдан 18 пайыз кармап калышат, алар салыкта кандай төлөөрүн деле билбейм. Инспекторлордон сурасам, өзүңдүн унааң болсо, жеке максатта колдонсоң, сага кереги жок дейт. Менин лицензиям бар. Негизи, буларда деле толук маалымат жок экен.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Алмаз Асанбаев төрт жыл мурун кабыл алынган чектөө бул ирет толук күчүнө кирерин билдирүүдө. Ал коомдук транспортто, такси кызматында жана жүк ташууда иштеген кыргызстандык айдоочуларды тез арада документтерин тууралоого чакырды:

- Булар статистикасы боюнча авто мекемелерде 0,7 пайыз гана чет өлкөлүк айдоочулар иштейт, чектөөнү киргизсек, эч кандай зыяны тийбейт деп жатышат. Орусияда иштеген кыргызстандык айдоочуларга маалымат жеткириш керек, айдоочулук күбөлүктү алмаштырышуусу зарыл. Евразиялык биримдиктин алкагында бизде бир жеңилдик бар. Кыргызстанда биз окуган айдоочулук курстар Орусияда да таанылат. Айдоочулук карта же күбөлүк эмес, ошол сертификаттар менен келип бул жактан экзамен тапшырса болот.

Алмаз Асанбаев.
Алмаз Асанбаев.

Москвадагы Миграция кызматынын өкүлчүлүгү күчүнө кирип жаткан мыйзамдык өзгөртүүлөр боюнча жарандарга маалымат таркатуу иштерин уюштуруп жатат. Мекеменин өкүлү Дооранбек Абдразаков:

- Азыр Москванын Павелецский, Добрынинский, Тульский жана башка метролорундагы айдоочуларыбыз менен байланышып жатабыз. Жакын арада айдоочулук күбөлүк боюнча жаңы мыйзам жана Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алуу эрежелери жөнүндө толук маалыматты камтыган эскертмелерди тарката баштайбыз.

Орусияда 1-июлда күчүнө кирчү жаңы талап унааларын жеке максаттарда колдонгон чет элдик жарандарга тиешелүү эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG