Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:15

Москва: акысын жедирген мигранттар


Ушул жылдын март айынын аягына карата Кыргызстандын миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө 420 жаран айлык акыларын ала албай арыз менен кайрылган. Кыргызстандык мигранттар жалпысынан 21 миллион рубль эмгек акыларын ала албай калышкан. Жарандарга Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 8 миллион 238 миң рубль жумуш берүүчүлөрдөн өндүрүлүп берилген.

Москвада эмгек акысын ала албай Кыргызстандын миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылгандардын көбү курулуш тармагында иштегендер.

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсебинде, Орусиядагы мигранттар салган акча кескин азайды. Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл январдан майга чейин мигранттар которгон акча 37% кыскарган.

Алмазбек Москвада эмгек акысын жайдан бери албай жүргөндөрдүн бири. Башында жумуш берүүчү менен чатакташып, акчабыздан айрылып калбайлы деп чочулаган мигранттар, эми керек болсо сотко чейин барып, эмгек акыларын өндүрүүнү көздөөдө:

- Баарыбыз мыйзамдуу иштегенбиз. Колубузда эмгек келишимдерибиз бар. Июль-сентябрь айлары үчүн акча ала элекпиз. Ар бирибиздин жок дегенде эле 70-80 миң рублдан акчабыз бар. Биз ошол жакта 10-12 сааттан иштегенбиз. Булар көрсө ортомчу ишкана экен да. "Башкы ишкана акча бербей жатат, ана-мына" десе, биз ага көнүп жүргөнбүз. Анан октябрь өттү, ноябрь өттү. Акыры декабрда "мындай иш болбойт" экен деп Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык.

Орусиялык «Дискавери-групп» ишканасынын үстүнөн 23 кыргызстандык 1,5 миллион рублдын тегерегиндеги айлык акы боюнча арыз жазса, 80 жаран «Глобатек» ишканасынан 8,5 миллиондой рубль, ал эми «Модуль» ишканасынан 83 кыргызстандык 7 миллион рубль акчасын ала албай жатканын билдиришкен.

Жарандардан арыз кабыл алуу учуру
Жарандардан арыз кабыл алуу учуру

Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкери Марлес Шаршеев бул жаатта учурда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

- «Дискавери-групп» ишканасы боюнча Кайырбек Бекботоев аттуу жаран 23 кишинин атынан арыз менен кайрылган. Биздин кызматкерлер ишкананын жетекчилиги менен бир нече жолу жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок ушул убакка чейин бир дагы төлөмдөр аткарылбады. Белгилей кетсек, бул жерде бардык жарандарыбыз эмгек келишиминин негизинде мыйзамдуу иштеген. «Глобатек» ишканасынан биринчи 47 жаран, кийин дагы 30га жакын адам кайрылган. Башында ишкана 750 миң рублин төлөп берип, кийин токтотуп коюшту. Кийинки «Модуль» ишканасынан 900 миң рубль жарандарга алып бергенбиз. Биз биринчи ишканалардын жетекчилиги менен жолугуп, көйгөйдү тез чечүүгө аракет кылып жатабыз. Тыянак чыкпай калган учурда укук коргоо органдарына, прокуратурага чейин арыз менен кайрылдык.

Мамлекеттик миграция кызматынын кеңсеси
Мамлекеттик миграция кызматынын кеңсеси

Кыргызстандын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү мигранттардын ала албай жаткан 21 миллион рублынын 8 миллионун 238 миңин жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдөн кийин өндүрүп беришкен.

Ал эми дале эмгек акысын ала албай жаткан кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо үчүн чара көрүүнү өтүнүп, Орусиянын Тергөө комитетине жана Москва шаары боюнча Орусиянын ИИМинин Башкы башкармалыгына кайрылуу жөнөтүшкөн.

Айлык маселесинен тышкары Москвадагы миграция кызматынын өкүлчүлүгү 1450 жаранга миграциялык маселелер боюнча консультация берилгенин, Орусияда каза тапкан 8 жарандын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүлгөнүн, полиция бөлүмдөрүндө 53 жаранга укуктук жардам берилип, кыргызстандыктардын 9 соттук ишине кызматкерлер катышканын билдирди. Ошондой эле өкүлчүлүктүн кызматкерлери Москвада кыргызстандыктар иштеген бир катар ишканаларга барып, жарандар менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн байланыш телефону: +7 495 780 74 10. Дареги: Полянка метросу, Малая Полянка көчөсү, 12А үйү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG