Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 01:47

Кремл мурунку Советтер союзунун аймагында төрөлгөн жана орус тилин билген адамдарга жеңилдетилген жол менен жарандык берүүнү ойлонууда. Мындай мыйзам долбоорду Мамдума карай баштады. Мыйзам кабыл алынып калса, миңдеген кыргызстандык мигранттар дагы орус жарандыгына талапкер боло алат.

Жанна Мамасадыкова учурда орус жарандыгын алуу үчүн документ топтоп жүрөт. Орусияда жети жыл иштеген. Бирок жарандыкты эми гана алмаштырууну чечкен. Мындай чечимге “балдарыбыздын келечегин ойлоп баратабыз” дейт ал.

- Ушунча жыл өзүбүздү патриот сезип, орус жарандыгын албай жүргөнбүз. Жарандык жоктугунан балдарды ооруканага каттоого тургузууда, бала бакча же мектепке берүүдө, кошумча ийримдерге катыштырууда бир топ кыйынчылыктар болду. Жарандыгыбыз болсо жумушуңдан дагы көбүрөөк айлык алат экенсиң. Мисалы, мен иштеген жерде КМШ жарандарын жумушка алышат, бирок айлыкта айырма бар. Буга карабай, “иштеп кетебиз” деп жүрчүбүз. Азыр эми Кыргызстандагы абалды көрүп, балдардын келечегин ойлой баштайт экенсиң. “Өрдөктүн өзү көлдө болсо да, көзү чөлдө” деп, бул жакта жүрсөк деле, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан кабардарбыз. Азыркы болуп жаткан жагдайларды көрүп, барган күндө да татыктуу айлык аларыма көзүм жетпейт. Орус жарандыгын алган тааныштарым азыр турак жай, жер сатып алган.

Мамдуманын депутаты Наталья Поклонская

Мамдуманын депутаты Наталья Поклонская

Эгемендүүлүк жылдарынын ичинде 600 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алган. Алардын басымдуусу 2005-жылы Орусияда жарандык жеңилдетилген жол менен берилгенде илинген.

Ушу тапта Москвада мурунку совет өлкөлөрүнүн жашоочуларына жарандык берүү боюнча жаңы мыйзам долбоору каралууда. Долбоор боюнча мурдагы Советтер союзунун аймагында төрөлгөн жана орус тилин билген адамдарга жарандык бир катар жеңилдиктер менен берилмекчи.

Мындай демилгени “Единая Россия” партиясынын депутаты Наталья Поклонская менен Мамдуманын КМШ боюнча комитетинин жетекчи орун басары Константин Затулин көтөрүп чыккан. Мыйзам кабыл алынса, талапкер орус жарандыгын алуу үчүн башка өлкөнүн жарандыгынан чыкканы жөнүндө расмий кагаз алып келбейт.

Москвадагы кыргыз жамаатынын өкүлү Раимкул Аттокуров эгемендүүлүк жылдарында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын үч чоң агымы болгонун белгилейт. Аттокуров орус жарандыгын алган мекендештер “Орусияда коомдук, саясий жана маданий турмушка анча активдүү катышпаса да, социалдык -экономикалык жактан толук камсыз боло алышты” деген ойдо.

- Союз маалында эле келип отурукташкандар бар, кийинкиси 90-жылдары союз тараганда анан 2000-жылдардын ичинде келгендер. 2006-жылы президенттер ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, жарандык алуу боюнча жеңилдиктер берилген. Азыр бул мекендештерибиздин балдары, неберелери чоңоюп калды. Өздөрү Орусиянын коомдук-саясий турмушуна анча активдүү катышпаса да ирденип калышты. Соода, курулуш тармактарында иш боюнча өз ордун ээлеп турушат. Бул жактан каражат топтоп, Кыргызстанга барып, саясатка аралашкандар да бар. Орус бийлиги тарабынан улуттар маселеси боюнча ар кандай мекемелер түзүлгөн. Алар биз менен байланышып, жолугушуп, сунуш-пикирлерди алмашып турабыз.

Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар

Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар

Орусияда бизнесин түптөгөн мигранттар

Аттокуровдун белгилешинче, азыр Мамдумада каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, орус жарандыгына өткөн кыргызстандыктардын дагы бир агымы деле болбойт.

Юрист Валентина Чупик орус жарандыгы боюнча жеңилдиктерге Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өзбекстандыктар көбүрөөк кызыкдар деген ойдо.

- Жаңы мыйзам долбоордо өзгөчө деле жеңилдиктер жок. Орус тилин билүү, постсоветтик аймактан болуу керек деген талаптар мурда эле бар болчу. Азыр мыйзам кабыл алына элек. Алынса, Кыргызстандын жарандары орус жарандыгына өтүүгө ашыгат деп ойлобойм. Евразиялык биримдиктин алкагында аларга Орусияда тоскоолдуксуз иштөөгө керектүү шарттар түзүлгөн. Мыйзам кабыл алынса, биринчи кезекте миграцияда жүргөн Өзбекстандын жарандарына кызык болушу мүмкүн.

Учурда орус жарандыгына Орусияда беш жылдан ашык үзгүлтүсүз жашагандыгын ырастаган расмий кагазы, ага кошумча мыйзамдуу каржы булагы бар, орус тилин мыкты билген жана башка өлкөнүн жарандыгынан баш тарткан расмий документи бар чет өлкөлүктөр талапкер боло алат. Атайын жеңилдиктер качкын статусуна ээ, же саясий башкалка издегендерге жана Орусияда талап кылынган адистиги бар адамдарга гана берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG