Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

Орусия: “түстүү ыңкылаптын далилин" табышты


Москванын Болотная аянтындагы ири демонстрация. 6-май, 2012-жыл.
Москванын Болотная аянтындагы ири демонстрация. 6-май, 2012-жыл.

Орусияда оппозициячыл ПАРНАС партиясынын активистине каршы кылмыш иши козголду. Тергөө комитетинин билдиргенине караганда, бул Наталья Пелевинанын үйүнөн ал тыштан акча алганын далилдеген документтер табылганына байланыштуу. Орусиялык тергөөчүлөр муну “түстүү ыңкылапка” даярдык көрүүнүн жышааны катары баалашууда.

Орусиянын Тергөө комитети жума күнү (11-март) жарыялагандай, ПАРНАС партиясынын активисти Наталья Пелевина Кошмо Штаттарда жайгашкан уюм - Демократияны колдоо боюнча улуттук кордон 2013-2014-жылдары 35 миң доллар өлчөмүндө каржылык колдоо алганын күбөлөндүргөн документтер табылды.

"Түстүү ыңкылап аракети"

Федералдык мекеме өз билдирүүсүндө белгилегендей, жогорудагы акча “6-май Комитети” деген уюмдун ишмердигин каржылоо үчүн бөлүнгөн жана бул факт тергөө органдарынын Орусияда тышкы күчтөр “түстүү ыңкылап” сценарийин ишке ашырууга аракеттенген деген жоромолун ырастап турат.

Тергөө комитетинен кошумчалагандай, “6-май Комитети” америкалык кордон алган каражатты 2012-жылдын 6-майында Болотная (Москва шаары) аянтында массалык башаламандык боюнча ишти иликтеп жаткан ички иштер жана тергөө органдарын дискредитациялоо үчүн колдонгон.

Болотнаядагы нааразылык. Москва, 6-май, 2012-жыл.
Болотнаядагы нааразылык. Москва, 6-май, 2012-жыл.

Орусияда “6-май Комитети” деп аталган уюм Путинди президенттик кызматка кайтарган шайлоодон кийинки эң ири нааразылык акциясы - Москванын Болотная аянтындагы башалмандык боюнча айыпталгандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү, укуктук колдоо көргөзүү жаатында иш жүргүзчү.

Ал каржылык жардам берди деген Демократияны колдоо боюнча улуттук корду былтыр июлда орус бийликтери “ылайыксыз уюмдардын” кара тизмесине кошкон.

ПАРНАС партиясынын активистине каршы кылмыш ишин ачаар алдында полиция Наталья Пелевинанын Москвадагы батиринде 10-март күнү да тинтүү жүргүзгөн. Ага чейин былтыр апрелдеги алгачкы тинтүүдө активисттин батиринен видео жабдуусу бар калем сап тапканын билдирген эле.

Наталья Пелевина.
Наталья Пелевина.

Пелевина өзү кабарчылар менен маегинде кылмыш ишин жана тинтүүлөрдү саясий буюрутма деп баалап, алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай оппозицияны каралоо аракети жүрүп жатканына токтолду.

Ушундай эле ойду ПАРНАСтын лидерлеринин бири, мурдагы премьер Михаил Касьянов дагы айтып, алардын демократиялык коалициясына шайлоо алдында кысым күчөп жатканын белгиледи. Касьянов ошондой эле активисттин үйүн тинтүү ФСБнын колдоосу астында ишке ашырылганын кошумчалады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00
Түз линк

"Шайлоого тыштан кийлигишүү"

Эске салсак, өткөн айдын соңунда президент Путин өзү ФСБнын коллегиясында сүйлөп жатып, чекисттерди быйылкы шайлоо жылында өзгөчө кыраакы иштөөгө чакырган:

- Шайлоонун жүрүшүнө, биздин ички саясий турмушубузга тыштан кийлигишүү боюнча кандай аракет болбосун токтотуу керек. Силер мындай технологиялар бардыгын, бир катар өлкөлөрдө буга чейин колдонулганын жакшы билесиңер. Дагы бир жолу кайталайм, бул биздин суверенитетибизге тикелей коркунуч жаратат жана биз ага талаптагыдай реакция жасайбыз. Тилекке каршы, шайлоого биздин дөңдүн сыртындагы душмандарыбыз да даярданууда. Бирок баары билип коюшу керек биз кызыкчылыктарыбызды өз мыйзамдарыбызга ылайык өжөрлүк менен коргойбуз.

Кремлдин чочулоосу

Көз карандысыз талдоочулар Орусияда мамлекеттик телеканалдар президент Путиндин рейтинги же аны колдогондордун көрсөткүчү 70% кемибегенине, ошол эле учурда ага каршылар 11-14% эле түзөрүн такай айтып келе жатканына көңүл бурушат. Анткен менен ФСБ сыяктуу күч түзүмдөрүнүн жыйынында сырттан даярдалган сценарийлер аркылуу Путинге каршы азчылык бийликти алмаштырууга аракет жасайт деген ой дагы таңууланууда.

Кремлде мындай чочулоо чыгышынын себептерин орусиялык оппозициячыл саясатчы Владимир Рыжков төмөнкүчө чечмелейт:

- Азыр биз экономикалык кризистин үчүнчү жылына кирип калдык. Өлкөнүн алдыңкы эксперттик борборлорунун божомолдорун карасам, быйылкы жылы да экономика кеминде 0,7% кыскарат, жарандардын реалдуу кирешеси 7% азаят. Ага чейин акыркы эки жылда да реалдуу киреше 15% төмөндөгөн. Ооба, президент Путинде бекемдик кору али бар. Бирок резервдик кордун коротулушу, бюджет проблемасынын көбөйүшү менен ал жукарууда. Ушундан улам ФСБнын коллегиясында тышкы душман тууралуу сөз болуп жатышы, массалык нааразылык акциялар тууралуу чочулоолор, азыр жүрүп же мерчемделип жаткан репрессивдик чаралардын баары, кырдаал чын эле оорлугун эстүүлүк менен түшүнгөндүктөн. Тилекке каршы, өлкө жана анын калкы үчүн кырдаал начарлап жатат.

Орусиянын быйылкы парламенттик шайлоосу 18-сентябрда өтүшү керек. Буга чейин 2011-жылдагы шайлоонун арты Москвада либералдык маанайдагы оппозициянын жана активисттердин Путиндин доорундагы эң ири нааразылык акциялары менен коштолгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG