Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

ИИМ: Питерде кармалгандар орус жарандары


Орус полициясы Питерге келген жүктү текшерүүдө. 4-апрель.
Орус полициясы Питерге келген жүктү текшерүүдө. 4-апрель.

Санкт-Петербург шаарында эки борбор азиялык адам “Ислам мамлекети” террордук уюмуна көмөкчү болгон деген айып менен камакка алынды. Алардын теги Кыргызстандан, бирок акыркы он жылдан бери Орусиянын жараны болгону аныкталды. Буга чейин дагы террорчулукка шектелип Питерде алты кыргызстандыктын кармалганын орусиялык басылмалар маалымдалган.

15-апрелде Санкт-Петербург шаарында 32 жаштагы Айжигит Айтматов менен 39 жаштагы Обид Абдыраимов террорчулукка шектелип камакка алынган. Орусиялык басылмалар экөө тең Кыргызстандын жараны деп жазып чыгышкан.

Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев жогоруда аталгандар он жыл мурун орус жарандыгын алышканын маалымдады:

- Биздеги маалыматтар боюнча Айжигит Айтматов 1985-жылы, Обид Абдыраимов 1978-жылы Ош облусунда туулган. Бирок 2007-жылы Орусиянын жарандыгын алып, бул жерде иштеп, жашап жүрүшкөн.

Питерде таксист болуп иштеген Айжигит Айтматов мигранттарды WhatsApp аркылуу чогултуп, Орусияда тыюу салынган “Жабхат ан-Нусра” жана “Ислам мамлекети” террордук уюмдарынын видеолорун, чакырыктарын таркатып жүргөн деп айыпталууда.

Орусиялык басылмалар анын Кыргызстанда аялы жана баласы бар экенин жазышкан. Обид Абдыраимов болсо Сирияга жарандарды азгырган деп шектелүүдө.

Ал эми 18-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Санкт-Петербургдагы терактты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган тогузунчу кишини кармады. ТАСС агенттигинин кабарлашынча, 27 жаштагы Аброр Азимов Москва облусунун Одинцов районунда бир күн мурда кармалган. Бүгүн Москванын Басман райондук соту Аброр Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага теракт уюштурган жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн деген айып менен кылмыш иши козголду. Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, ал белгисиз адамдан буйрук алган жана теракт уюштурууга катышып жатканын билген эмес. Ал эми тергөөчү менен Азимовдун адвокаты мурдараак ал күнөөнү мойнуна алганын билдиришкен.

Азимовдун жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тергөөнүн алдын-ала божомолу боюнча Азимов терактты ишке ашырган жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдоого катышкан. Маалымат каражаттары жазышкандай, Жалилов теракт алдында Азимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Азимов 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алган.

Буга чейин 7-апрелде Питерде сегиз борбор азиялык адам террорчулукка шектелип кармалган. Шаардын Октябрь райондук сотунун пресс-кызматы кармалгандардын арасында Баходир Мадрахимов, Шухрат Сатымбаев, Атабек Рустамов, Азизбек Рустамов, Ойбек Уулу Исламбек, Искандер Нурбаев – Кыргызстандын жарандары экенин билдирген. Ал эми калган экөө - Журабек Муратов менен Феруз Инаков Өзбекстандын жараны экени айтылууда.

Сот чечими боюнча кармалган борбор азиялыктардын тогузу 4-июнга чейин, ал эми Обид Абдраимов 13-июнга чейин камакта болот. Баарына Орусиянын Кылмыш кодексинин 205.1-беренеси (террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандардын айыбы аныкталса, аларга беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жана 500 миң рубл айып пул жазасы каралган.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин билдиришинче, 7-апрелде кармалган алты адам дагы Кыргызстандын жараны экени расмий аныкталган эмес. Бул тууралуу элчиликтин пресс-кызматчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди:

- Орусиянын расмий органдары тарабынан элчиликке Санкт-Петербургда террорчулукка шектелип кармалгандардын тек-жайын аныктоо же кыргыз жарандыгын ырастоо боюнча кайрылуу түшкөн эмес. Ошондуктан, биз алардын Кыргызстандын жарандары экени расмий тактала элек деп айта алабыз.

Орусияда борбор азиялык мигранттарды текшерүү 3-апрелде Питер метросундагы жардыруудан кийин күчөгөн. Кыргыз жамаатынын өкүлү Кочкорбай Кутунаев мигранттар документ текшерүү жана дактилоскопиялык маалыматтарды тапшыруу үчүн кармалган учурда мүмкүн болушунча укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи:

- Полицияга түшүп, негизсиз эле “депортация кылабыз” деп коркутуп жаткан болсо, дароо диаспора менен консулдуктун өкүлдөрүнө байланышып жатышат. Биз бардыгы тууралуу маалыматыбыз бар. Бармагынын изин алып, документтерин текшергенден кийин документтери туураларды чыгарып жатат. Биз өзүбүз күнү-түнү керек болгон учурда полиция бөлүмүнө барып жатабыз.

Учурда террорчулукка шектелип кармалган он борбор азиялык мигранттын Питерде жардырууга тиешеси бар же жогу расмий органдар тарабынан маалымдала элек.

Буга чейин Питердин метросундагы жардырууну уюштуруучу катары шектелип, 17-апрелде Москванын алдындагы Одинцово районунда 26 жаштагы Аборор Азимов кармалган. Орусиялык басылмалардын маалымдашы боюнча Аброр Азимов 2013-жылдан бери Орусиянын жараны.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG