Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Мигранттарды санаага салган текшерүү


Санкт-Петербургдагы метродо жардырууга байланыштуу Орусиянын ири шаарларында коопсуздук көзөмөлү күчөтүлүүдө. Орус бийлиги теракт деп атаган бул жардырууга шектелген адамдын Кыргызстанда туулуп-өскөндүгүнүн аныкталышы Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды убайымга салууда.

Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу болгондон кийин Орусиянын Москва, Екатеринбург, Красноярск өңдүү ири шаарларында коопсуздук көзөмөлү күчөтүлдү. Адам көп чогулган жайларда жана коомдук транспортто укук коргоо органдары борборазиялык мигранттардын документтерин, жүктөрүн текшере баштады.

Москвада иштеген Гүлжигит Ошто туулган адамдын терактка шектелиши кыргызстандык мигранттарды оңтойсуз абалга калтырганын айтты:

- Ар бир экинчи полиция токтотот. Мен өзүм да коркуп жүрөм. Жумушка чейин он жолу текшерип, улам бармак белгилерин алып жатат. “Террористсиңби, маңзат барбы” деген суроолорду беришет. Бүгүн жумушка ошонун айынан кечигип келдим эле, айыппул чегерди. Орусиянын башка шаарларындагы туугандарыма чалсам, аларды да текшерип жатышыптыр. Биз карапайым калкпыз, биз тынч иштешибиз керек. Кыргызстанда балдарыбыз карап отурат. Өкмөт тез арада ошол шектүү адамдын түп-тегин тактап берсин. Бир адамдын кесири канчалаган мигранттарга тийди. Эми депортациялар башталат го.

Технологический метросу. Санкт-Петербург.
Технологический метросу. Санкт-Петербург.

Москвадагы кыргыз жамаатынын жетекчиси Райымкул Аттокуров күчөтүлгөн коопсуздук көзөмөлүнөн улам мигранттарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтат.

- АКШда, Түркияда, эми Орусияда болгон жардырууларда кыргызстандык деп аты чыгып жатат. Албетте, бул жарандарыбыздын абалын оорлотот. Азыр Мамдумада депутаттар, саясатчылар бийликтин ар кайсы бутактарында терроризмге каршы чараларды сунуштап, талкуулай баштады. Биз Евразия экономикалык биримдигиндебиз, бирок ага карабай бир топ чектөөлөр кирет деп чочулап жатабыз. Азыр мекендештерге документтерди тактап, тууралап, жаныңарга ала жүргүлө деп жатабыз. Метродо текшерүү күчөгөнүн өзүм деле көрдүм.

Екатеринбургдагы кыргыз жамаатынын жетекчиси Камчыбек Каримов ал жакта да мигранттар көп иштеген жайларда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Теракттан кийин. Санкт-Петербург
Теракттан кийин. Санкт-Петербург

Санкт-Петербургдагы ардактуу консулдун жардамчысы Азамат Мамышев мигранттардын көбү иш ордун жоготуп алуудан кооптонуп турганын белгилейт.

- Азырынча эч кандай терс көрүнүштөр байкалган жок. Айрым интернет ресурстарда ар кандай маанайдагы талкуулар болуп жатат. Ал эми улутчулдар тарабынан жарандарга кысым көрсөтүп, коркутуулар жөнүндө эч кандай маалымат түшкөн жок. Албетте, биздин жарандар кайрылып, кооптонуп жатышат. Көбү ишибиз эмне болот деп сурап жатышат. Биз ашыкча көчөгө чыкпагыла, жалгыз жүрбөгүлө, кеч калбагыла деп жатабыз.

Орусиядагы кыргыз элчилиги мигранттарды массалык түрдө камакка алуулар же текшерүүлөр, кайрылуулар катталбаганын маалымдады.

"Акбаржон ашканада иштечү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG