Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:46

"Питердеги кыргызстандыктар кооптонууда"


Метронун жардыруу болгон станциясы
Метронун жардыруу болгон станциясы

Санкт-Петербургдагы жардырууну Кыргызстанда төрөлгөн адам жасады деген маалыматтардан улам мекендештер атайын органдардын текшерүүлөрү күчөйт деп кооптонуп турушат.

Орусияда жашаган кыргызстандыктар ушул тапта өздөрүн кандай сезип жатканын билүү максатында Санкт-Петербургда мобилдик компаниялардын биринде иштеген Нурсултан Бакытбекти кепке тарттык.

“Азаттык”: Нурсултан мырза, Петербургдагы кандуу окуядан кийин бул шаардагы кыргызстандыктар өзүңөрдү кандай сезип жатасыңар?

Н. Бакытбек: Кыргыз жамаатында жакшы эле кооптонуу бар. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда группаларды уюштуруп алганбыз. Дал ошол группабызга кирип мекендештердин маанайына байкоо салсам, терактка чейин эле полиция кызматкерлери кыргыздарды метролордо тынбай текшерип турганы белгилүү. Эми бул полициянын текшерүүлөрү күчөйт деп кооптонуп жатышат. Айтор элдин маанайы суз десем болот.

“Азаттык”: Демек мекендештер өз-ара байланышып жатасыздар, ал эми элчилик жана диаспоралар жактан кандай аракеттер болууда?

Н. Бакытбек: Диаспора, өкүлчүлүктөр деле интернет аркылуу элге кабар жайылтып жатат. Кайрылуунун мазмунунда кимде ким теракт учурунда жараат алса консулдукка кайрылсаңар болот деп жазылууда. Мындан башка консулдук жабыркагандардын тизмесин түзүп жатат деп уктук, бирок бактыга жараша чабуулда кыргыз жарандары жараат алган жок.

Негизинен Петербургдагы кыргыздарга диаспора жактан эскертүүлөр көп болуп жатат. Анда көп киши чогулган жерден алыс болгула, болушунча жумуштан кийин түз үйгө баргыла деген чакырыктар жүрүп жатат.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз метродо жүрөсүзбү? Ошол каргашалуу күнү кайда элеңиз?

Н. Бакытбек: Метродо жарылуу болгон маршрут менен күндө эле каттайм. Үйдөн жумушка чейин эки саат жол жүрсөм, анын бир саатын мен метродо өткөрөм. 3-апрелде жарылуу болгон маалда мен дагы жумуштан чыккам. Бирок ал күнү бир сааттай жумушта кармалып калган элем. Бактыга жараша ал станциядан жумуштан кеч чыккандыктан өтпөй калдым. Жарылуу болгондон кийин гана метролор иштебей калганда жумуштан чыккам.

“Азаттык”: Терактты жасаган адам Кыргызстанда төрөлгөн деген маалымат тарады, Санкт-Петербургдагы эл кыргыздар жөнүндө эмне деп жатат?

Н. Бакытбек: Бул жакта бир гана кыргыздарга мамиле өзгөрүп кетти десем туура эмес. Жергиликтүү эл кыргыздардан кооптонуп калды деген дагы туура эмес. Теракттан кийин жалпы эле борбор азиялык мигранттарга мамиле өзгөрүп калды. Бирок бул убактылуу экенин биз дагы түшүнүп жатабыз. Ошол эле учурда эл арасында терактты башка бир тараптар уюштурду деген сөздөр көп айтылып жатат. Себеби жакында эле коррупцияга каршы жүрүш Санкт-Петербургда да болгон. Андан бери эл дагы бул митинг тууралуу көп сүйлөп калган. Азыркы теракттын аркасы менен элдин көңүлүн башка жакка буруу аракети болду деп айткандар басымдуу экенин белгилей кетиш керек. Бирок бул эл арасында гана айтылып жаткан сөз экенин белгилейм.

“Азаттык”: Демек борбор азиялыктарды текшерүүлөр күчөп, полиция тыкыр карай баштайт экен да?

Н. Бакытбек: Ооба, укук коргоо кызматкерлеринин мамилеси өзгөрүп, текшерүүлөр күчөйт го деген чочулоо бар. Себеби мигранттарга байланыштуу окуялар катталганда, кайсы өлкөнүн жараны экенине карабай текшерүүлөр күчөйт. Андыктан кыргыздар эле эмес, башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары дагы текшерүүлөргө психологиялык жактан даярдана башташты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG