Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Навальный шериктери менен кошо сабалды


Навальный жана анын шериктерине кол салуу учуру
Навальный жана анын шериктерине кол салуу учуру

Орусия оппозициясынын лидери Алексей Навальный жана анын тарапкерлерине кол салуу болду. Саясатчы 30дай тарапкери менен Кара деңиздин жээгиндеги Анапа шаарына келгенде жергиликтүү казактар ур-токмокко алышкан. Орус-казактар өз кезегинде мушташты биринчи Навальныйдын тарапкери баштаганын билдирүүдө.

Оппозициялык саясатчы жана анын тарапкерлерине орус-казактардын кол салуусу 17-майда Анапа шаарында болду. Навальный жана анын тобу аэропортко бараткан мезгилде орус-казактардын салттык аскерий кийимдерин кийген кишилер кол салган.

Алар “Коррупцияга каршы күрөш фондунун” жетекчиси Навальный жана анын тобундагы адамдарды сөгүп-сагып, үстүлөрүнө сүт төгүшкөн. Кээ бирөөлөрүн көтөрө чаап кулатса, кээ бирөөлөрүн бетке-башка уруп жыгышкан.

Алексей Навальный Твиттерге кол салгандар аял-эркегине карабай сабашканын, полиция көзгө көрүнбөгөнүн жазган.

“Ар бир аэропортто канчадан полиция кызматкери жүргөнүн көрөсүңөр? Бүгүн, өзөчө май айында, Анапанын аэропортунда эки гана полиция кызматкери бар экен” деп белгиледи Навальный.

Анапа полициясы ТАССка берген маалыматында аэропорттогу окуя боюнча эч кандай кармоолор болбогонун билдирген.

Анапа шаарындагы орус-казактардын лидери Валерий Плотников ТАССка берген маалыматында, орус-казактар каршылашкан тараптарды ажыратууга аракет жасады деп билдирген. Анын айтымында, Навальныйдын тобу эки жаранды сабашкан. Алардын экөө тең ооруканага түшкөн, бирөөнүн мурду сынган.

Анапа: активисттерге кол салуу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Акцияга катышкан бир орус-казактын айтымында, алардын биринчи максаты: Навальный жана анын тобундагы адамдардын үстүнө сүт төгүү болгон. Бирок улгайган орус-казакты Навальныйдын тарапкери чыканагы менен бетке ургандан кийин кармаш чыккан. “Мына ошондон кийин кагылышуу чыгып кетти” деп белгилеген жергиликтүү тургун Дмитрий Слабода “Говорит Москва” радиосуна. Анын айтымында, алардын максаты “америка акчасына жашаган Навальныйга бур жерде орун жок экенин көрсөтүү гана болгон”.

Алексей Навальный Твиттерге “орус-казактар Коррупцияга каршы күрөш фондуна кол салды деген туура эмес, полиция жана казактар аны болгону ишке ашырышты, ал эми чабуулдун уюштуруучусу, албетте мамлекет” деп жазган.

Алексей Навальный менен кошо жүргөн "Дождь" телеканалынын журналисти Артем Торчинский баш-мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Торчинскийдин айтымында, орус-казактар эч кандай себепсиз эле "Коррупцияга каршы күрөш фондунун" мүчөлөрүн “биздин жерден кеткиле” деп ураан чакырып, кол салышкан.

"Коррупцияга каршы күрөш фондунун" маалымат катчысы Кира Ярмыштын маалымдоосуна караганда, Алексей Навальный Краснодар крайындагы Анапа шаарына командасын бекемдөө максатында барган.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “бир булактан алынган маалыматка таянып, жыйынтык чыгара албайм” деп билдирген 17-майда журналисттерге Анападагы окуя боюнча.

Алексей Навальный Орусиядагы коррупция боюнча маалымат таратып, Мамлекеттик Думага шайлоого катышууга даярдык көрүп жүргөнү маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG