Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Кремлди кооптонткон күзгү шайлоо


2013-жылдын 12-июнундагы Москвадагы нааразылык акция.

2013-жылдын 12-июнундагы Москвадагы нааразылык акция.

Кремль аты аталбаган чет өлкөлөр менен медиа уюмдарды Орусиянын алдыдагы парламенттик шайлоосуна кийлигишүүнү көздөөдө деп айыптады. Москва бул ирет айыптоосун Батышта президент Путинге каршы жаңы “маалымат чабуулу” даярдалып жатканы менен байланыштырды. Бирок, Кремлдин Орусиянын ичиндеги сынчылары шайлоого байланышкан нааразылыктарга тышкы күчтөр эмес, ириде бийликтин өзүнүн аракеттери түрткү берерин айтышат.

Орусиянын быйыл күздөгү парламенттик шайлоосуна азыр бийлик дагы, системалык эмес либералдык оппозиция да кызуу даярдык көрө баштады:

- Биз бийликке эмне үчүн барабыз? Бийликке, элге жардам берүү үчүн барабыз да. Баарыбыз абдан жакшы көргөн өлкөбүз заманбап жана гүлдөп өнүгүшү үчүн барабыз. Бийликтин эң бийик озуйпасы мына ушул нерсе. Эгер силер мына ушул нерсени көңүлүңөргө түйүп, өзүңөрдүн башкы максатыңарга айлантсаңар “Бирдиктүү Орусиянын” ийгиликтүү өкүлү болосуңар, мындай шартта биз алдыдагы шайлоодо жеңебиз, - деди премьер-министр Дмитрий Медведев эки күн мурда бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын болочок талапкерлери менен жолугушууда.

Айткандай эле Кремль алдыдагы шайлоодо Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын акыркы он беш жылдагы жеңиштери кайталанарына бекем ишенип турганы менен, саясий өнөктүк “түстүү ыңкылап” аракети менен коштолуп кетиши мүмкүн деген кооптонуусун ачыкка чыгарууда.

Маселен, президент Путин өзү өткөн айдын соңунда ФСБнын коллегиясында Орусиянын быйылкы шайлоосуна тыштан кийлигишүү аракети жасаларын эскертип, чекисттерди кыраакы иштөөгө чакырган болчу.

Мындан эки күн мурда президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “биздин өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө атайын кызматтар, кээ бир маалымат каражаттары да аралашып кетти. Алар өлкөдөгү абалды чайкоого активдүү умтулуп жатышат. Түрдүү булганыч ыкмаларды колдонуу менен алар биздин өлкөнүн бийлиги, биринчи кезекте президент Путинди дискредитациялоого аракеттенишүүдө”,- деп билдирди. Песковдун бул сөздөрүн Орусиянын өкмөттүк маалымат агенттиктери таратышты.

Экономиканын жана Путиндин рейтингинин төмөндөшү

Ошентип, Орусиянын бийликтери шайлоо жылындагы коркунучтарды тыштан көрүп жатса, Кремлдин Орусия ичиндеги сынчылары анын чочулоолорун өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштырышат:

- Экономикалык абал чукулунан начарлап жатканы, бийликке социалдык басым күчөгөнү, коомдө өз абалына канааттанбагандар көбөйгөнү жашыруун эмес. Буга ишенсе болот же болбойт деген маселе жок. Муну социологиялык сурамжылоо да көргөзүп жатпайбы. “Левада” борборунун акыркы сурамжылоосунун жыйынтыгы президенттин бедели бир нече жылда биринчи ирет бир айда 10% төмөндөгөнүн ырастады. Ал мындан ары да төмөндөбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, социалдык, экономикалык болжолдор кубанарлык эмес. Бийлик муну менден жакшы билет. Кремлде маалымат көбүрөөк да, - деди “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде москвалык тарыхчы окумуштуу, системалык эмес жана либералдуу оппозициянын Демократиялык коалициясынан шайлоого катышууга камынып жаткан Андрей Зубов.

Илимпоз Зубов ошондой эле күздөгү шайлоого байланыштуу Орусияда нааразылык чыгар-чыкпасы бийлик саясий өнөктүктү кандай өткөрөрүнө көз каранды экенин кошумчалады:

- Менимче, бийлик азыр өзү бир нече варианттын ортосунда чайпалууда. 17-сентябрга барып ал кандай вариантка токтойт мага азырынча айтуу кыйын. Эгер либералдуу мамиле жасалып, шайлоо эркин өтсө абдан жакшы. Эгер либералдуу эмес мамиле болуп, оппозицияны басуу, фальсификация аракети жасалса, бул бизге бийликтин мыйзамсыз, антиконституциялык кадамына каршылык көргөзүү үчүн факт болот.

Орусиянын быйылкы парламенттик шайлоосу 18-сентябрда өтүшү керек. Буга чейин 2011-жылдагы шайлоонун арты Москвада либералдык маанайдагы оппозициянын жана активисттердин Путиндин доорундагы эң ири нааразылык акциялары менен коштолгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG