Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Кипрде кармалган орус активисти бошотулду


Никита Кулаченков.
Никита Кулаченков.

Кипрде Орусиянын оппозициялык саясатчысы Алексей Навльныйдын шериги, Коррупция менен күрөшүү фондунун кызматкери Никита Кулаченков абактан бошотулду. Ал саясий качкын макамын алганына карабай, аталган өлкөдө өткөн айда камакка алынган эле.

Кипр соту 10-февралда орусиялык активист Никита Кулаченковду бошотуу чечимин кабыл алганын Кремлдин сынчысы, оппозициялык саясатчы Алексей Навальный ушул эле күнү кечке жуук өз блогуна жарыялады. Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери Никита Кулаченков өткөн айдын 24үндө Кипрдин Никосия шаарындагы эл аралык аба майданда кармалып, ошондон бери абакта отурган. Ал саясий качкын макамын алганына карабай кармалышын жактоочулары Кипр бийликтери Кремлдин талабын аткарып жатат деп боолголошкон. Ошондой эле Кипр бийликтери аны эми Орусияга өткөрүп бериши мүмкүн деп чочулап, тынчсызданып турушкан.

Ал Орусияда уурулукка байланыштуу сыртынан соттолгон эле. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы Никита Кулаченков шериги, аталган фонддун дагы бир кызматкери Георгий Албуров менен Москвадан 200 чакырымдай аралыкта турган Владимир шаарынан “Жакшы жана жаман адам” деген сүрөттү уурдап келип, аны Алексей Навальныйдын туулган күнүндө белекке беришкен. Картина кийин Навальныйдын үйүн тинтүү учурунда табылганы айтылган. Бул иш боюнча Георгий Албуровду сот 240 сааттык коомдук ишке чегерүү чечимин чыгарган. Бирок Кулаченковду сыртынан абакка кесип, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Активист ал учурда өлкөдөн чыгып кетип, кийинчерээк Литвадан саясий качкын макамын алганы Кипрде кармалган соң гана ачыкка чыгып отурат. Европа биримдигинин мыйзамдарына ылайык, саясий негизде качкын макамын алган адам кайра өз өлкөсүнө кайтарылбашы керек. А ага баш паанек берген Литва да, аны кармаган Кипр да аталган биримдиктин мүчөсү.

Бирок анын эки жумадан ашуун убакыт кармалып турушуна адвокаты Николетта Чараламбидоу тынчсыздана баштаган. Ал Кипрдин Юстиция министрлигинен Кулаченков саясий качкын болгону үчүн бошотулары боюнча маалымат алганы менен бийликтер аны кайра Орусияга берип койбойбу деп чочулап турган:

- Саясий качкын макамын алган адамды кандайдыр бир чечим кабыл алуу үчүн эки жумадан ашык убакыт кармоо сейрек көрүнүш. Биз буга абдан тынчсызданып жатабыз , - деген эле адвокат Кулаченков бошотулардан эки күн мурда.

Кипрде орус активисти камалышына Литва Сеймасынын депутаты, эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Эмануэлис Зингерис да тынчсыздануу билдирип чыккан:

- Кипр бийликтери Литва Республикасынын юрисдикциясында турган Кулаченковду эки жумадан ашуун кармап турушу акылга сыйбаган иш. Орус оппозициясынын бул өкүлү ишмердиги тыкыр изилденгенден кийин, 2015-жылдын 28-декабрында Литвадан саясий качкын макамын алган. Ал кармалышы менен эле биз Кипрге маалымат бергенбиз. Кипр Интерполдун Орусиядагы бюросунун суранычына көңүл бурбай, Европа биримдигиндеги шериктешинин маалыматына маани бериши керек эле. Эми биримдиктин биргелешкен жыйынында Кипрдин бул боюнча түшүндүрмөсүн угуу бизге да кызык болуп турат, - деди Литва Сеймасынын депутаты.

Кулаченков Кипрге жеке иштери менен барган учурда кармалганы айтылууда.

Анын кармалышы канткен менен орус бийликтери оппозициялык саясатчы Алексей Навальный менен анын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду деп аталган уюмуна басым-кысымды күчөткөн учурга туш келди. Аталган фонд акыркы убактарда жарыялаган коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөрдө Орусия башкы прокурору Юрий Чайканын, коргоо министри Сергей Шойгунун жана Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун аттары аталган эле.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG