Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

"Кулча иштеп", падышадай жашаган Путин


Орус оппозициясы президент Владимир Путинди жеке жашоосу үчүн мамлекет каражатын ыксыз коротууда деп сындап чыкты. Алар даярдаган баяндамада айтылгандай, Путин бийликке келгенден бери Орусияда мамлекет башчысын тейлеген сарай, конок үй, учак, яхталардын саны көбөйгөн. Баяндама авторлору орус президентинин жашоосун Перс булуңунун бийлик атадан балага өткөн падышаларыныкына салыштырышат.

Орусиянын оппозициячыл “Тилектештик” кыймылынын өкүлдөрү Борис Немцов жана Леонид Мартынюк даярдаган баяндама коомчулукка шейшембиде Москвада сунуш кылынды. Ал “Калактуу кемедеги кулдун жашоосу” деп, башкача айтканда президент Путиндин өз сөзү менен аталган.

2008-жылы президенттик эки мөөнөтүнүн жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Путин “калак шилеген кулдай эле иштедим" деп айткан болчу.

Сүрөттүү баяндаманы даярдаган авторлордун ырастоосунда, Путин бийликке келген он эки жылдын ичинде мамлекет башчысынын жашоосун тейлөөгө кеткен чыгым кыйла көбөйгөн.

Оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцов Москвадагы басма сөз жыйында баяндама менен тааныштырып жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул - адаттан тыш доклад. Анда тамга жана цифра аз, сүрөт жана факты көп. Биз кандай кишиге даап, айбат көрсөтүп жатканыбызды билебиз. Кичинекей эле ката соттук доолорго, жаңжалдарга алып келерин түшүнөбүз. Эмне үчүн бул кадамга бардык? Биз доклад интернет аудиторияга гана эмес, путиндик пропаганда же путиндик теле менен ууланган адамдарга да жеткиликтүү болушу керек деп эсептейбиз.

Мен бир адамдын жыргалчылыгы үчүн мынчалык көлөмдөгү мамлекеттик мүлккө ээлик кылууну жана башкарууну нормалдуу көрүнүш деп эсептебейм. Бул аморалдуулук, кылмыш жана жакыр өлкө үчүн жол берилгис көрүнүш. Биз Путин мунун баарын орусиялык салык төлөөчүнүн эсебинен колдонуп жатат, ал үчүн жылына 85 миллиард рубль же 2,5 миллиард доллар сарптоодо деп айтып жатабыз. Учактарды, яхталарды, башкаларды кармоого бул төрө 3 миллион 300 миң калктуу облустукуна тең каражатты коротууда. Кайсы өлкөдө мындайга жол берилет?


Путин тууралуу китеп
Путин тууралуу китеп
Баяндама авторлору кошумчалагандай, азыр орус президентин тейлеген сарай, резиденция, виллалардын саны 20га жеткен, алардын тогузу Путиндин учурунда жаңыдан салынган. Кээ бирлерин оңдоп, жасалгалоого миллиондогон доллар коротулган.

Президенттин карамагында 43 учак, 15 тик учак жана кеминде 4 яхта, кымбат баалуу автоунаалардын топтому бар. Президенттик учактардын бирин сатып алууга 1 миллиард доллар коротулган.

Оппозициянын баяндамасында мындан сырткары Путиндин кымбат баалуу сааттар коллекциясынын наркы 700 миң АКШ долларына жетери же президенттин жылдык айлык акысынан алты эсе көптүк кылары белгиленген.

Буга далил катары президенттин түрдүү кымбат баалуу сааттарды тагынып түшкөн сүрөттөрү кошо берилген. Баяндама авторлору муну коррупциянын белгиси деп санашат:

- 22 миллион рублга же алты жылдык айлык акыга тете коллекция - Путиндин жеке менчиги. Анда суроо: жылдык кирешесин 3 миллион 600 миң рубль деп көрсөткөн адам бул коллекцияны кантип сатып алган? Биздин бул боюнча өз пикирибиз бар. Бул - коорупция же ага ошол сааттарды белекке беришкен, бирок ал декларациялаган эмес. Анда бул пара болот. Же болбосо кирешеси ал декларацияда көрсөткөнгө шайкеш келбейт.

Баяндамага карата Кремлден азырынча расмий реакция боло элек. Мурдараак Кремлге жакын олигархтардын бири көзөмөлдөгөн “Коммерсант” басылмасы Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме жасап, резиденциялар, учактар менен унаалар мамлекеттин мүлкү экендигин, аларды президент мыйзам чегинде колдонуп жатканын жазган.

Путиндин яхтасы
Путиндин яхтасы
Бирок баяндама авторлору сөз мамлекеттик же жеке менчик жөнүндө эмес, коомдук каражат бир адамдын жашоосу үчүн ыксыз сарпталып жатканы тууралуу жүрүп жатканын айтышууда.

Оппозициячыл “Тилектештик” кыймылынын өкүлдөрүнүн айтымында, баяндама азырынча 5 миң нускада чыгарылган. Бирок аны басып чыгаруучу ишкананы табуу абдан кыйынга турган. Бул басмаканалар бийликтин ыктымал жазасынан чочулаганына байланыштуу болсо керек. Уюштуруучулар баяндаманы эми Интернет аркылуу жайылтууну да көздөшүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG