Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Мигранттардын үшүн алган өспүрүмдөр


Орусиялык басылмалар Санкт-Петербург шаарынын четиндеги бир айылда өспүрүмдөрдүн уюшкан тобу эмгек мигранттарга кол салып жатканын жазып чыгышты.

Айылдын жашоочулары расалык жек көрүүчүлүктүн негизинде болуп жаткан окуялар жөнүндө айтып, полиция жана жергиликтүү бийликке кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Лисий Нос айылында өспүрүмдөр биригип алып, ал жерде иштеген мигранттарга кол салып, кысым көрсөтүп жатканын орусиялык басылмаларга айыл тургуну жана активист Андрей Тимесков айтып чыккан. Ал "Азаттыкка" курган маегинде расалык жек көрүүчүлүктүн негизинде жасалып жаткан айылдагы иштер жөнүндө буларды билдирди:

- Айылдын борборунда мигранттарга кол салуулар болгонун өз көзүм менен да көрдүм. Андан тышкары мигранттар мага келип арызданышууда. Азыр менин колумда төртөөнүн арызы бар. Бирок, өздөрү коркуп, полицияга баруудан баш тартышууда. Анткени, бул окуяларга полиция көз жумууда, муниципалдык бийлик кийлигишпейт, ал эми тургундардын айрымдары уюшкан топтун иштерин колдоп келет. Бул бир жылдан бери эле болуп жаткан иштер. Ал балдар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшөт. Бала-чака, кары-картаңдардын баарын коркутуп алышкан. Эми болсо славян эместерге кол салып, алардын үй-жайларын тоноп, мунун баарын фото, видеого тартып интернетке ачык эле чыгарып жатышат.

Тимесковдун билдиришинче, уюшкан топтун өзөгүн 15-20 жаштагы 12 бала түзөт. Бирок, аларды колдоп, жолун жолдогондор дагы бар.

- Эми бул балдар ата-энеси жогорку кызматтарда иштеген, бардар үй-бүлөнүн балдары. Мындайча айтканда, көпкөндүктөн ушундай иштерге барып жатышат. Колдорунда Айфон, квадроцикл минишет, кымбат баалуу бренд кийимдерди кийишет. Мисалы, бир баланын апасы мектеп директорунун орун басары. Калгандары да ушундай үй-бүлөдөн. Ошондуктан баары унчукпай отурушат.

Мигрантты кылтакка илген шылуундар

Мигрантты кылтакка илген шылуундар

Москвада мекендештер мигранттык турмуштун сыноолорунан тышкары чоң шаарда көз боёмочу шылуундардын торуна түшүп, акчасынан ажырап, жагымсыз жагдайларга туш болуп келет.

Лисий Нос айылынын тургуну Татьяна Петина өспүрүмдөрдүн тобу борборазиялык мигранттар жашаган үйгө кирип барып, тоноп жатканын видеого тартып алган. Өспүрүмдөр өздөрү да кылган кылыктарын фото, видеого тартып, социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу ачык эле жайылтып келишет.

- Интернетке чыгарган видеолордон алар көчөдө кетип бараткан эки мигрантты сабап жатканын, дагы бирөөнү чогуу кубалап бара жатканын, бир лөлүнү баарылап сабап жатышканын көрүүгө болот. Анан дагы бир тургунубуз алар мигранттардын үйүн тоноп жатканын да тартып алган. Мындай окуялардан кийин айыл тургундарынан төрт-бешөөбүз полицияга арыз менен да барып көрдүк. Эч кандай жыйынтык жок.

Лисий Нос айылы Санкт-Петербург шаарынан эки жүз чакырым алыстыкта жайгашкан. Колунда бардарлар кара жумуштарга мигранттарды жалдагандыктан, Тимесковдун айтымында, айылда иштеген өзбек жана тажик мигранттары көп.

Айыл тургундарынын болуп жаткан окуяларга нааразычылыктарына карабай жергиликтүү полиция кызматкерлери жабырлануучулардан арыз түшпөгөндүктөн, эч кандай иликтөөлөр жүргүзүлбөстүгүн билдиришкен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG