Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Жапонияда чыккан The Diplomat аналитикалык басылмасында кыргызстандык журналист Рыскелди Саткенин “Монголия "Центеррага" каршы чыгууда” аттуу макаласы жарык көрүп, эл аралык коомчулукта кызуу талкууланууда. "Азаттык" бүгүн ушул темада Рыскелди Сатке жана "Центерранын" ишмердүүлүгүн изилдеген “Өмүр дарагы” борборунун директору, медицина илимдеринин кандидаты, Кумтөр боюнча мекемелер аралык жана мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Bank Watch уюму менен кызматташкан Калия Молдогазиева менен маектешти.

"Азаттык": Рыскелди мырза, Кыргызстанда “Центерранын” Монголиядагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. “Центерра” канча убакыттан бери ал жакта жана элдин бул компанияга карата көз карашы кандай?

Рыскелди Сатке: Монголияга апрель айынын аягында барып келдим. Ал жактан коомдук активисттер, жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү жана журналисттер менен жолуктук.

“Центерра” иштеткен Гатсуурт кенине жакын жашаган эл, малчылар жана жарандык активисттер таза суу көйгөйүнөн улам каршы чыгып жатышат. Себеби, Монголияда биздегидей мөңгүлөр жок. Айрыкча Боро кени казылып бүткөндөн кийин экологиялык маселелер бул өлкөдө курчуган. Алар жалаң жамгырдын жана арыктын суусун ичип, таза суу менен камсыз болгон эмес экен. “Центерра” иштеткен кендерден чыккан ар кандай заттар агын сууга кошулуп, элдин саламаттыгына бычактай тийгенин айтышууда. Жергиликтүү эл “Центеррага” ушундан улам кыжырланып жатыптыр.

Монголиянын кен иштеткенден кийин кургап калган талаасы. Рыскелди Саткенин сүрөтү

Монголиянын кен иштеткенден кийин кургап калган талаасы. Рыскелди Саткенин сүрөтү

"Азаттык": Монголиядагы кендер айланасында түзүлгөн кырдаалдын Кумтөргө окшоштугу барбы?

Рыскелди Сатке: Биринчиден, Монголияда коррупция маселеси биздегидей эле экен. Райондук бөлүмдөргө “Центерра” компаниясы Ысык-Көлдөгү өнүктүрүү фонду сыяктуу фондго акча бөлүп турат. Бирок бул акча элдин керектөөсүнө кетпей, аткаминерлер менен алардын жакындары эле иштетет экен. Өнүктүрүү фондуна келип жаткан акчанын кайда, кантип короп жатканы тууралуу ачык-айкын отчет жок. Фондго түшкөн акчанын көбү райондук башкармалыктын жеке өзүнүн же туугандарынын чөнтөгүнө кетип, элге пайдасы тийбегенин көрдүк. Ушундан улам жарандык активисттер биригип, кол топтоп “Центеррага” каршы аракет кылышууда. Кыргызстандан айырмаланып, Монголияда жарандык коом ынтымакта иш алып барганына күбө болдук. Ал жакта жашаган элдин көйгөйү биздин Барскоон сыяктуу Кумтөргө жакын айылдардыкына окшош, экологиялык көйгөйлөрү арбын, малы тубаса кемтик менен туулуп, элдин саламаттыгы кескин начарлап кетиптир.

"Азаттык": Калия Сартбаевна, сиз да Монголиядагы абалды көрүп келген экенсиз. Ал жакта да биздегидей маалыматты жаап-жашыруу иши бар экен. Маалымат тартыштыгы учурунда сиздердин уюм кантип булактарды таап, маселени изилдешти?

Калия Молдогазиева: Монголияда аябай көп кендерди иштетип жатышат да. Бирок бир жагынан алар өнүктүрүү фонддорун уюштуруп коюптур. Ал ар бир атуулга кен казуудан түшкөн киреше эсебинен ай сайын 17 доллар берип турат экен. Бирок суу маселеси чынында эле кыйын. Аларга караганда биздин суу ресурстарыбыз көбүрөөк. Албетте суу запастарыбыз көп болгону менен алардын жанында кен иштетсек булганып, экология бузулат да. Жакында эле мен бир эл аралык конференцияга барып келдим. Монголияда азыр электрондук очтеттуулукту киригизип жатышыптыр. Башкача айтканда, бул отчеттордо кен иштеткен чет элдик компания, жергиликтүү бийлик жана элдин үлүшү канча, чыгаша, кирешелери бардык каржылык маселелери камтылып, ар бир атуул окуй алгыдай болот экен. Ушул артыкчылыгын байкай алдым

“Азаттык”: Монголияда эл аралык кендерге байланышкан электрондук отчеттоо системасы жаңы кириптир. Ушул системаны жарандык активисттер кол топтоо же каршы чыгуу сыяктуу иш-аракеттеринде кантип колдонот экен?

Рыскелди Сатке жана "Центерранын" ишмердүүлүгүн изилдеген Bank Watch эларалык уюмунун өкүлү Калия Молдогазиева менен маекти бул жерден угуңуз.

Рыскелди Сатке монгол студенттери менен жолугуу учурунда.

Рыскелди Сатке монгол студенттери менен жолугуу учурунда.

Рыскелди Сатке: Мен монгол элинин мындай отчетторго таянганын байкай албадым. Себеби, ал жакка барганда Улан-Батордо башканы, Гатсуурт сыяктуу кендин жанында жашаган малчы же жөнөкөй үй-бүлөнүн өкүлү башканы айтат. Кудум эле биздегидей, Бишкекте бир нерсени айтышып, Барскоон же Сарууга барганда башка окуяны көрүп жатпайбызбы. Биздегидей дал келбестик, пикир ажырымы Монголияда да бар.

"Азаттык": Эл аралык уюмдар же монголдордун жергиликтүү бийлиги кен иштетүүнүн айынан элдин жабыркап жаткан саламаттыгы боюнча изилдөөлөрдү, байкоолорду жүргүзөт бекен?

Рыскелди Сатке: Негизинен эле монгол элин нааразы кылган чатак маселелердин башында ден соолук жана бузулган экология турат. Менин билишимче, эл аралык Bank Watch уюму 2011-жылы Кумтөрдүн айланасында изилдөө жүргүздү. Анан таза суу менен камсыз болбогон Ысык-Көлдүн кенге жакын айылдарында балдар же кишилер арыктан суу ичсе саламаттыгы начарлап, ар кандай жугуштуу оорулар чыкканы байкалган. Ушундай эле акыбал Монголияда да бар. Себеби, “Центерра” иштеткен аймактарда инфраструктура керектүү деңгээлде жолго коюлган эмес.

“Азаттык”: Калия Сартбаева, Кумтөрдүн айланасындагы элдин жашоосун көп жылдан бери изилдеп, байкап жүрөсүз. Анан азыркы тапта жергиликтүү калктын ден соолугундагы башкы көйгөйлөрдү санап бере аласызбы? Ушул багытта эмне иш жүрүп жатат?

Калия Молдогазиева: Мен 2001-жылы, цианид кырсыгы болгондон эки жыл өтпөй ошол жактагы элдин, ичүүчү суунун курамын изилдеп, орус тилинде китепче чыгарган элем. Андан бери көп эле жыл өтүп кетти. Барскоон жана Саруудагы эл менен байланышыбыз бар. Бирок элдин эмне менен ооруп жатканы, ден соолугуна байланыштуу мындай атайын кеӊири изилдөө боло элек. Биз негизи кен иштеткен компаниянын жергиликтүү элдин жашоосуна түзгөн шарттарын, калктын иш менен камсыз болуусу сыяктуу маселелерди карап келебиз. Албетте, кен иштеткен компаниялар Барскоон же ага жакын айылдардагы таза суу маселесин, кайра калыбына келтирүү иштерин аткарса жакшы болмок. Өнүктүрүү фонддору жакшы иштесе, ушул убакка чейин Ысык-Көл, Нарын өрөөнү гүлдөп өнүкмөк, бизде андай болбой жатпайбы.

"Азаттык": Сиздин Монголиядагы “Центерранын” ишмердүүлүгү боюнча макалаңыз The Diplomat аналитикалык журналына чыгып, эл аралык коомчулуктун, анын ичинде канадалык, жапониялык кенчи компания өкүлдөрү тарабынан талкууланып жатат. Ушул макала чыккандан кийин биздин бийлик органдары же Жогорку Кеңештеги Кумтөр маселесин карагандар сизге кайрылдыбы?

Рыскелди Сатке: Жок, азыркыга чейин бийлик өкүлдөрү же кыргызстандык жарандык коомдон бир да адам кызыгып сурай элек. Макала англис тилинде болгондон улам эч ким кызыккан жокпу деп ойлоп жатам. Бирок Кыргызстанда азырынча бир да бийлик өкүлү же жөнөкөй жаран мага бул багытта маалымат сурап кайрылбады.

"Азаттык": Келип, маек куруп бергениңиздерге чоң рахмат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG